БААРЫ ЭШИГИН ЖААП... АУТИСТТЕР ЭМНЕГЕ ЖАЛГЫЗДЫККА ДУУШАР БОЛУШАТ?

Кичинекей Арсланды (ысым ойдон чыгарылган) апасы мектептен чыгарып алууга аргасыз болду. Эми алар бул мектепке кайтып барышпайт. Себеби Арсландын классташтарынын ата-энелери «Арслан кетсин, болбосо биздин балдар кетет» деп директорго талап коюшкан. Директор болсо ата-энелер комитетине каршы чыкпоону чечкен.

МЕКТЕПТЕРГЕ БАТПАЙ...
Баары Арсландын кокусунан классташ кызын таарынтып алганынан башталды. Кийинки күнү ал кыздын ата-энеси мектепке келип Арслан атайылап алардын кызын түртүп салды деп ызы-чуу салган. Баланы мектептен чыгарып салуу үчүн бардыгы ушул учурду эле күтүп тургандай, андан ары ырбап кетти...
Арслан өзгөчө бала, ага жеңил даражадагы аутизм деген диагноз коюшкан. АКШ жана Европада мындай диагноз коркунучтуу эмес. Мындай балдарга башкаларга караганда бир аз гана көбүрөөк көңүл бурулат, андан ары өздөрү эле кадимки мектепте, университетте эркин окуп кете алышат.
Кыргызстанда болсо мамлекеттик мектеп Арсландан ошол замат эле баш тартты. Айла жок аны жеке мектепке берүүгө туура келген. Ал жакта балдар жаңы окуучуга жакшы мамиле кылып жатышкан, бирок Арсландын өзгөчөлүгү тууралуу окуучулардын ата-энелери билип калды.
Ата-энелер ошол замат эле балдарына кайсы классташы менен достошууга болбойт экендигин айтып, балдар Арсландан четтей башташты. Ал тургай андан коркуп да калышты. Мына, Арсландын апасы уулун бул мектептен да алып кетүүгө аргасыз болду.
Бардык аракеттер текке кетти: жүрүм-турумдук талдоо методикасы боюнча бир нече жыл өтүлгөн сабактар, аутисттер үчүн эксперименталдык класста окуган 1 жыл. Арслан бул сабактарды мыкты окуп, мектеп программасын жакшы өздөштүргөн эле.
Бул майыптыгы бар балдарга карата кыргызстандыктардын мамилеси боюнча бир гана окуя, иш жүзүндө мындайлар миңдеп саналат. Башка өлкөлөрдө алар кадимки жарандар сыяктуу чоңоюшмак, а бизде болсо төрөлгөндөн баштап жалгыздыкка дуушар болушат.

СҮРӨТЧҮЛӨР КӨП ЧЫГАТ
Аутизмге кабылган балдардан таланттуу сүрөтчүлөр чыккан учурлар аз эмес. Далил катары Бишкекте жайгашкан «Колдогу кол» («Рука в руке») коомдук бирикмесиндеги сүрөт боюнча сабактарды алса болот. Тайпадагы балдар окутуучуну угуп, сүрөт тартканды үйрөнүп алышканы чоң жетишкендик.
Балдардын көпчүлүгү педагог жана ата-энелердин жардамынан толугу менен баш тартышкан. Өздөрүнчө иштегенге аракет кылып, доскадагы сүрөттү эмес, кыялдарындагы сүрөттү тарткысы келишет. Эң башкысы, балдар сабактан ырахат алып, мугалиминин сабырдуулугунун жана боорукердигинин аркасында кичинекей шедеврлерди жаратышууда.

ӨГӨЙЛӨБӨЙЛҮ!
Аутизм көйгөйү тууралуу маалыматты жайылтуунун бүткүл дүйнөлүк күнү мындан 10 жыл мурун БУУнун башкы ассамблеясы тарабынан бекитилип, ар жылы 2-апрелде белгиленип келет. «Колдогу кол» коомдук бирикмеси бир нече жылдан бери «Сорос-Кыргызстан» фондунун өнөктөштүгү астында аутизм менен ооруган балдарды коомго кошуу боюнча иш алып барууда. Себеби мындай балдарды бала бакчаларга, мектептерге алышпайт, алар оюн аянтчалары, кафе, кинотеатр сыяктуу коомдук жайларга кире алышпайт. Биз бул макала аркылуу эл аутизм тууралуу билип, аутисттерди башкалардан бөлбөйт, башкача карабайт же айланып өтпөйт, тескерисинче, жардам берүүгө аракет кылат же жөн гана тааныштарына айтат деп үмүт кылабыз.

АУТИЗМ ТУУРАЛУУ
Аутизм – бул бузулуу спектри, мында бала башкача өнүгөт. Аутист балдарда башка адамдар менен мамиле, байланыш кылууда кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Эгерде ата-энеси баласынын түнт болуп, мамиле кылуудан качып же кандайдыр бир кыймылды кайталай бергенин байкаса аутизм менен алектенген психолог же неврологго кайрылуулары керек. Бул адистер гана так диагноз коё алышат.
Эл аралык маалыматтарга караганда (CDD, 2014-2015-жылдар), бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча ар бир 68 баланын бирине аутизм диагнозу коюлуп жатат. Аутисттик спектрдин бузулушунун так себеби дале белгисиз. Бирок бузулуунун генетикалык жаратылышы аныкталган, мындайча айтканда, аутизм менен төрөлүшөт, ал сырткы таасирлерден улам жаралбайт.

Эгерде сиз балаңыздан төмөнкү белгилерди байкасаңыз дарыгерге кайрылууну кечиктирбеңиз:

• бала өзүнчө четтеп, апасын этибарга албаса;

• атынан чакырганда жооп кайтарбаса;

• оюнчуктар менен өз багытында ойноону билбесе;

• башка балдар менен ойнобосо;

• балада туталануу, агрессия пайда болсо;

• бала көзгө тике карабаса;

• бала биринчи сөздү сүйлөп, бирок сүйлөөсү токтоп калса;

• сүйлөбөсө, жаңдоону колдонбосо;

• бутунун учу менен басса;

• катуу үндөрдөн корксо;

• бир эле сөздү кайталай берсе.

Чолпон Узакбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Gukush8993
2018-03-27 11:18:08
Эмнеге Арслан башка ысым тапсанар болбойт беле
-7
ulua
2018-03-27 17:50:53
Аутист балдар периштелер,аларды огойлоого болбойт, эртен кантип озунордун баланар,неберенер болуп калганын байкабай каласынар!!!Азыр катуу тездик мн жайылып баратат, балдарга озгочо мектеп ачыштары керек!
+2
aimai
2018-03-27 22:38:48
Kirgizstanga ushul baldarga ilaiyik sadik ozuncho,mektep achisa bolmok Evropaga okshop
0
Zaina
2018-03-28 00:43:01
aimai,Европада аларды болбой бир бакчага, мектепке барышат. Алар башка балдарга кошулуп журуп алардын манераларын уйронот. Америкада женил туру Аспергер деп аталат. Ошон учун буларды болбош керек.
+1
Floweriza
2018-03-30 15:18:58
Кантип дарыласак болот азырга чейин лечение алып келебиз быйыл декабрда 10жашка толот иним мектепте окубайт кабыл алган эмес озунор карагыла деген озубуз карап келебиз апам байкуш эле кыйналды билгендер жазып койгулачы эч айлабыз калбады корунбогон врачыбыз молдо табыптар калбады акыркы убактарда умутубуз деле узулуп баратат
+2
ROUSE
2018-03-30 22:29:01
Floweriza, дефектолог, психолог, социологдор баланы коррекциялашат, озгочо диета себеби аутизм бар балдардын ички органдары начар (мисалы сут менен нан жегенге болбойт кээ бирлерине) жана медикаменттер.
Мумкунчулук болсо Алмата шаарындагы "Асыл Мирас" центр аутизмага алып барсаныздарчы? Бекер жардам корсотушот.
+1
Bayaz
2018-04-01 01:37:28
ROUSE, саламатсызбы !!!Асыл мирас фонду кандай бекер жардам корсотот , айтып бере аласызбы , алжакта баланы окуттуу ,кымбат болсо керек, бир аз малымат билсениз болушуп кете аласызбы,
0
maks1980bishkek
2018-04-01 13:39:39
ROUSE,асыл мирас жөнүндө айта кетсеңиз сураныс
0
Bayaz
2018-04-01 01:40:40
Floweriza, Бишкекте центр рука в руке деген бар жалан аутизм балдарменен иштейт ,ошол жака кайрылып корунуз ,балдарды окутушат.
0
maks1980bishkek
2018-04-01 13:37:49
Floweriza,купуяңызга кат жөнөттүм.мектеби бар бишеекте
0
zamir_kgz
2018-04-02 21:11:03
Floweriza,менимче дрожж кошулган нан азыктардын таасири болсо керек.
0
Floweriza
2018-04-01 08:20:56
Рахмат ROUSE,Bayaz Алматыдагы центр жонундо маалымат берип кое аласызбы
0
Floweriza
2018-04-01 08:27:17
Админ сиздерден сураныч аутизм дарылаган центрлер жонундо маалымат берип коюнуздарчы
0
№ 803, 23-март -29-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан