«АГРОГОРИЗОНТ»: МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН КЕҢ ТАЛААСЫ

Мындан ары жергиликтүү фермерлер банк кызмат көрсөтүүлөрүнүн кеңири мүмкүнчүлүктөрү менен ЭЛСОМ электрондук капчыгы аркылуу пайдалана алышат. Бул кызмат «Агрогоризонт» USAID жана KICB’нин биргелешкен долбоорунун негизинде ишке ашып отурат.

Былтыр USAID’дин «Агрогоризонт» долбоору жана «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» ЖЧКсынын ортосунда меморандумга кол коюлган. Анын максаты – чакан фермердик чарбаларды каржылоого жол ачуучу новатордук ыкмаларды киргизүү эле. Бул максатка жетүүнүн эң эффективдүү куралы республиканын жарандарынын арасында популярдуулукту багынта алган – ЭЛСОМ электрондук капчыгы болду.

– Эл жашаган аймактардын бардыгында эле банк бөлүмдөрү жайгашкан эмес. Андыктан райондун борборунан алыс жашаган фермерлер банк кызмат көрсөтүүлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албай калышат. Биздин USAID менен биргеликтеги «Агрогоризонт» долбоорубуз ошол кызмат көрсөтүүлөрдөн четте калган жарандарды колдоого багытталган. Биздин максат – электрондук капчык аркылуу максималдуу түрдө каржылык кызмат көрсөтүү жана республиканын четки аймактарында жашаган кардарларга насыя алуу процессин жеңилдетүү,- дейт KICB башкармалыгынын өкүлү Нурлан Алдаяров.

Мындан ары айыл чарба тармагында эмгектенген ар бир фермер же ишкер банкка келбей туруп алыстан насыя алуу суранычы менен арыз тапшыра алат. Ал үчүн арыз тапшыруучу уюлдук телефонундагы ЭЛСОМ тиркемесин колдонуу керек. Насыя алууда керектүү атайын маалыматтарды толтуруп, арыз толтурулган соң жүктөлүп, ал дароо банкка келип түшөт. Долбоордун биринчи баскычында маалыматтар атайын кредиттик адистер тарабынан текшерилип, кайсы бир критерийлердин негизинде арыз тапшыруучуга берилчү акчанын көлөмү белгиленет.
Бир нече айдан кийин баштала турган долбоордун экинчи баскычында электрондук капчык аркылуу насыя берүү процесси толугу менен автоматташтырылат. Арыз берген кардар электрондук капчык аркылуу канча операцияларды аткарганын аныктоочу рейтинг аркылуу канча өлчөмдөгү насыя алууга боло турганы чечилип, кардар дароо жообун алат. Арыз тапшыруучу ЭЛСОМ аркылуу канчалык көп операцияларды аткарса, ага берилчү насыянын өлчөмү ошончолук чоң болот. Мындан ары бул көрсөткүчкө карыз алуучунун насыя алгандан кийинки мүнөздөмөсү да кошулуп турат.
Кыргызстандын аймактарына мобилдик каржылык көрсөтүүнү жайылтуу үчүн KICB’нин көп сандагы филиалдары бар. Бүгүнкү күндө ЭЛСОМ электрондук капчыгын колдонгондордун саны 350 миңден ашат жана бул көрсөткүч күндөн күнгө активдүү өсүүдө.
Электрондук капчыкты толтурууда да айылдыктарда эч кандай маселе жаралбайт. USAID менен биргеликтеги «Агрогоризонт» долбоорунун алкагында учурда республиканын алыскы аймактарында активдүү иштеп жаткан кошумча 30 төлөм терминалдары сатып алынган.
– Аталган долбоорду ишке ашыруу бир нече максаттарды көздөйт. Эң биринчи, төлөмдөрдү жана өз ара эсептешүүлөрдү накталай акчадан нак эмес негизге өткөрүү. Бир аз мурун эле айыл жергесинде бул процессти ишке ашыруу мүмкүн эмес эле. ЭЛСОМ фермерлерге акча которуунун, кабыл алуунун, жана кызмат акысын төлөөнүн заманбап ыкмаларына жол ачат. Жарандар алыста туруп ЭЛСОМ электрондук капчыгы аркылуу насыя алуу, төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат,- деп белгилейт Нурлан Алдаяров.
USAID’дин «Агрогоризонт» долбоорунун директору Агнес Луздун айтымында, аталган программа айыл чарба тармагында инновациялык ыкмаларды киргизүүнү каржылоо үчүн пайдубал болуп берет.
– Жалпысынан, банк секторунун мүмкүнчүлүктөрүн эске алганда Кыргызстан жаңы технологияларды өнүктүрүү тармагында аймактык борборго айлана алат. KICB’деги өнөктөштөрүбүз менен биргеликте ушундай маанилүү ишке салым кошуп жатканыбызга кубанычтабыз,- деп белгилей кетти өз сөзүндө Агнес Луз.

Эгер сиз электрондук капчыкты колдоно элек болсоңуз, ЭЛСОМго бир нече жол менен катталууга болот:
*900# командасын тересиз (Билайн жана Мегаком абоненттери үчүн);

«Элсом» тиркемеси аркылуу (Android жана IOS операциондук системаларында жеткиликтүү);

elsom.kg сайтындагы «Элсом» жеке кабинети аркылуу

КААЛАГАН АДАМ КАПЧЫКТЫН КОЛДОНУУЧУСУ БОЛО АЛАТ. КАТТАЛУУ УЧУРУНДА ТӨМӨНКҮЛӨРДҮ ТОЛТУРУҢУЗ:

1. Аты
2. Фамилиясы
3. ИНН (паспорттогудай 14 сан)

КОНСУЛЬТАЦИЯ ЖЕ КОШУМЧА МААЛЫМАТ АЛУУ ҮЧҮН КАРДАРЛАРДЫ КОЛДОО КЫЗМАТЫНА КАЙРЫЛА АЛАСЫЗ:

+996 312 986 000
*900 (Мегаком абоненттери үчүн)
Viber, What'sApp: +996 775 986 000

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 804, 30-март -5-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан