BALANCE. СИЗ БИЛБЕГЕН 10 КЫЗМАТ

Телефон, интернет сыяктуу каражаттар жашообузга аралашканы жашоо жеңилдеп калганы талашсыз. Мурда «үйдө отуруп акча которгонго болот же телефондун жардамы менен азыраак жол кире төлөй аласың» десе ишенбесек керек. «Balance» мобилдик капчыгы керектөөчүлөрдүн ыңгайы үчүн бир нече жеңил кызматтарды ишке киргизди.

ДОЛБООР ЖӨНҮНДӨ
Аталган кызмат абоненттерге тиркеме аркылуу балансындагы акчаны колдонуп жана төлөм жүргүзүү шартын берет.
«Скай Мобайл» ЖЧКсынын санарип жана финансы кызматтарын өнүктүрүү боюнча жетекчиси Эрмек Акенеев: «Balance» кызматын жөн эле продукт эмес, өнөктөштөр менен биргеликте элге ыңгайлуу шарттарды түзө алган атайын платформа десе болот. Учурда биз менен «Дос-Кредобанк», «UMAI», «TEZАКЧА» сыяктуу компаниялар кызматташат»,- дейт.
Алгач www.balance.kg сайтына кирип же кызматтын тиркемесин (Android жана iOS үчүн жеткиликтүү) телефонго көчүрүп алуу керек. Тиркемени ачып телефон номерди жазган соң номериңизге билдирүү келет. Пайдалануу эрежелерине макул болгонуңуздан кийин бардык төлөмдөрдү колдонуу жеткиликтүү болот.
«Balance’ты» колдонуу үчүн телефон интернетке туташуусу керек.

ТРОЛЛЕЙБУСТА ЖҮРҮҮ 1 СОМ
«Beeline» менен Бишкек троллейбус башкармалыгы биргелешкен долбоордун негизинде борбор калаабыздын жашоочуларына троллейбуста арзан жүрүү мүмкүнчүлүгүн ишке киргизди. Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору эми троллейбуска 1 сомдон гана төлөп жол жүрө алышат. Ал үчүн телефонуңуздагы «Balance» тиркемесин ачып троллейбуста илинип турган QR-кодду сканерлеп айдоочуга көрсөтүү керек. Акция азырынча №11 жана №14 троллейбустук каттамдарда иштөөдө.
«Balance» кызматы боюнча адис Айгерим Матамарова: «Троллейбуста 1 сом төлөп жол жүрүүнүн текшерүүсү аяктаган соң бул кызматты бардык линияларга киргизебиз. Учурда биздин кызматкерлер троллейбус каттамдарына чыгып, мобилдик капчык боюнча айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө жардам берип жатышат»,- деп билдирди.


ЖОЛДО ЖҮРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ БУЗУЛГАНДА АЙЫП ПУЛ ТӨЛӨӨ
Айдоочулар кээде жол эрежесин бузуп алып, шашылыш түрдө айып пул төлөш керек болот. Бирок атайын жайларга барып төлөм жүргүзүү, биринчиден, убара кылса, экинчиден, убакытты алат. Мындай кырдаалда «Balance» кызматы жардамга келет. Аталган мобилдик капчыктын жардамы менен кай жерде болбоңуз айып пулду телефонуңуздан эле заматта төлөй аласыз.

УНАА ТОКТОТУУЧУ ЖАЙЛАР ҮЧҮН ТӨЛӨМ
Азырынча «Balance» аркылуу Бишкектеги Исанов жана Киев көчөлөрүндө унаа токтотуу үчүн төлөм жүргүзүүгө болот. Төлөө үчүн тиркемедеги унаа токтотуучу жеке кодуңузду берүү зарыл. Бул ыңгайлуу жана жөнөкөй кызмат кошумча төлөмсүз жүргүзүлөт.

«ЭЛКАРТ» МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ
«Balance» кызматында бардык улуттук «Элкарт» картасына которуунун бардык түрлөрүн онлайн режимде жана комиссиясыз, банк-эмитентке көз каранды болбой которууга мүмкүн. Ага катар «Balance» карта эмиссиясы боюнча өлкөбүздөгү “Кыргызкоммерцбанк” жана “Дос-Кредобанк” ЖЧКсы менен кызматташат. Алар биздин абоненттерге ыңгайлуу шарттарын сунушташты. «Balance» платформасы аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын баары бекер. “Элкарт” боюнча кенен маалыматты жогоруда аталган банктардан алса болот.

НАСЫЯ АЛУУ
Жакында «Balance» АБН микрокредиттик компаниясынын «TEZАКЧА» кызматы менен биргеликте мобилдик капчыкка 1000 сомдон 5000 сомго чейин насыя алуу мүмкүнчүлүгүн ачат. Убакыттын өтүшү менен колдонуучулар мындан да жакшыртылган шартта микронасыя ала аларын өндүрүүчүлөр айтышты.

КИНОГО БИЛЕТ САТЫП АЛУУ
Аталган мобилдик капчыктын жардамы менен киного билет ала аласыз. Ал үчүн болгону «Синематика» кинотеатрлар тармагынын сайтына кирип төлөө жолу деген жерден «Balance» тиркемеси аркылуу» деген бөлүмдү тандап коёсуз да, төлөй бересиз.

КАЙРЫМДУУЛУККА КАТЫШУУ
«Balance» мобилдик капчыгы муктаж жарандарга кайдыгер карабаган адамдарга кайрымдуулук кылууга жардам берет. Жакшылыгын аябаган жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн тиркемеде өлкөбүздөгү ири кайрымдуулук уюмдардын даректери чогултулган.
«Жардам берүү оңой» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Динара Аляева 4 жылдан бери каражат чогултуу үчүн кыска номер алуу аракетин көрүп келүүдө. Бирок мобилдик капчыктардын пайда болгону кыска номерге жакшы альтернатива болду. Анын айтымында, мындай кызмат ыкчам жана заманбап жардам берүүгө шарт түзөт. Ошондой эле ал жакынкы банкка барып акча которгондун ордуна телефондун эки баскычын басып коюу оңой экенин айтты.

НАСЫЯ ТӨЛӨӨНҮН ЫҢГАЙЛУУ ЖОЛУ
Ооба, биз сөз кылып жаткан мобилдик капчыктын жардамы менен насыя да төлөй аласыз. Мындай операцияны жүргүзүү үчүн атайын билим деле керек эмес. Анткени аны колдонуу оңой, эң негизгиси, кошумча төлөм алынбайт.
Бул боюнча «Кыргыз өлкөсүндө микрокредит алган 200 миңдей жаран бар. Алардын басымдуу бөлүгү алыскы аймактарда жашайт. Ай сайын аларга райондун борборлоруна барып, насыясын төлөгөнгө туура келет. Ал үчүн ар ким ар кандай суммада жол кире чыгашасына дуушар болот. Ошондуктан колдонуучулардын ыңгайына карап микрокредиттик компаниялар менен биргеликте насыяны үйдөн төлөө кызматын ишке киргиздик. Эми насыяны өз мөөнөтүнөн кечиктирбей, үйдөн чыкпай төлөөгө болот. Мындан ары өнөктөштөрдүн санын көбөйтө беребиз» дейт Эрмек Акенеев.

ИНТЕРНЕТ ҮЧҮН ТӨЛӨМ
Жакынкы күндөрдөн бери интернеттин абоненттик төлөмүн төлөө маселе жарата турган болду. «Megalinе», «Акнет» сыяктуу белгилүү провайдерлердин аты дээрлик бардык терминалдардан көрүнбөй калды. «Balance» бул маселени чечип, ири интернет провайдерлердин абоненттерине ыңгайлуу шарт түздү. «Balance» терминалга салыштырмалуу төлөм үчүн комиссия албайт.

АРЗАНДАТУУЛАР
Тиркеме аркылуу колдонуучулар атайын акцияларга катышып, арзандатууларга ээ боло алат. Эми ар кыл тармактын керектөөчүлөрү үчүн маал-маалы менен арзандатуулар болуп турат. Мисалы, азыр «Balance’тын» колдонуучулары үчүн «Chop Chop» барбершобунун кызматынан пайдаланууга 10 пайыздык арзандатуу жүрүүдө.
«Balance’тын» тиркемесинде Scrum принциби ишке кирген. Бул кардарларына көбүрөөк көңүл бурууга арналган принцип. Биз кардарлардын сунуштарын эске алып, суранычтарын дайым аткарганга аракет кылабыз»,- дейт Айгерим Матамарова.


Иван Янушкевич
stlish.kg сайтынан которулду

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
KENEWBEK88
2018-04-03 21:29:07
Баланс кж жакшы экенгооо, адашып бир номерге салсан кайтаруу абдан кыйын экен
0
dostuk_3422
2018-04-05 19:49:03
Улуттук Банк каршы болуп жатты эле го
0
№ 804, 30-март -5-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан