ТАҢКЫ ЖЫЛДЫЗ – ЧУЛПАН ХАМАТОВА

Чулпан Хаматованы көпчүлүк “Дүлөйлөрдүн өлкөсү” (“Страна глухих”) тасмасынан кийин жакшы таанышат. Ал эми кандын рак оорусунан жабыркаган жаш балдар жана алардын ата-энелери аны жакын адамындай көрүшөт. Алар Хаматованы атактуу актриса деп гана тааныбастан дайым жардам берүүчү, колдоочу периште катары жакшы билишет. Бул Хаматовага абдан жагат.

Толук аты-жөнү – Хаматова Чулпан Наилевна
Туулган жылы – 1975-жыл, 1-октябрь

Туулган жери – Татарстан, Казань шаары
Кесиби –
Кино жана театр актрисасы
Үй-бүлөлүк абалы – 3 баланын энеси

ТАТАР ЭЛИНИН ЧОЛПОНУ
Орусияда, негизи эле КМШ өлкөлөрүндө белгилүү болгон театр жана кино актрисасы Чулпан Хаматованын ысымын укканда эле “кайсы улуттун сулуусу болду экен?” деген суроо келбей койбойт. Татар үй-бүлөдө туулган Чулпан ата-энесинин көптөн күткөн перзенти. Ал жарыкка келгенде “таң атып келе жатканда жанган чолпон жылдызындай адам болсун!” деп Чулпан (Чолпон) коюшкан экен. “Бул ысым кайдан келип чыккан? Лакап атпы? Эмнени түшүндүрөт?” деген сыяктуу суроолор Хаматова көпчүлүккө жаңыдан тааныла баштаганда тынбай бериле берчү. Чулпан аларга “бул татарларда кенен жайылган ысым. Эч кандай лакап ат эмес” деп түшүндүрүп келген.

ЭКОНОМИСТ БОЛСО ДЕГЕН, БИРОК...
Инженердин үй-бүлөсүнөн чыккан Чулпанды ата-энеси келечекте актриса катары көрүүнү каалашкан эмес. Кичинекей Чулпандын да анда актриса болом деген ою жок эле. Хаматовдор кызын экономист катары көрүүнү самашчу. Ошондуктан аны математиканы тереңдетип окуткан мектепке киргизишкен.
Чулпанды ата-энеси музей, театрдан такыр калтырбай алып барып турушар эле. Мындай эс алуу кичинекей Чулпанга да аябай жакчу. Ушул сыяктуу иш-аракеттерди алар “интеллигенттердин үй-бүлөсүнөн чыккан, татыктуу тарбия көргөн кыз болсун!” деген кеп үчүн жасашчу.

ЖАШЫРУУН КАШЫК-ВИЛКА САТЫП...
Чулпан мектепти аяктаган соң ата-энесинин каалоосу менен Казандагы Каржы-экономикалык институтка тапшырат. Жакындарынын көңүлү үчүн тапшырып койгон окууга болочок актрисанын дили тартпай койгон. Акырындап ата-энесинен жашырып, театралдык курска бара баштайт. Үйүнөн жашыруун күмүш жалатылган кашык-вилкаларды алып чыгып сатып, курстун акчасын төлөчү экен. Ошентип жүрүп институтту таштап, Казандагы театралдык орто окуу жайга тапшырат.

“МОСКВАГА БАГЫНБАЙМ”
Хаматова мугалиминин “эгер чыныгы актриса болууну самасаң, Москвага бар. Ал жакта атактуулукка жетүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар” деген кебине кулак салып, Москвага аттанат. Албетте, бул чечимине ата-энеси каршы чыгат. Бирок чоң энеси “бара берсин. Москвага баары эле чыдап окуп кете бербейт. Кыйынчылыкка урунат да кайтып келет” деп балдарын көндүрөт.Чоң энесинин мындай сөзүнөн улам Чулпан “кандай кыйынчылык болбосун үйдөгүлөргө билдирбейм. Мен Москвага багынбайм, тескерисинче, Москваны багындырам” деп өзүнө сөз берет. Ошентип, максатына жетүүнү көздөгөн сулуу кыйынчылыктарды басып өтүп тилегине жетет. Хаматованын алгачкы тартылган тасмасы “Бийчинин заманы” (“Время танцора”), ал эми атактуулукка алып келген тасма “Дүлөйлөрдүн өлкөсү” (“Страна глухих”).

КЫЗГАНЫЧТАН АЖЫРАШКАН
Москвада окуп жүргөндө курсташы Иван Волков (атактуу актриса Ольга Волкованын баласы) менен таанышып, жалындаган сүйүү менен ага турмушка чыккан. Экөөнүн үй-бүлөлүк жашоосу Чулпан ийгиликке жеткенче эң сонун болчу. “Современник” театрында иштеп, тасмага тартыла баштаганда мамилелерине доо кетет. Жолдошу аны кызганып, үйүнөн көп чыр чыкчу болот.
2002-жылы экөө Ариша аттуу кыздуу болушкан. Наристе Иван менен Чулпандын чырын азайта алган жок. Хаматова “ажырашам” деп калганда эле аны өз кызындай көргөн кайненеси Ольга Волкова: “Жок, бүлөдө мындай маселе боло берет. Менин башымдан деле мындай нерселер өткөн”,- деп токтотуп алып калчу.
Ариша бир жашка чыкканда Ася аттуу кыздуу болушат. Бул ирет актрисанын жолдошу Иван ачуусу менен “сен менин көзүмө чөп салгансың. Бул кыз меники эмес” деп үй-бүлөнүн ынтымагын биротоло жоготот. Хаматова баарын жыйыштырып, эки кызын жетелеп үйүнөн чыгып кетет.

СҮЙҮҮСҮН БААЛАБАГАН МЫРЗА
Волковдун кызгануусунун жөнү болсо керек. Себеби Чулпандын ишкер Алексей Дубин менен болгон мамилесин кесиптештери да жакшы билчү. Чулпан Алексей менен кайсы бир фестивалда таанышып, экөөндө сүйүү оту тутанат. 5 жыл жашыруун мамиле курушуп, анан ачыкка чыгышкан. Волков шектенгендей эле экинчи кызы Ася Дубиндин кызы болуп чыгат.
Дубин менен Хаматова жарандык никеде жашашчу. Расмий түрдө баш кошууга эмнегедир Алексей каршы болчу экен. Кийинчерээк бул каршылыгынын себеби билинген. Дубиндин Германияда үй-бүлөсү бар экен. Анын жубайы жана кызы барын Хаматова көпкө чейин билген эмес. Дубиндин үй-бүлөсү менен “мыйзамдуу түрдө ажырашпайм” дегени экөөнүн мамилесине чекит койгон.
Дубинди баш айланганча сүйүп, ал үчүн биринчи никесинен ажырашканы менен, мындай курмандыкка Дубиндин барбай койгону аябай өкүндүргөн. Ошондон кийин Хаматова жеке жашоосунда болуп жаткан жаңылыгы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартат. Жеке жашоосунда болгон кыйынчылыкка сынбай, кайра баш көтөрүп жашап келген Хаматова апрель айында үчүнчү жолдошу Александр Шейнден үчүнчү баласын төрөдү. Жогоруда сөз болгондой эле режиссёр күйөөсү Шейн менен көптөн бери чогуу жашаганы бала төрөгөнчө жашыруун эле.

ООРУЛУУ БАЛДАРДЫН КОЛДООЧУ ПЕРИШТЕСИ
Чулпан Хаматова актриса катары гана белгилүү болбостон “Подари жизнь” аттуу кайрымдуулук фондунун башчысы катары да таанымал. Фонд кандын рагы менен ооруган жаш балдарга жардам берет. “Кандайча түзүлүп калган?” деген суроого актриса: “Эмнегедир баары фондду өз жашоосунда мындай илдетке туш болгону үчүн түзгөн деп ойлошот. Бул туура эмес. Бир жолу 1-Июнь балдар күнүнө карата кайрымдуулук концертин өткөрүп, түшкөн каражатты оорукчан балдарга өзүм алып барып бергем. Ата-энелери менен сүйлөшө келгенде оорулуу балдарга материалдык да, моралдык да жардам керегин билип, колдоо көрсөтөм деп аларга жана өзүмө сөз бергем”,- деп жооп берет.
Чулпан жыл сайын балдар күнүнө карата чоң масштабдагы кайрымдуулук концертин уюштуруп, оорулуу балдарга жардам берип келет. Бул жылы да 1-Июнга карата бул салтын бузган жок.

Сокушова Бактыгүл
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ЛИМОН
2010-06-08 03:26:11
"Курама кылыч курч болот",деп ар кимден кураптырда балдарды.
0
№ 396, 4-10-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан