3D ПАНЕЛЬ, ВЕНЕЦИАНКА... КУРУЛУШТА ЭМНЕЛЕР ТРЕНДДЕ?

Мода жыл сайын өзгөрөт, жаңыланат, кайталанат. Курулуш тармагы да мындан артта калбай улам жаңычылдык кирип, үйдү оңдоп-түзөөдө жаңы курулуш каражаттарды сунуштап келет. Быйылкы жылы кайсы каражаттар актуалдуу болуп жатканы тууралуу инженер-куруучу Адилет Замирбеков айтып берет.


ҮЙДҮН ИЧИН ЖАСАЛГАЛОО
Туш кагаз, суюк туш кагаз, 3D туш кагаз. Эми дубалды туш кагаздардан тышкары кооздоо үчүн 3D панелдер сунушталууда.

3D ПАНЕЛЬ
3D ПАНЕЛЬ
– ар кандай формада (төрт бурчтук, тик бурчтук), сүрөтү сыртка чыгып турган же тескерисинче ичине оюк болуп кирип турган декоративдик курулуш материалы.

ТҮРЛӨРҮ – жыгач, айнек, пластмасса, бамбук, алюминий, гипстен жасалган түрлөрү бар. Кыргызстанда гипстен жасалган 3D панелдер актуалдуу болууда.

СТАНДАРТТЫК КӨЛӨМҮ – 60х60 сантиметр (мындан чоңун же кичинесин тапса болот)

БААСЫ – 1 чарчы метри 1000-1500 сом

+ АРТЫКЧЫЛЫГЫ

  • Өрткө туруктуу
  • Экологиялык жактан таза
  • Көлөмү чоң болгондуктан иш процесси тез жүрөт, жана бетин жылмалоо иштерине убакыт коробойт
  • Жарака, оюктарды жабууга жардам берет
  • Бөлмөнү жылуу кармайт
  • Үн өткөрбөө касиетине ээ


- КЕМЧИЛИГИ

  • Нымга туруксуз, андыктан ванна, ашканага орнотууга болбойт
  • Баасы кымбат
  • Бышык эмес


ВЕНЕЦИАНКА

Венеция шыбагы – жылмакай мраморду элестеткен декоративдик шыбак.
Курамы – мрамор чаңы, суу эмульсиясы, акиташтан турат. Мрамордон сырткары гранит, кварц, оникс, малахит да колдонулат.
Түрлөрү – жылмакай (глянцевый) жана жылтырабаган (матовый) түрү бар.
БААСЫ – 1 чарчы метри 500-1000 сомго чейин

+ АРТЫКЧЫЛЫГЫ

  • Өзгөчө визуалдык эффект, кооздук тартуулайт
  • Экологиялык жактан таза
  • Көп жыл кызмат кылат
  • Өрткө туруктуу
  • Нымга туруктуу, бетин жууп турууга болот


- КЕМЧИЛИГИ

  • Баасы кымбат
  • Көп каражат сарпталат, анткени 3-4 катмар шыбоо керек


ҮЙДҮН СЫРТЫН ЖАСАЛГАЛОО

Фасад панелдери
Фасад – үйдүн “сырткы кийими”. Таштан жасалган фасаддар үйдүн сыртын кооздоодо актуалдуулугун жоготпой келет. Табигый гранит, мрамор, кум-таш, травертин таштары менен катар Кыргызстанда учурда Жалал-Абад жергесинен алынган курулушта сары-таш аты менен белгилүү акиташ-үлүл кабыгы ташы кеңири колдонулууда. Бирок табигый таштарды ар бир адам эле колдоно албайт, атайын адистердин жардамы керек. Ал эми фасаддык таш панелдер колдонууга жеңил жана баасы да чөнтөктү какпайт.

Таш панели
Табигый таштарга альтернатива болуп берген фасаддык таш панелинин курамында чайыр, айнек буласы, табигый таштардын майдаланган упасы жана полимерлер, пластик, пенополистирол жана башкалар бар.
Баасы – 1 чарчы метри 1000-1200 сом
Көлөмү – каалагандай формада тапсаңыз болот


+ АРТЫКЧЫЛЫГЫ

  • Жылуулукту жакшы кармайт
  • Суук, ысык аба ырайына туруктуу
  • Экологиялык жактан таза
  • Дат баспайт
  • Жарактан чыккан плитканы алмаштыруу оңой
  • Өрткө туруктуу
  • Көпкө кызмат кылат


- КЕМЧИЛИГИ

  • Сапаты начарын алсаңыз, бат иштен чыгып алмаштырууга туура келет
  • Фасаддык панель орнотуу боюнча тажрыйбаңыз жок болсо, материалга кошумча орнотуу иштери кымбатка түшүп калышы мүмкүн


Керамогранит тактасы
Керамогранит тактанын курамына чопо, кварц жана башка минералдар кошулат.
Баасы – 1 чарчы метри 1500-2000 сом
Көлөмү – каалаган формада тапсаңыз болот

+ АРТЫКЧЫЛЫГЫ

  • Көп убакытка кызмат кылат
  • Ысык-суук аба ырайына чыдамдуу
  • Нымдуулукка туруктуу
  • Өрткө туруктуу
  • Сынып калганын алмаштырууга болот


- КЕМЧИЛИГИ

  • Кышкысын суук, жайкысын ысык өткөрөт
  • Үн өткөрөт
  • Баасы кымбат


Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Nevestkaa
2018-03-27 10:24:50
Биз эмес биздин неберелерибиз колдонуп калышса кк мындай курулуш каражаттарын.
-1
Pandora
2018-03-27 12:37:48
Бар эле болсо,баардыкттуру жакшы.Жок жле жаманда.
0
souza.j
2018-03-27 15:24:17
эхх мен там салып жатат элем , кана эми илибойун коеёт элем
0
modem4999
2018-03-27 16:21:49
Фото обои , жидкие обои жонундо маалымытынар жокпу, супер инфо?
+1
admin_media
2018-03-27 16:45:33
modem4999,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
0
bibi87
2018-03-27 19:25:52
Супер инфо, тез курулуучу уйлор жонундо жазыныздарчы, фирмалар жонундо
0
admin_media
2018-03-28 09:53:20
bibi87,
Саламатсызбы! Шилтеме:
http://www.super.kg/article/show/22505
http://www.super.kg/article/show/40957
0
rusalka
2018-03-28 09:08:23
Биз венецианканын фанаттарыбыз, ошондуктан дээрлик бардык болмобузго венецианканын турлорун колдонуп келебиз.Чындыгында эн мыкты нерсе экен,ото сапаттуу,сыйрылбайт,тушуп калбайт,ото кооз жана оригиналдуу корунот. Отражение берип турат. Потолокторубузга да колдондук, натяжнойго караганда эн мыкты.Жидкие обои тууралуу сураптырсыздар,азыр кобу колдонуп келет,бирок аны сунуштабайт элем,колдонуп кордук, сыйрылат экен,кирдегенде жууй албайт экенсиз. Болмонун ичине венецианка колдонууга чакырам!
-2
pero123
2018-03-28 17:38:01
фотолорун кошо чыгарсаңар болмок
0
Turadi
2018-03-28 23:13:17
Суюк обой жонундо кенен маалымат болсо жакшы болмок. Мисалы актын сыртына жабышабы?
0
BarsBaatyr
2018-03-30 23:11:53
Саламатсыздарбы!Сендвич панелдер тууралуу материал жазгылачы.Кыргызстандан тапса болобу?Бааларын дагы
0
№ 803, 23-март -29-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан