УЛУУ КЫТАЙ СЕПИЛИ

Жер жүзүндөгү сегиз кереметтин бири катары эсептелген бул сепил Түндүк Кытайда жайгашкан. Улуу сепилди кытайлар «Ван ли чан чен» же бизче «Миң лиден ашкан сепил» деп аташкан. Кытайлардын бир “лиси” бизче 576 метрге барабар. Ал эми соңку эсептөөлөр боюнча анын жалпы узундугу орто эсеп менен 6350 чакырым. Бийиктиги орточо эсеп менен 6,6 метр, айрым жерлерде 10 метрге чейин жетет. Туурасы түп жагынан 6,5 метр кенендикте башталып, үстү 5,5 метрге чейин кууш тартып кетет. Үстүндө эки ат араба катар жүрө алат десек болот. Адамзат колу менен курулган сепилдерден бир гана ушул сепил космостон даана көрүнөт.

Бул архитектуралык эстеликтин курулушу б.з.ч. 3-кылымда же император Цин Ши-Хуанди (Цин династиясы) башкарып турган мезгилде башталган. Бул мезгилди тарыхчылар «Согушчул мамлекеттер доору» (б.з.ч. 475-221-жж.) деп да аташат. Уламыштарга караганда, кытай ордосунун көзү ачыгы: «Чыгыштагы көчмөндөр империяны жок кылат» деген кабар айтыптыр. Муну уккан император Цин чыгыштан кол салып турган көчмөндөрдөн коргонуш үчүн жана көчмөн жашоо образын Ортолук империяга киргизбөө максатында тез арада чеп курууга буйрук берет.
Сепилди куруу иши 2100 жылга созулган. Анын курулушуна ошол мезгилдеги өлкө элинин бештен бир бөлүгү, тагыраак айтканда, бир миллионго чукул жоокер, жумушчулар, кулдар, дыйкандар жана согуш туткундары түзгөн. Алар күн-түн дебей жер казып, килтейген таштар менен кирпичтерди кынап, айтор, кордук менен иштеп жүрүп, көбү өз үйлөрүнө кайтпай калышкан. Айрым маалыматтарга таянсак, иштин оордугунан, ооруга чалдыгуудан, тамак-аш жетишсиз болгондуктан, алсыздануудан жана башка көптөгөн себептерден улам 500 миңге чамалуу адам өлгөн.
Бирок, сепил да, каардуу башкаруу да Цин династиясын коргоп кала албаган. Анткени, биринчи кытай императору Цин көз жумган соң көп өтпөй империясы да кошо кулаган.
Кийинчерээк Цин династиясынын ордунда Хань династиясы түптөлүп, анын тушунда (б.з.ч. 206-жылдан б.з. 220-жылына чейин) сепилди батышка карай Дуньхуан аймагына чейин кеңейтишкен. Мындан сырткары, көчмөндөр­дүн кол салуусунан соода кербендерин коргоо максатында Күзөт мунараларын орнотушкан. Мына ушул Хань доорунда гана кытайлар толук кандуу бир бүтүн эл катары калыптана башташкан жана азыр да өздөрүн Хань династиясынын тукумдарыбыз деп аташат.
Ал эми сепилдин бизге жеткен бөлүгү негизинен Мин династиясынын (1368-1644 жж.) тушунда курулган. Бул доордо курулуш каражаты катары бышкан кирпичти колдонгондуктан, сепил бүгүнкү күнгө жеткен дешет. Акыркы Цин императордук династиясы да (1644-1911 жж.) сепилге өтө аярлык менен мамиле кылган. Антсе да үч кылым аралыгында мезгилдин жана табияттын таасири сепилди бүлүндүрүп, бир гана Пекинге жакын жердеги анча чоң эмес бөлүгү толук аман калган. Бул бөлүк Кытайдын борборун коргогон дарбаза катары кызмат аткарып келген.
Бүгүн Улуу Кытай сепили – бүтүндөй жер шаарындагы туристтерди өзүнө тарткан өзгөчө жай. «Сепилдин тарыхы – бул Кытай тарыхынын жарымы, андыктан, сепилди көрбөй туруп Кытайды түшүнүүгө мүмкүн эмес» дешет жергиликтүү элдер. Окумуштуулардын айтымы боюнча, эгер Цин, Хань, Мин доорлорундагы жана андан берки курулушка кеткен каражаттарды топтоп, Улуу Кытай сепилин улантсак анда жер шаарын он жолу тегерете курчаган сепил пайда болмок экен.
1984-жылы Улуу Кытай сепилин кайра баштан реставрациялоо боюнча иш-аракет башталган. Аны Кытай мамлекети менен бирге чет элдик компаниялар, жеке ишкерлер каржылоодо.
Баса, жакында эле Кытай бийлиги сепилдин узундугун кайра баштан өлчөп чыгуу боюнча чечим кабыл алышкан. Себеби, анын узундугу боюнча талаш-тартыш 500 жылдан бери токтобой келаткан эле. Эми сепилдин так узундугун тактоо болжол менен 2008-жылы аягына чыгат.
Айта кете турган нерсе, дал ушул Кытай сепили түрдүү окуяларга бай. Мисалы, кээ бирөөлөр сепилде никелешүүнү кааласа, айрымдар сүйүүсүн ошол жерден билдиргилери келет. Ошондой эле маданий иш-чаралар да өткөрүлөт. Мисалы, жакында эле 4-мартта Кытай сепилинин Бадалин деген жердеги бөлү­мүндө Кытай барабан музыкаларынын фестивалы өткөрүлдү. Мындай маданий иш-чара Кытайдын барабан музыкасын жайылтуу максатында уюштурулган.Бирок, ушундай шаан-шөкөт, иш-чаралар сепилге терс таасирин тийгизет. Ушундан улам өткөн жылы Кытай өкмөтү ушул эле сепилге байланыштуу жаңы иш-чараларды кабыл алган. Ага ылайык, 2007-жылдын 1-декабрынан баштап туристтерге сепилдин дубалынан сувенир алганга, оюп жазганга, тамга түшүргөнгө тыюу салынат. Мындан сырткары, сепилдин үстүндө унаа колдонгонго жана шаан-шөкөт өткөзгөнгө да болбойт.

Даярдаган Манас Алымбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 227, 9-15-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан