КЫЛМЫШ ИШИ СМСтен АЧЫЛДЫБЫ?

“Ырчы Микаэлдин өлүмүнө күнөөкөр адам табылды” деген кабар коомчулукту бир дүрбөтүп алды. Бул жаңылыкка улай эле шектүү деген жигиттин жакындары да өз пикирлерин айтышып, басма сөз жыйынын өткөрүштү. Биз эки тараптын тең сөзүн угуп, элге жарыялоону туура таптык.

ЭСИҢИЗДЕ БОЛСО...
2010-жылдын 31-мартында болжол менен саат 18-19дар чамасында Микаэль киши колдуу, тагыраак айтканда, 22 жолу бычак сайылып өлтүрүлгөн эле. Кошуналарынын айтуусунда, Микаэлдин жардам сурап кыйкырган үнү угулган. Ал эми каргашалуу окуя болгон жерге баргандар подъезддин ичи кан экендигин, бирок маркумдун денеси үйдө жатканын айтышкан. Мындай мыкаачылык кимдин колунан келди? Бул суроо эки ай бою көпчүлүктү түйшөлттү.
24-май күнү бул кылмышка шектүү деп Турусбеков Эркин аттуу жигит кармалган. Эркин Микаэлдин жакын досу экен. Шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Зарылбек Ырсалиевдин айтуусунда, Эркинди шектүү деп кармаганга жетиштүү далилдер болгон. Ал бардык күнөөсүн моюнуна алып, кылмыш кандай болгонун айтып берген. Маалыматтар боюнча, Микаэлдин чөнтөк телефонундагы Эркинден келген СМС-билдирүүлөр бул ишти ачууга өбөлгө болгон. Эки достун урушуп кетишкени тууралуу маалымат бар.
Жабырлануучу тараптын укугун коргогон Жылдыз Теишева журналисттерге: “Эгерде Турусбеков күнөөсүз болсо, эшикти ачканын, жапканын, чөнтөк телефонду таштанды салуучу челекке ыргытканын кантип айтып бермек эле? Анын күнөөлүү экенин СМС-билдирүүлөр да күбөлөп турат”,- деп билдирген. Буга жооп катары Эркин Турусбековдун адвокаты Элнура Кудайкулова “эки күн мурун жазылган СМС-билдирүүдөн кийин Микаэль дагы 17 СМСти кабыл алган. Эмне үчүн эки күн мурунку СМС үчүн адамды күнөөлөш керек?” деген пикирин айткан. Ошондой эле кылмышка шектүү делген Эркин кыргыз журтчулугуна ысымы белгилүү Сабира Күмүшалиеванын жана Муратбек Рыскуловдун жээн небереси экени айкын болду.
Учурда бул иш тергөөдө. Сот процесси бүткөндөн кийин гана бул кылмыш иши тууралуу толук маалымат берилери анык.

ЭКИ ТАРАП ЭМНЕ ДЕЙТ?

Аида Аземова, маркум Микаэлдин эжеси:
– Микаэль менен каргашалуу күндөн бир жума мурун көрүшкөн элем. Андан кийин да телефон менен сүйлөшкөм. Маанайы аябай ачык болчу. Мындай нерсени эч кимдин башына салбасын. Ал эми кылмышка шектүү делген Эркиндин туугандары азыр көпчүлүккө ойноп жатышат деп ойлойм. Бул иш боюнча көп адам сурак берди. Жакын досторунан баштап жөнөкөй тааныштарына чейин. Бирок бири да күнөөнү моюнуна алган жок. Эмне үчүн?..
Мага эң маанилүүсү – инимдин өлүмүнө күнөөлүү адам жазасын алышы керек. Жок жерден күнөөсүз адамды күнөөлөп жаза берүүнүн бизге да кереги жок. Ушул ишти кылган адам биз көргөн күндү көрүп, ушул азапты жон териси менен сезсе дейм. Талап кыларым да, тилек кыларым да ушул. Менин оюмча, адилеттүү жаза иш жүзүнө ашат.

Нуржамал Рыскулова, Эркин Турусбековдун апасы:
– Менин уулум токтоо, оор басырыктуу. Бул иште баламдын эч кандай күнөөсү жок экенин дагы бир жолу айткым келет. 24-май күнү Свердлов районунун милиция кызматкерлери Эркинди кармап эмес, уурдап кетишкен. Анткени түштө, саат бирлерде балам мага маяк берип, мен кайра чалсам, телефону өчүп калды. Ал эч качан телефонун өчүрчү эмес. Эки күндөн соң уулумдун кайда экенин билдик. Милиция кызматкерлери Эркинди кыйнап, “моюнума алдым” деп кол койдуруп алышыптыр. Эгерде милиция кызматкерлери ак иштешсе, анда эмне үчүн бизге Эркиндин кайда экенин айтышкан жок? Эмне үчүн ага адвокаттарды киргизбей жатышты? Эркиндин өзүнүн адвокатын киргизбей, дежур адвокат менен сурак жүргүзүшүптүр. Аны сабап, зомбулук көрсөтүшкөнүн сотмедэкспертиза далилдеп берди.
Эркин менен Микаэль жакын достордон эле. Микаэлди үй-бүлөбүз менен жакшы көрчүбүз. Ага жардам берген күндөрүбүз көп эле болгон. Бизге Микаэлдин арбагы ыраазы болсо, балам аман -эсен акталып чыгат. Эне катары Микаэлдин энесин түшүнүп турам. Бирок мага эки эсе оор болуп жатат. Эркиндин ак жеринен күнөөлөнүп жатканы жанымды кейитип турат. Микаэль каза болгондон кийин 200дөй адам сурак берген. Алардын арасында Эркин да бар болчу. Эгер уулум чындап эле күнөөлүү болсо, анда башка өлкөгө качып кетпейт беле? Бул да болсо менин баламдын күнөөсүз экендигинин далили. Кудай буюрса, уулумдун сүттөй ак экендиги далилденет.

ДОСТОРУ АЙТЫШАТ...

Айпери, “Версус” тобунун бийчиси:
– Мен Микаэлди алты жылдан бери тааныйм. Албетте, анын өлүмү мага катуу тийди. Мен кылмышка шектүү деген Эркинди да тааныйм. Анын колунан бул иш келдиби же келбедиби, аны айта албайм. Бир-эки жолу жолуккан киши эмес, отуз жыл жашаган күйөөсү менен аялы да бири-бирин толук билбейт да, туурабы? Болгону, азыр тергөө иштерине эч нерсе тоскоол болбосо деп ойлоп жатам. Кандай болсо да Микаэлди өлтүргөн чыныгы кылмышкердин табылышын каалайм.

Аида Кулуева, ырчы:
– Мен Микаэлдин өлгөнүнө азыр да ишенбей кетем. Байкушум жаркылдап кирип келчүдөй сезиле берет. Акырын келип, көзүңдү жаап калмай адаты бар эле.
Күнөөлөнүп жаткан Эркин деген жигит былтыр Микаэлдин туулган күнүнө келген. Бирок мен кандай бала экенин деле элес албапмын. Ал өзү күнөөсүн мойнуна алып жаткандан кийин күнөөлүү болсо керек. Көп эле адам сурак берди. Бирок бири да “мен өлтүрдүм” деген жок да? Анын үстүнө биздин тартип сакчыларына ишенем.

Бакыт Байсариев, бийчи, шоумен:
– Микаэль каза болгондо алгачкылардан болуп мен үйүнө жетип бардым. Подъезд, тепкичтердин бардыгы кан экен. Микаэлдин денеси үйүнүн кире беришинде жатыптыр. Чындыгында, көргөн көзүмө ишенбей, нес болуп калдым. Жакында анын өлүмүнө шектүү адам кармалганын уктум. Бирок ал жигитти мен таптакыр көргөн эмесмин. Ал бала күнөөлүүбү же күнөөсүзбү, аны териштиргенге акым жок деп ойлойм. Көпчүлүк учурда акча, тааныш менен кутулуп кеткен учурлар болот. Бул жолу андай болбой, досумду өлтүргөн чыныгы кылмышкер табылып, өз жазасын алса дейм.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
milli
2010-06-07 19:21:10
I-iy ushuncha mykaachylyk menen olturgondoy Mikael emne kyldy eken? jakyn dosunun kolunan ushunday nerse kelmek bele? Emnesi bolso da ushul kylmyshty kylgan adam karmalyp, oz jazasyn alsa eken.
0
ЛИМОН
2010-06-08 03:47:05
Ким ак ким кара, аны жакында Аллахтын астына барганда баарыбыбыз билип алабыз. Ага чейин колунан келип,бизге далилдеп жаткандарды карап угуп туралычы.
0
jiya
2010-06-09 11:29:16
Mikaeldi jakyndarynan,kuiormandarynan ajyratuu kimge mynchalyk kerek boldu eken eee????
0
aziattita
2010-06-09 16:24:30
Аллах Аалим
0
sakunya
2010-06-09 19:19:31
ким олтусо дагы жашылык корбойт. байкуш микаельдин апасы-бир туугандары кандай сыздап атканын ошо мыкачыы билип атат бекен, бирого олум тилече озуно тилебейби. Жаткан жерин жайлуу болсун Микаель.
0
Shair
2010-06-10 22:48:00
балким досунун чын эле куноосу жоктур эмнеси болсо дагы чыныгы кылмышкер жазасын алыш керек
+1
Южанка
2010-06-12 09:11:24
Биздин милиция кызматкерлерине ишениш кыйын
0
Sladko
2010-09-25 06:08:32
Бирок андай дегенинер менен Микаелдин дагы куносу болсо керек да, жондон жон эле адам мынчалык мыкачылыкка барбаса керек деп ойлойм, же Микаелди коро албаган адам кылган.
+1
Nuray
2010-10-17 23:38:07
EMNE BOLDU TERGÖÖNYN AJAGY?! BIR BILDIRIP KOYSONUZDAR, A MIKAELDIN ZHATKAN ZHERI ZHAYLUU BOLSUN...
0
Aisuluuwa
2011-02-14 08:36:48
балким досунун чын эле куноосу жоктур эмнеси болсо дагы чыныгы кылмышкер жазасын алыш керек
+1
№ 396, 4-10-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан