"ХАЙП"- МЕЗГИЛДИН ТАЛАБЫНА ЖООП БЕРГЕН ТАРИФ (20, 50, 100 ГБ. түйүн ичинде бекер баарлашуу)

MegaCom’дун абоненттери «Хайп» жаңы тарифи тууралуу социалдык тармактарга, жарнамалык материалдарга расмий түрдө чыкканга чейин эле билип алышты. Абоненттердин арасында атайын кызыгуу жаратуу үчүн болгон бул кадам ийгиликтүү ишке ашты. «Хайп» кандай тариф? Бул тариф кандай шарттарды сунуш кылат? Буга чейинки тарифтерден эмнеси менен өзгөчөлөнөт?» деген сыяктуу көптөгөн суроолор пайда боло баштады. Бул суроолорго жоопту жана жаңы тариф тууралуу пайдалуу маалыматтарды MegaCom компаниясынын коммерциялык директору Нурбек Ишекеев айтып берди.

– Саламатсызбы? Нурбек мырза, жаңы «Хайп» тарифи тууралуу айтып берсеңиз. Анын башка тарифтерден өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары эмнеде?
– Саламатчылык! «Хайп» – MegaCom’дун учурдагы негизги тарифтик планы. Буга чейин жергиликтүү телекоммуникациялык чөйрөдө мындай ачылыш боло электигин ишенимдүү айта алабыз. Абоненттерге буга чейин «Хайп» аябай зарыл болуп келген, себеби акыркы кездерде уюлдук интернет колдонуучулардын саны кескин көбөйүүдө. Ошондуктан жаңы тариф өзүнө көп көлөмдөгү интернет-трафикти, кошумча лимитсиз опцияларды камтыды. «Хайп» тарифин кызыктуу «фишкалардын» топтому десек болот. Ал өзүнүн 3 негизги пакетин сунуштайт:

S пакети ай сайын 250 сом абоненттик төлөм менен 20 ГБ интернет;
М пакети ай сайын 400 сом абоненттик төлөм менен 50 ГБ интернет;
L пакети – ай сайын 600 сом абоненттик төлөм менен 100 ГБ интернет.

Мындан да кызыгы, «Хайпта» ар бир пакеттеги максималдуу ылдамдыктагы интернеттен сырткары Одноклассники социалдык тармагына бекер трафик, түйүн ичинде бекер SMS жөнөтүү жана 24 саат бою акысыз чалуу кызматы каралган.
Ал эми тарифтин өзгөчөлүгү тууралуу кеп кылсак, абоненттер бир айдын ичинде королбой артып калган гигабайттарын кийинки айга которо алат. Тагыраак айтканда, коробой калган гигабайттар күйүп кетет деп мындан ары тынчсызданбай эле койсо болот. Трафикти ашыгы менен колдонуп, кошумча төлөм кылуу керек деп да ойлонбоңуз. Тарифке «дароо блокто» функциясы коюлган. Гигабайттар түгөнгөндө же кезектеги төлөм кылынбаганда функция автоматтык түрдө интернетти блоктойт.
Абоненттерге төлөм киргизүүнү да жеңилдеттик. Ай сайын төлөм кылууга убактысы жоктор үчүн Cash Back акциясын киргиздик. Абоненттер тандаган пакетинин төлөмүн жарым жылга алдын ала төлөп койсо болот. Жазылуу түрүндө жүргүзүлгөн акция аркылуу 1440 сом үнөмдөй аласыз.

– Жогорудагы пакеттер жөнүндө айта кетсеңиз, ар биринин артыкчылыгы эмнеде?
– L пакети үчөөнүн арасынан эң «оору». Анткени ал өзүнө эң көп тарифтик өлчөмдөгү гигабайтты камтыйт. Максималдык ылдамдыктагы 100 ГБ интернет менен каалаган тасманы көрүп, социалдык тармакта кенен баарлашып, оюн ойноп, түз эфирдеги трансляцияларды көрүүгө болот. Интернеттин көлөмү кенен жетет.

M пакети интернет трафик менен түйүн ичинде бекер сүйлөшүүлөргө маани бергендер үчүн. Пакетте 50 ГБ интернет жана түйүн ичинде бекер баарлашуу, SMS-билдирүүлөр каралган.
S эң «жеңил» пакет. Интернет-трафик жетиштүү көлөмдө. 20 ГБ интернет жетишсиз болсо, автоматтык функция менен кошумча өлчөмдөгү интернет ала аласыз.

Ар бир пакет түйүн ичинде бекер баарлашуу, SMS жөнөтүү жана Одноклассники сайтына кирип баарлашууга бекер пакет сунуштайт. 3 пакет тең 24/7 онлайн форматында иш алып баруу үчүн идеалдуу деп саналат.

– Шарттары ыңгайлуу да, жөнөкөй да экен. Ошентсе да жаңы тарифке кошулуунун өзгөчө бир шарттары болсо керек?
– «Хайпка» эски тарифтен өтүүгө мүмкүн эмес. Эгер жаңы тарифке кошулууну кааласаңыз, «755» коду менен SIM-карта алуу керектелет. Тарифтин талабы боюнча жогоруда биз айткан пакеттин бирин кошуу керек. Пакеттерди каалооңузга жараша өзгөртө бересиз. Абоненттер үчүн дагы бир артыкчылык, абоненттик төлөм аткарылбаса же баланста каражат жок болсо деле MegaChat кызматы иштей берет. Тагыраагы, «Хайп» тарифиндеги абоненттер чат аркылуу сүйлөшүүлөрдү, СМС-билдирүү кызматтарын пайдалана алышат.

– Тариф кайсы аудиторияга ылайыкталган?
– Балким, улуу муунга жаштардын саркеч сөздөрү түшүнүксүздүр, «Хайп» (ажиотаж) деген сөз жаштарга түшүнүктүү. Бирок бүгүнкү күндө максималдуу ылдамдыктагы интернетти жаш куракка карабай баары колдонуп келгени маалым. Андыктан тариф универсалдуу, улуу-кичүүсүнө карабай бирдей пайдалуу. Бүгүнкү кыймыл-аракетке бай жашоонун ыргагына жараша жаңы тарифтик план чыгардык. Колдонууда ашыкча суроо жаратпаган жеңил тариф. Өз төлөмдөрү үчүн биздин абоненттер сапаттуу кызмат көрүүсү керек. Мунун баарын «Хайп» тарифи өзүнө камтыйт.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
konfetka.medik
2018-03-27 13:32:08
ушундай жакшы тарифти чыгарганыңар жакшы а бирок Жалал Абад обл Аксы районуна караштуу Кош Дөбө айылында интернет воопще начар ушул жагын да караштырып койсоңор болмок экен бизде бир ган Ошкада эле интернет жакшы
+1
MegaComHelp
2018-03-28 12:04:23
konfetka.medik, саламатсызбы! Бул суроо тууралуу биздин расмий сайттагы "Онлайн-жардамчы" сервисине кайрылууну сунуштайбыз: https://www.megacom.kg/?locale=kg.
Урматтоо менен,
MegaCom компаниясы.
0
sapargul
2018-03-27 13:50:06
Эмнеге эски тарифтен өтүүгө болбойт. Жакпады ошонусу
+1
MegaComHelp
2018-03-28 12:02:19
sapargul, саламатсызбы! Эгерде «Хайп» тарифине өтүүнү кааласаңыз, бирок учурдагы колдонуп жаткан MegaCom номурундагы байланыштарды сактап калуу маанилүү болсо, анда жаңы “755” кодундагы номурду алып, “Хайп” топтому менен бирге «MegaCom компаниясына жеңил кадам» кызматын кошууну сунуштайбыз: https://www.megacom.kg/services/megacom-kompaniyasyna-zhe-il-kadam?locale=kg.
Бул сунуш жаңы тарифтин өзгөч
0
nazira1989
2018-03-27 16:20:08
Мегаком интернет эле эмес,чалуусу да биздин айылда начар.Ушул боюнча да жооп жазып койсонор мегакомчулар?!Жалал-Абад обл,Сузак району,Жерге-Тал айылды.
0
MegaComHelp
2018-03-28 12:03:45
nazira1989, саламатсызбы. Бул суроо тууралуу биздин расмий сайттагы "Онлайн-жардамчы" сервисине кайрылууну сунуштайбыз: https://www.megacom.kg/?locale=kg.
Урматтоо менен,
MegaCom компаниясы.

0
nazira1989
2018-03-31 09:33:57
MegaComHelp,мен онлайн операторунарга ушул суроону берсем номеринен арыз тушкон эмес деп жооп жазып койду го,обслуживание клиентов оценивают по шкале "-1"... ((((
0
Kara-kulzha
2018-03-28 15:39:42
Өзгөчө мыкты тариф экен. 250 сом арзан эле 20 гигабайт үчүн.
0
pero123
2018-03-28 17:51:02
кайп эмес кайф тариф го
0
aika2013
2018-03-28 23:43:58
Мегаком, бир сом калбай калса телефонунда, звонок да кылалбай каласын,инетке да кире албай жинди болосун, мага Билайн ынгайлуу, мегакомго операторлорго акча салынганда эле,мобильные передачи жанып2 калган болсоле болду , инетке кирбесенда , ашыкча акчанды койбой алып коет да, операторлор,- аа ии кетип калыптыр,телефонунузду бир жандырып очурушунуз керекле Деп кутулушат,а Билайнга чалсам,акчанды кайрып беришип башынан обнавление кылып баштапкы салган акчанды толуктап инет и безлимит кылып берише
+1
№ 803, 23-март -29-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан