АТАСЫНЫН КЫЗЫ

“Ата даңкы, эне баркы балага дем” деген сөз бар биздин элде. Чын эле таалим-тарбия берип, саамайынан сылаган ата-эненин мээрими балага дем берет эмеспи. Анан да ата-эне үчүн баласы тың чыкса, сыймык экени талашсыз. Биздин рубрикабыздагы аталар кыздары жөнүндө, кыздар аталары тууралуу сыймыктануу менен айтып беришти.

Курмангазы Азыкбаев, музыкант:
– Кызымдан өзүмдү көрөм. Анткени мен да музыка менен жашаган адаммын. Мүнөзү чорт, анан өжөр. Жетем дегенине жетмейин тынчыбаган өжөрлүгү бар. Эч качан жемин жедирбейт. Алсыздар арасында күчтүү болбой, күчтүүлөр арасында жеңем дейт окшойт. Анын үстүнө жашында эле “Эне-Сай” тобун жетектеп калбадыбы. Жалаң улуу адамдар менен иштешип калгандыктан, кээде достору менен да пикири келишпей калат болуш керек. Башка кыздардай деле ойноп-күлбөйт. Кызымдын манты-оромосун мактап жейм.
Биздин үй өзүнчө эле консерватория. Уулум экөөбүз аспаптарда ойноп жатсак, Нурайым "илхам келди" деп комузду же кыл кыякты бизден талашып калат. Кызыма күйөө болчу жигит музыканы түшүнгөн болсо деп тилейм. Анткени юрист же экономистке берип алып кызымды капастагы чымчыктай кылгым келбейт. Ал эркин болушу керек.

Нурайым Азыкбаева, музыкант:
– Атам менин сынчым, кеңешчим, устатым. Адатта кыз апасына жакын болот да. А мен атама жакынмын. Мүмкүн бул нерсе экөөбүз тең музыканы сүйгөндүктөн болсо керек. Атам үйдө катуу, жумушта кесиптештей. Кесиптештей дегеним, кээде мага кулак түрүп калат. Ар кандай кечелерге, туулган күндөргө бир жылда бир эле жолу жибербесе, жибербейт деле. Ошондуктан досторум мени түшүнбөй “сен жылдыз болуп кеттиң” деп таарынышат. Атам катуу кармаганы менен, мээримин да төгө билет. Майрамдарда таң эрте чыгып кетет. Анан апам экөөбүзгө гүл, белек-бечкегин көтөрүп кирип келет. Атам мени эч качан мактабайт. Кээде гана "азаматсың" дейт. Ошондо атамдын көңүлүнө жаккан жумуш кылганымды байкап, курсант болом. Эртең менен туруп эле музыкалык аспаптарын кармап калат. Анан мени “уйкучу болбо, тур, эмгектен” деп айтат.

Токтор Бекбоев, куудул:
– Бегимай 24 жашымда көргөн тун кызым. Апасына караганда мага жакын. Бирөөгө боору ооруганы, жароокерлиги, тамашадан тарс эттире айтканы – менин көчүрмөм. Кичине кезинен бери эле биз менен кошо гастролдоп жүрөт. Кээде “ата, мындай кылыңыз” деп мени башкарып да кеткенин кантейин.
Өткөндө Бегимай, апасы, мен болуп Ошко баратабыз. Бир маалда эле Бегимай жашынып жата калды. "Эй, эмне, МАИчини көрдүңбү?" десем, бир аздан кийин туруп “жок, ата, карасам кафенин жанынан өтүп баратыптырбыз, дагы кирип тамактанам десем урушат элеңиз да” деп күлдүрүп жатпайбы. Айтор, кызым бой жетсе деле бизге бала көрүнөт. Ананайын деп алкап жүрөм, эркемди.

Бегимай Бекбоева, ырчы:
– Апама айтпаган сырды атам менен бөлүшөм. Качан болбосун “алдыңа кетейин кара кызым” деп үйрүлүп түшөт. Менден кийин сиңдим бар. Эркек бир тууганым жоктугун билдирбей дайыма жанында жүргөнгө аракет кылам. Атам ага деле кейибейт. Бирок өзүнчө көп ойлонот. Ошол сапаты мага жакпайт.
Абдан тамашакөй. Бир жолу Нарындагы бир көпүрөдөн өтүп баратканбыз. Бир убакта эле апам “ай, Токтош, токтот машинаны, мен түшүп калайын” деди. Атам болсо тамашалап “ий, жаның ширин окшойт”десе, апам “жок, мен салмактуумун да. Алдагы көпүрө көтөрө албайт го” деп жүрөт. Көрсө, апам байкуш бизди ойлоптур. Атам экөөбүзгө табылбай эле калды, жеткиче апамды тамашага салып бардык. Биздин ар бир күнүбүздү ушундай күлкү коштойт.

Жусун Карбосов, инженер:
– Фарида кичинесинен эле эрке. Азыр деле эркелиги кала элек. Эркек мүнөз, болгонду болгондой бетке айтып салмайы бар. Ошондуктан мен аны эркек кызым дейм. Байкелерине гана эмес, баарыбызга кеңеш айтып, башкарганды да билет. Кичинесинде тентек болчу. Азыр эми токтолуп калбадыбы. Анан да Фаридамды ырчы болот деп ойлогон эмесмин. Бир нерсени жасаганга жөндөмү күч болчу, ошондуктан мени тартып инженер болот го деп жүргөм. "Ырчы болом" дегенде аябай эле каршы чыктым. Анда энеси ортого түшүп, "таланты бар болсо көрсөтсүн, тим кой" деп калды. Кызымдын ырдаганын угуп алып ошондо каршы болбой туура кылган экенмин деп отурам.

Фарида Карбосова, ырчы:
– Кыздарынын кичүүсү болгондуктан, атама эркелеп өстүм. Атамдын мүнөзү берешен, ак көңүл. Кээде эле катуу кыйкырып алып кайра урушканына капа болуп калганын байкайм. Мени "Баку, Бакутайым" деп эркелетет. Менден улуу байкелерим жоош да, ошондуктан кээде атам “ушул силердин ордуңарга Баку уул болуп калбаптыр. Ушул кызым уул болгондо торгой уруубуздун кыйын чыкмасы болмок” деп алардын намысына тийгенин угуп калам. Кичинемде жеткен тентек болчумун. Бир кызды сабап салсам, апасы келиптир, “кызыңды кой деп койбойсуңбу” деп. Ошондо атам жини менен мени жаакка чаап жиберген. Ошону такыр унута албайм.
Атам жакында эле кыйытып мени "турмушка чыкпайсыңбы?" дегендей кылды. Кыязы, небере жыттагысы келип жатат окшойт. Буюрса, ата-энемди күйөө балалуу кыла турган күн алыс эместир.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Айчурок
2010-06-07 13:25:45
нурайым деген ат мага абдан жагат и ошол ысымга татыктуу, талантту кыз экен азамат
0
zarya
2010-11-16 00:17:57
ehh men da atamdin jakshi korgon erke kizi elem, okup alip ichim kuip oturat.
0
№ 396, 4-10-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан