Дыйкандар "жазында эмне өстүрсөм кийин чет элге сатып, пайда таба алам?" деген суроого баш катырышат. Андыктан биз бул жаатта изилдөөлөрдү жүргүзүп көрдүк.
БЫЙЫЛ ДЫЙКАНДАРГА ЭМНЕНИ ЭГҮҮ СУНУШТАЛАТ?
Дмитрий Тен, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин жетекчиси:
– Быйыл түштүк аймактагы региондорго, өзгөчө Ош жана Жалал-Абад облустарына картошканы көп тигүү сунушталат. Анткени былтыр Өзбекстанга президент баш болгон делегация 2 ирет барган кезде өзбек тарап Кыргызстандан ири өлчөмдө картошка импорттоорун билдирген.
ӨТҮМДҮҮЛӨРҮ КУРГАТЫЛГАН МӨМӨ-ЖЕМИШТЕР, КАРТОШКА, ТӨӨ БУУРЧАК
Анара Беккулиева, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана суу чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг бөлүмүнүн жетекчиси:
– Дыйкандар өндүргөн айыл чарба продукцияларын дүңүнөн каалаган чет өлкөгө сата алышат. Бирок ал үчүн адагенде чет элден өздөрүнүн продукцияларын сатып ала турган компанияны таап, алар менен келишим түзүүлөрү жана алар койгон талаптар боюнча продукцияны өндүрүүлөрү керек. Чет элдик компанияларды кантип таба алышат? Ал үчүн продукцияларын интернетке жарнамалоо, чет элдик компанияларга өзүнүн продукцияларын интернет аркылуу сунуштоо, эл аралык көргөзмөлөргө катышып, ага келген чет элдик компанияларды өздөрүнө тартуу жана башкалар кирет. Мисалы, 2017-жылы төө буурчак Түркия, Орусия, Казакстан, Болгария, Сербия, Грузия жана башка өлкөлөргө экспорттолгон. Жашылчалардын ичинен картошка жана сабиз Орусияга, Өзбекстанга, Орусияга көп жөнөтүлгөн. Пахта буласы Латвияга 496 400 килограмм жөнөтүлүп, акчасы 883 100 АКШ долларын түзгөн. Жемиштердин ичинен өрүк, алча, кокон гилас, шабдалы, кара өрүк, алма, алмурут көп өткөн. Жалпылап айтканда, 2017-жылы өсүмдүк продукциялары боюнча эң башкы экспорт товарлары кургатылган мөмө-жемиштер, жаңгак-данек аралашмалары, кургатылган мөмөлөр, төө буурчак, пияз, сарымсак болду.
ЧЕТ ЭЛГЕ САТУУ ҮЧҮН СЕРТИФИКАТТЫ КАЙДАН АЛУУ КЕРЕК?
Адыл Нурбаев, Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси:
– Биз жаңы үзүлгөн жашылчаларга, жемиштерге жана алардын кайра иштетилгендерине (кургатылганы) сертификат беребиз.
Фитосанитардык сертификатты (ФСС) берүүнүн жол-жобосу:
ЭСКЕРТҮҮ!
Эске алчу нерселер: Документтери толук болуп чек арадан өтүп, чет элге алып барган күндө да сата албай калгандар бар. Анткени сатып алуучулар продукциянын сырткы көрүнүшүнө, даамына, сорттолгонуна да карашат. Муну унутпоо керек. Көп өлкөлөр экологиялык таза жашылча-жемиштерди сатып алууга кызыкдар. Андыктан органикалык жер семирткичтерди колдонгондор утушат.
Дыйкан продукциясын кантип маркировкалайт?
Бул үчүн дыйкан продукциясынын таңгагынын сыртына продукциянын аталышын жана санын (өлчөмүн), даярдалган күнүн, сактоо мөөнөтүн, сакталуу шартын, тамак-аш продукция партиясын идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматты (мисалы, партиянын номерин), өзүнүн аты-жөнүн жана продукция даярдалган жердин аталышын жазып көрсөтүүсү зарыл.
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялар
• Борбордук лаборатория – Бишкек шаары, Маяковский көчөсү, 60, телефону: 0550 75 02 86.
• Ош облусу боюнча – Ош шаары, Исанов көчөсү, 42, телефону: 03222 5 50 23 (лаборатория курулуп жатат).
• Талас облусу боюнча – Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, Сатыбалдиев көчөсү, 22, телефону: 03456 2 61 14.
• Ысык-Көл облусу боюнча – Түп району, Түп айылы, Манас көчөсү, 124, телефону: 03945 2 60 21.
Ал эми Баткен, Нарын, Жалал-Абад облустарында лабораториялар жок. Айыл чарба министрлиги каржы маселеси чечилсе эле курулуп баштала турганын маалымдайт. Лаборатория жок жердеги дыйкандар башка аймактагы лабораторияга барып текшертүүлөрү зарыл.
ДЕКЛАРАЦИЯНЫ АЛУУНУН ЖОЛ-ЖОБОСУ
Чинара Диканбаева, Сыноо, сертификаттоо жана метрология Бишкек борборунун тамак-аш жана айыл чарба азыктарынын шайкештигин тастыктоо бөлүмүнүн жетекчиси:
– Кайра иштетүүдөн өткөн айыл чарба азыктарына: туздалган жана маринаддалган жашылчалар, шире, компот, нектар, джем, вареньеге жана ошондой эле күрүч, буудай, пахта, тамекиге декларация Сыноо, сертификаттоо жана метрология Бишкек борборунан жана Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун аймактагы филиалдарынан (Жалал-Абад, Ош, Талас, Бишкек шаарларында бар), ошондой эле аймактагы санэпидемстанциялардан берилет. Алынган декларациялар ошол эле жерлерден катталат.
Декларация үчүн керектүү документтер:
• Арыз
• Продукцияны өндүрүүчүнүн патенти же жеке чарбага берилген (ЖЧК, ААК, ЖАК) күбөлүгү
• Продукциянын маркировкаланышы (кыргыз жана орус тилдеринде)
• Техникалык кароонун жыйынтыгы (азыктардын кантип өндүрүлгөнү боюнча)
• Азыктарды импорттоочу өлкө жана андагы компания менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү, импорттоочу ишкананын дареги
• Продукциянын үлгүсүн лабораториядан текшерилгени тууралуу сыноо протоколу
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg