БУЙРУТМА ӨЛТҮРҮҮЛӨРГӨ БАКИЕВДЕРДИН ТИЕШЕСИ БАРБЫ?

Рыспек Акматбаев мечиттен, депутат Баяман Эркинбаев өз үйүнүн алдынан атылды. Медет Садыркулов машинасы менен өрттөндү, Бактияр Амиражанов, Руслан Шабатоев дайынсыз жоголуп, анан сөөктөрү табылды. Аты аталган маркумдардын айрымдарынын жакындарына кайрылып, «бул өлүмдөр тууралуу айтылбай калган сөздөрүңүздөр барбы?» деп суроо узаттык.


Рыспек Акматбаевдин атасы
Абдымалик Акматбаев:
“6 АЙДЫН ИЧИНДЕ ЭКИ БАЛАМДЫ ТЕҢ АТЫШТЫ”

Рыспек Акматбаев 2006-жылы 10-майда Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылындагы мечиттин алдынан атылган.

– Эки баламдын тең атылышына Бакиевдердин түздөн-түз күнөөсү бар. Буга чейин алардын кысымынан коркуп, унчукпай келбедикпи.
2005-жылы октябрь айында №31-колонияда чыккан чууну басуу үчүн барган балам ЖКнын депутаты Тынычбекти атышты. Андан 6 ай өтүп, 2006-жылы май айында балам Рыспекти жок кылышты. Жарым жыл ичинде эки туяктан тең айрылуу ата-эне үчүн эмне деген ыза, эмне деген кордук?! Майдын аягында Курманбек Бакиевдин кабылдамасында эки күн отуруп, өзү менен жолуктум. Бакиевдин бетине эле “Рыспектин өлүмүнө сенин күнөөң бар. Эки балам болсо, аларды да 6 ай ичинде жок кылдың” дедим. Кебелбей “мен деле бир тууганымдан айрылбадымбы” деп койду. “Сенин иниң ооруп өлдү” десем, ордунан туруп басып кетти. Ошол боюнча эки баламдын өлүмү ачылмак түгүл изилденбей кала берди.
– Балаңыз Рыспекти эмне себептен жок кылуулары мүмкүн эле?
– Рыспек ачык эле бийликтегилерге, Максимге “элди тонобогула, мен буга жол бербейм. Кыргызстандан наркобизнести түп орду менен жок кылам” деп айткан. Балыкчы округунан элдин 89 пайыз колдоосуна татып, депутат болгон. Депутаттык мандатын бербей туруп атып салышты. Баламдын моюнуна Чыныбек Алиевге окшогон адамдардын өлүмүн илишти. Алиевдин өлүмүнө эч кандай тиешеси жок. Ошол кезде Жаныш Бакиев полковник болчу. Рыспекти жок кылгандан кийин Кулов “биз байкабай жүрүптүрбүз. Жаныш эчак эле генерал болуш керек эле” деп, дароо генералдыкты берди. Жаныш Рыспекти жок кылган эмгеги үчүн генерал болуп отурат. Мактанбай эле коёюн, балам тирүү болсо эмгиче Кыргызстанда кой үстүнө торгой жумурткаламак.
Балдардан топурак буюрбады, эми неберелерден буюрса экен деп отурабыз. Жашым 74тө. Азыр атасыз калган 14 неберени кемпир экөөбүз багып жатабыз.


Руслан Шабатоевдин эжеси
Сымбат Шабатоева:
“КӨП ИШКЕ ИНИМ КҮБӨ БОЛУП КАЛГАН”

Руслан Шабатоев 2008-жылдын 30-сентябрында дайынсыз кетип, туура бир жылдан кийин 30-сентябрда сөөгү табылган.

– 2005-жылы бийлик алмашканда иним Ак үйдө үч күн комендант болуп турган. Ошол убактарда Бакиевдердин көп былыктарына, балким, андан кийин деле жосунсуз жоруктарына күбө болуп калган деп ойлойм. Биринчиден, мына ушуларды айтпасын деп, экинчиден, бийликтин иштерин сынга алган КСДПнын мүчөсү болгондуктан, Чүй элин көтөрүп чыкпасын деп инимди жок кылышты. Инимди “Майкл” кафесинде отурган жеринен алып кетишкен. Жанында чогуу жүргөн байланыш агенттигинин директору Кыдыралиевди сотко чакырсак келбей жүрүп, 4-процессте араң келди. Ал “мен эч нерсе көргөн эмесмин, билбейм. Дааратканага кеттим эле” деп кутулуп жатат. Киши өлтүргүчтөрдүн колуна салып берген ошол да. Баары бир эненин көз жашы, эки баланын муң-зары, жубайынын кайгысы соо койбойт. Кан кууйт деп коёт эмеспи.
– Иниңизди өлтүргөн деген айып тагылган Зикирбаев да каза тапты...
– Айып тагылып жаткан адамдын көзү жок болуп калды, эми ишти жаап салабы деп коркуп жатам. Ошондуктан УӨдөн кайра башынан карап берүүсүн өтүнөт элем.
Зикирбаевден тергөө учурунда “инимди кайдан тааныйсың?” деп сурасам: “Биздин эч кандай тааныштыгыбыз болгон эмес. Телевизордон эки жолу гана көргөм. Мен бул кылмышты моюнума албайм”,- деди.
Менин атам 35 жыл Кыргызстандын колонияларын көзөмөлдөп, башчы болуп иштеген. Апам атамдын жанында түрмөдөгүлөрдүн ден соолугун караган дарыгер болчу. Апам сотто: “Булар эч качан өздөрүн караган кызматкерлердин балдарына кол салышпайт. Мен Зикирбаевден көрбөйм”,- деген. Милиция кызматкерлеринде деле ак иштеген адамдар бар. Алар шектүү катары Зикирбаев кармалганда эле мага: “Зикирбаев өзү “мен Шабатоевди билбейм. Убактыңарды жөн эле кетирип жатасыңар” деп айтты. Эже, Русланды башкалар өлтүргөн”,- дешти. Мен мурунку иштеп кеткен чоңдор Зикирбаевдин моюнуна ак жерден эле илип коюшту деп эсептейм.
– Иниңиз менен Бактияр Амиражановдун өлүмүнүн байланышы бар деп ойлойсузбу?
– Бактияр дайынсыз кеткенде атасы Жусупжан байке Русландан “баламдын дайынын билүүгө жардам бер” деп суранган. Алар бири-бирин жакшы таанышчу деле эмес. Балким, Руслан ким жасаганын билип калган. Ошондон улам дагы Бактиярдын артынан Руслан кеттиби деп ойлоп кетем.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
imperator
2010-06-07 14:22:54
Акматбаевди сыйлайбыз.Кудай бейишти насип кылсын!
+1
maratbek
2010-06-08 22:05:18
imperator ТУУРА АЙТАСЫН САГА КОШУЛАМ
0
kubanychbek dubanaev
2010-06-08 22:49:18
bayamandyn barkyn emi bilip atyshatko kee biroolor attin
0
Kyjal
2010-06-09 03:17:26
Адилеттуулук деген кайда?
0
honestbek
2010-06-10 13:16:02
Кайран КЫРГЫЗЫМдын ак шумкарлары бирден 9грам коргошун жутуп кете беришти да акмак башчы жана коро албас кара ниеттердин колунан!!!

Коп иштерди кылат эле аттин кыраандар жаткан жеринер жайлуу топурагынар торко болсун!
Аллах раазы болуп бейиштен орун берсин!!!
+2
imperator
2010-06-10 13:19:03
Адилеттик бар жерде тууган4ылык,Тууган4ылык бар жерде адилеттик болбойт.
0
cool Nka
2010-06-10 13:45:53
Ак ийилет, бирок сынбайт
0
cool Nka
2010-06-10 13:47:13
Даааа, азыр Акматбаев тируу болсо Кыргызстанда жашоо башкача болмок. Сыйлайм кыргыздар учун коп эле нерсе кылды го.........
0
bagdat
2010-07-31 17:33:50
Акматбаев менен Баяман Эркинбаев, ушул адамдарды ким буйрук менен олтурсо, эки дуйнодо жарыбасын, кечээги ОШтогу сарттарды ушул адамдар баш которгузбой келген, чындыгында сарттар коркушчу булардан, далилдер да бар, жаткан жеринер жайлуу болсу, элинер силерге окшогон чыныгы жигиттерин эч качан эсинен чыгарбайт!
0
FuckTheWorld
2010-08-22 03:57:53
Туура айтасын bagdat respect
0
Kyzsaikal
2010-12-19 19:53:09
kanday degen kyrgyzdyn chynygy patriot jigitteribizdi jok kylyshty.Bayaman olgondo,sarttar toy kylyp jyrgyshkan ele.Bayaman sarttardy basyp turchu.al emi azyr al jok sarttar kooop ketishti.
+1
toktobek
2012-07-05 07:08:53
Кыргыздын кандай гана кыраандары жок болду жайлары жаннаттан болсун!!!
+1
Bakyt.kg8
2013-11-04 17:12:03
мен баарын сыйлайм,сиздерден сураныч криминаль жаман ишке аралашкан дейсиздер,бул агаларыбыз Элди эч качан тоногон эмес ,азыр деле чиновниктер отурат Элге ак болушуп.Баяман олгондон кийин Озбектер эмне кылышты.Рысбек салымы ото чон ,уйгурлар кутуруп кеткенде баскан,Каркыраны Казактарга берген эмес,Рысбек болсо батукаев кача албайт болчу
0
№ 396, 4-10-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан