«ТАЗА ЫСЫК-КӨЛ»: ЫСЫК-КӨЛДҮКТӨР ЖАНА «КУМТӨРДҮН» ӨКҮЛДӨРҮ КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮШТҮ

Тамга жана Тосор айылдарына караштуу көл жээгин, ошондой эле жол боюн таштандыдан тазалоого 200дөй адам чогулду. Кыргызстандын берметин тазалоо иштери өкмөт жарыялаган 3 айлыкта тынбай жүргүзүлүп турмакчы.
Өз үйүңдү таза, ыңгайлуу, жайлуу кармоо үчүн аракет кылгандай эле, мекениңе да ошондой мамиле керектигин мамлекетибиздин премьер-министри өз мисалында көрсөтүп өттү. 17-мартта «Таза жашоо» компаниясынын алкагында ал Ош шаарындагы Токтогул атындагы сейил бакта көчөттөрдү отургузса, бир аптадан кийин эле борбор калаабыздагы ботаникалык бакта ишембиликке катышты. Өкмөттүн аймактарды тазалоо, жакшыртуу демилгесин республиканын бардык аймактары кубануу менен колдоп беришти. Ысык-Көл облусунун жашоочулары да бул демилгени колдоп, 24-мартта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары жана «кумтөрчүлөр» биргеликте салтка айланган жыл сайын өткөрүлүүчү көл жээгин тазалоо ишембилигин чогуу өткөрүүнү чечишти. Күч бирдикте!
Өз каалоосу менен март айындагы ишембиликке 200дөй адам чогулду. Мээлей, полиэтилен баштыктар менен «куралданган» активисттер Тамга жана Тосор айылдарынын жол боюн, көл жээгин таштандыдан тазалап, көз сүйүнтүштү. Өз-өзүнчө иреттелип мүшөктөргө салынган таштандылар алгач «Кумтөрдүн» Green Point долбоорунун алкагында иш алып барган атайын пункттарга жиберилип, андан соң Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү заводго жөнөтүлдү.
Таштандыларды иштетүүдөн түшкөн каражат кайрадан ишке жумшалат. «Кумтөр» ал каражатка атайын шаймандарды сатып алып, мындан аркы ишембиликтер үчүн айыл өкмөттөрүнө өткөрүп бермекчи.
Аталган иш-чаранын туризмди жана бүтүндөй аймакты өнүктүрүүдө канчалык маанилүү экенин жергиликтүү тургундар акырындан түшүнүп, барган сайын мындай иш-чараларга кошулгандардын саны көбөйүп жатканы кубандырат. Таштандыга толгон өз жериңде эч нерсе кылбай, качан Бишкектен же кен чыгуучу жайдан ыктыярчылар келип тазалап берет деп күтүү уят иш. «Бардыгын өзүңдөн башта жана башканын да эмгегин сыйлай бил» деп туура айтышат «Кумтөрдөн» келген уюштуруучулар.

– Былтыр көп аймакты таштандыдан тазалаганбыз. 2 күндөн кийин ошол эле аймакты аралап өтсөк, кайра эле кир. Абдан ыза болгонбуз! Баарынан да таштандыларды эс алуучулар эмес, жергиликтүү тургундар ыргытканы өкүндүрөт. Эгер ар бир жаран жок дегенде бир жолу ушундай иш-чарага катышса, анда жоопкерчилик сезими жаралмак. Кийинкиде бөтөлкөнү таштанды таштоочу челектин сыртына эмес, ичине ыргытмак,- дейт «Кумтөр» компаниясынын Тоо бөлүмүнүн өндүрүштүк окутуу бюросунун жетекчиси Максатбек Кулубаев.

– Көл жээгинде эс алгандан кийин таштандыларды баштыкка чогултуп ала кетүү оор деле иш эмес. Пластик 100 жылдан ашуун жерде жаткандан кийин анан жок болот, ал эми биздин балдар эртең бул жерде жашашы керек да. Таштандыдан тазаланган жер эмес, таштанды таштабаган жер таза,- деп өз кесиптешин колдоп өттү кен чыгаруучу ишкананын коопсуздукту сактоо кызматынын башчысы Олег Алакионов.

Көлдүн айланасындагы таштанды «шакеги» Ысык-Көл облусундагы жалгыз маселе эмес. Көптөгөн жылдар бою сууну таштандыдан тазалоочу курулуштар боюнча маселе чечилбей келди. Көпчүлүк пансионаттарда Совет доорунда салынган конструкциялар эскирип бүткөн, алар агынды сууларды тазалоо боюнча азыркы заманбап технологиянын талаптарына жооп бербейт. Ал эми кээ бир эс алуу үйлөрүндө жана эл жашаган аймактарда мындай курулуштар жокко эсе.

– Жылы бою иштеген «Тамга» аскердик санаторийи казакстандык жана орусиялык спортчу, саякатчы, эс алуучулар арасында абдан популярдуу. Бирок биз ичип жаткан суунун сапаты боюнча даттануулар бар,- дейт Тамга айылынын өкмөт башчысы Нурдөлөт Үсөнбаев.

Жергиликтүү бийлик айылды таза суу менен камсыз кылуу маселеси бир жыл ичинде чечилерине сөз берди. Ушул аптанын аягында жалпы көлөмү 94 миллион сомду чапчыган долбоордун бет ачары болгону турат. Бул долбоорду ишке ашырууну ARIS өз моюнуна алган. Ал эми экинчи глобалдуу маселени чечүүдө «Кумтөр» жардамга келет. Тамга, Барскоон жана көлдүн түндүгүндөгү дагы 4 айыл компания тарабынан грант катары бөлүнгөн каражатка салынуучу борбордук канализация киргизүү долбооруна кирди. Белгилүү болгондой, Кыргызстандын өкмөтү менен былтыркы жылдын күзүндөгү жүргүзүлгөн макулдашууларга ылайык, канадалык инвестор Жаратылышты өнүктүрүү фондунан Ысык-Көл аймагында заманбап сууну таштандыдан тазалоочу курулуштарды салууга жана оңдоп-түзөө иштерине 50 миллион доллар жумшайт. Бул демилгеге ылайык, абалды тамырынан өзгөртүүгө болот.
Жыл өткөн сайын жай мезгилинде «көк берметибизге» оорчулук келе берет, эгер эч кандай чара көрбөсөк, керектөөчүлөрдүн санынын көптүгүнөн жана жапайычылык мамиледен улам Ысык-Көл таштандыдан «дем ала албай» калат. Анда облустун өнүгүүсүнөн жана туристтик сезонду жакшыртуу планынан үмүт этпей эле койгонубуз оң.
Ушул кезге чейин Ысык-Көл табигый «фильтрлердин» – курчап турган саздак жерлерге өскөн дарак-бадалдардын жардамы менен өзүн-өзү тазалап келген. Бирок учурда көл кошумча колдоого, жардамга муктаж. Четтен көрсөтүлгөн жардам өз убагында келгени жакшы болду.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Peri.jo
2018-04-07 21:56:44
Таштанды таштоочу урналар жок болсо ошол да , болсо да алыс алыс. Ал эмес борбор калаабызда да ааз
0
№ 804, 30-март -5-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан