ЖАТЫНЫМ ТҮШӨ БЕРЕТ, ОПЕРАЦИЯ КЕРЕКПИ?

Окурмандарыбыздан гинекологиялык жаатта келген суроолорго КММАнын медициналык борборунун гинеколог врачы Нургазы Жанузаков жооп берет.

– Менин жатыным түшмө болуп калган. Өзгөчө басканда, иш кылганда абдан кыйналып кетем, ооруйт. Дааратканага да бат-бат барам. Мындай болгондо жатынды операция жолу менен алып салышат деп уктум. Айыктыруунун операциясыз башка жолдору барбы?

Светлана, 61 жашта, Ош

– Жатын түшмө болуп калганда дарылоонун жолдору бар. Мисалы, дарылык көнүгүүлөр, атайын бандажды колдонуу, пессарий салдыруу (резина же силикон шакекче, бул жатынды сыртка чыгарбай кармап турат. Аны убагы менен алдырып, жатынды эс алдырып кайра салдырып турушат). Эгер аталган ыкмалар жардам бербесе, анда хирургиялык ыкма колдонулат. Эгер врач текшерүүнүн жыйынтыгында операцияны сунуштаса, анда макул болуу керек.


СПИРАЛДЫ КАЧАН САЛДЫРСАМ БОЛОТ?
– Мен жакында эле (1 ай боло элек) жатын моюнчасында эрозия бар дешкенинен лазер менен күйгүздүргөм. Эми спираль салдырсам болобу? Негизи эрозияны күйгүзгөндөн кийин спиралды канча убактан соң салдыруу керек?

Дария, 31 жашта, Бишкек

– Эрозияны күйгүздүргөндөн кийин спираль жатын моюнчасынын былжыры толук калыпка келгенде гана салынат. Калыпка келүү мөөнөтү болсо эрозиянын жеңил же оор деңгээлине жараша болот. Андыктан салуу мөөнөтүн сизди караган врач аныктайт.


МОЛОЧНИЦАДАН АЙЫКПАЙ ЖАТАМ
– Саламатсызбы? Мен молочницадан азап тартып жатам, кантип дарылансам болот? 2 ай мурун эле шаарга барып көрүнүп, дарылангам. Кайра кармап жатат.

Жамиля, 36 жашта, Каракол

– Кандидоз (молочница) оорусун кандида бактериялары козгойт. Аялдар да эркектер да ооруйт. Андыктан бул оорудан кутулуш үчүн күйөөңүз менен бир убакта дарыланууңуз керек. Сиз дарыланганыңыз менен, күйөөңүз дарыланбаса андан сизге кайра жуга берет. Аталган оору иммунитет алсызданганда да пайда болот. Терапевтке көрүнүп койсоңуз ашыкча болбойт.


ООРУЛУУ БӨЙРӨК МЕНЕН ТӨРӨЙ АЛАМБЫ?
– Мага 2 жыл мурун врач өнөкөт пиелонефрит деген диагноз коюп, дарыларды жазып берген. Мен дарылангам. Эми болсо балалуу болууну пландап жатабыз. Бирок боюмда болуп калса аталган оорум козголуп, балага коркунуч келбейби деп кооптонуп жатам. Эмне кылышым керек?

Азеля, 27 жашта, Бишкек

– Кош бойлуу кезде дартыңыздын козголорун, балага коркунуч келерин же келбестигин так айтуу мүмкүн эмес. Бул дартыңыздын оор же жеңил экендигинен, кош бойлуу кезде өзүңүздү кароодон, тамактануудан жана башкалардан көз каранды. Андыктан алгач гинеколог жана нефролог менен кеңешүү, алар уруксат берсе анан балалуу болууну пландоо керек. Кош бойлуу кезде алардын көзөмөлүндө болуп, алардын айтканын аткарыңыз.


АБОРТТОН КИЙИН ГОРМОНАЛДЫК КАРАЖАТТЫ ИЧҮҮГӨ БОЛБОЙБУ?
– Менин боюмдагы бала өспөй калып аборт жасашты (сыягы, бул менин катуу грипп болуп ооруганымдан болду окшойт). Анан 6 айга чейин сактанып, бойдо болтурбоо керек деп эскертишти. Эмне кылып сактанам? Тааныштардан гормоналдык бойго бүтүрбөөчү каражаттар болбойт деп уктум.

Гүлжан, 32 жашта, Ош

– Туура, сизге 6 ай бойго болтурбай сактануу керек. Ал эми тааныштарыңыздын айтканы туура эмес. Гормоналдык каражаттарды коркпой ичсеңиз болот, бирок анын кайсы түрүн ичүүнү гинеколог менен кеңешүүңүз зарыл.


«ПАПИЛЛОМАНЫ КАНТИП ДАРЫЛОО КЕРЕК?»
– Жыныстык мүчөмдө сөөл өңдүү нерселер өсүп кеткенинен текшерилсем, «папиллома» дешти. Аны алдырганга каражатым жок болуп жатат. Аны алдырбаса эмне болот? Папиллома эмнеден келип чыгат?

Гүлира, 36 жашта, Токмок

– Папиллома вирусу жугуштуу вирус. Ал сөөл, папиллома, жана учу учтуу кондилома түрүндө териде жана былжыр челде пайда болот. Вирус жыныстык жана контакттык жол (учурашуу, өбүшүү, кучакташып жатуу жана башка) аркылуу жугат.
Вирус кээ бир гинекологиялык ооруларды (өнөкөт цервицит, жыныс кынынын жана жатындын моюнчасынын дисплазиясы) күчөтөт. Папилломаны операциялык жол менен алдырып салууга болот. Ошондой эле дарылоодо химиялык жана өсүмдүктөрдөн жасалган свечалар (суппозиторий) колдонулат. Эгер папилломаны жок кылбаса акырындап отуруп өмүргө коркунуч келтириши мүмкүн. Вирустун күчөп кетишин жыныстык жашоого эрте аралашуу, жыныстык өнөктөштү бат-баттан алмаштыруу, аборт, гинекологиялык оорулар, авитаминоз, тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ичүү, стресс, бойго бүтүрбөөчү каражаттарды көп ичүү шарттайт.


Эч кимге ооз барып айта албаган, олуттуу жоопту талап кылган, ден соолук жаатындагы жүрөк өйүгөн суроолоруңуз болсо, бизге, 0557 75 63 19 WhatsApp номерине же kenesh@super.kg электрондук дарегине кат жазыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кызматкерлеринен жооп алып беребиз.


Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Talaschanka
2018-03-27 09:25:16
Врач менен кантип байланышсам болот?
0
admin_media
2018-03-27 09:47:52
Talaschanka,
Саламатсызбы! Гинеколог врач Нургазы Жанузаков,
КГМАнын медициналык борборунда эмгектенет.
0
aliya-leyla
2018-03-27 17:38:52
Супер. Мен да суроо жоноткон элем гинекологго кошуп койсонор жакшы болот эле
0
Zinazima
2018-03-27 19:53:39
Админ бул номер таанышуу бурчуна смс жиберилге ватсаптан чыкпайт дейт ко
0
admin_media
2018-03-28 09:51:22
Zinazima,
Саламатсызбы! Көрсөтүлгөн номерге же электрондук дарекке жибере берсеңиз каралат.
-4
airada
2018-03-30 11:41:12
Кандиломаны айыктырбаса омурго коркунуч туудурат дейт го.
0
yazem
2018-03-30 21:16:28
жатын түшкөндө бир гана операция жакшы экен. Бир жолу кутуласын.
+1
jumaev0084
2018-04-01 03:41:44
yazem,жатыны жок болуп кутуласынарбы
0
nazgul90
2018-04-01 12:45:55
Кантип гиниколог мн байланышса болот
0
№ 803, 23-март -29-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан