«Супердин сулуусу»
Биз үч жылдан бери сулуулар сынагын өткөрүп, жеңүүчүнү кышкысын экзотикалык ысык өлкөгө эс алууга жөнөтүп келебиз. Эсиңизде болсо бул жылы бир эмес, эки кымча бел кыздар жеңүүчү деп табылып, Мисирде эс алып кайтышкан. Сынак кайрадан старт алардын алдында, керме каш чүрөктөр кеңеш айтышып, кеп куруп бермекчи.
– Салам, сулуулар, биздин сынактан кийин тааныгандар болдубу?
Бегайым: – Ооба, тааныгандар көп. Көчөдө кетип баратсаң, “бул кыз “Супердин” сулуусу го” деген күбүр-шыбыр сөздөрдү көп эле жолу угуп калчу болдум.
Жамиля: – Ой, көбү эле таанып калышыптыр. Айрыкча жигиттер. Кээ бирлери токтотуп алып сурашат “гезиттеги кыз сенсиң да, ээ” дешип.
– Бул жеңишиңер силерге аз да болсо стимул боло алдыбы?
Бегайым: – Жеңиш мен үчүн чоң эле стимул болду десем жаңылышпайм. Мындан ары да максаттарыма жетериме ишенем.
Жамиля: – Ооба, болду. Ар бир адамдын максат-тилеги бар да. Албетте, чоң стимул пайда болду. Кичинемден бери эле ойлогон мүдөөмө жетем деп тилек кылам. Мындан ары да кай жерде болбоюн ак эмгек менен жеңишке жетериме ишенем.
– Мына, жакынкы күндөрү силер катышкан сынакты улантайын деп турабыз. Өзүңөрдөн кийинки катышуучуларга кандай кеңеш берер элеңер?
Жамиля: – Биринчиден, сынакка катышам деп келген кыздардын баарына ийгилик каалап кетейин. Кыргызстанда кара көз сулуулар көп экенине ишенем. Кыздар, эгер силер бул сынакка өтүп калсаңар, анда эле силердин чоң жеңишиңер деп айтам. Анткени өлкөбүздөгү көзгө басар гезитке чыгыштын өзү эле кандай сыймык?! Ошондуктан жеңилип калам деп ойлонбостон, өзүңөргө ишенгиле. Ийгилик каалайм!
Бегайым: – Менин берер кеңешим, өзүңөргө ишенгиле жана алдыга умтула билгиле!
– Кыздар, силер жумурай журтка таанылдыңар, эми кыргыз жүзүн чет жерде таанытайын деген оюңар барбы?
Жамиля: – Келечек алдыда деп ойлойм. Көрөбүз, мүмкүн сулуулар сынагына катышып калаттырмын, аны убакыт көрсөтөт.
Бегайым: – Жок. Мен болгону өз күчүмдү сынап көрдүм. Азыр убактымды билим алууга жумшап жатам. Анын үстүнө сулуулар сынагына катышууга чет өлкө менен келишим түзүш керек. Айтор, убаракерчилиги көп.
– Мүчө-келбетти кантип бир калыпта кармоо керек? Айымдарга силерден кеңеш...
Жамиля: – Мүчө-келбетти сактоо үчүн, дегеле, ден соолукка кам көрүүнүн башаты спорт деп билем. Ал эми жаш кыздардын ашыкча боёнушуна каршымын. Сырткы келбетке гана кам көрбөстөн, ички туюмуңузга да кулак түрө билсеңиздер баары жайында болоруна ишенем.
Бегайым: – Мен өзүм эч кандай диета кармабайм. Болгону жер-жемишти көп жейм. Менимче, ашыкча салмактан арылуу үчүн машыгуучу залдарга барып, спортту сүйүш керек.
– Силердин оюңарча кандай айым сулуу?
Бегайым: – Бою узун, өң-келбети келишкен мендей айым сулуу деп койбоймунбу. Негизи эле айымдардын сырткы келбети гана сулуу болбостон, ички дүйнөсү да сулуу болсо. Себеби ар бир адам табиятынан өзүнчө сулуу.
Жамиля: – Бул суроого мен бир ойчулдун мындай дегенин айтып берейин: «Жан дүйнөнүн сулуулугу өңү серт адамды да ажарлуу көрсөтөт, ал эми жан дүйнөнүн жардылыгы келбеттүү, сулуу адамдын жүзүнө терс изин калтырат. Бул бизде түшүндүрө алгыс иренжүүнү пайда кылат».
– Египетке баргандагы сапарыңар жөнүндө кеп кылсаңар?
Жамиля: – Биринчиден, Египетке барып келүүмө шарт түзүп бергениңиздер үчүн сиздерге чоң рахматымды айткым келет. Ал жакта көптөгөн кызыктуу окуялар болду. Бегайым экөөбүздүн кооз жерлерге суктанып отуруп, чогуу жүргөн тобубуздан калып калганыбыз эсимден кетпейт. Анан да ал жактагы жигиттердин биздин сууда сүзгөнүбүздү көрүп, “коёнум менин, балыгым менин” деп атап алышканы да жагымдуу маанай тартуулайт. Кыскасы, жомоктогудай эс алып кайттык.
Бегайым: – Египеттеги сапар эстен кеткис эс алуу болду. Элинин меймандостугу, пирамидалардын кооздугу, кыскасы, түркүн түскө боёлгон кооз жердин маданияты менен таанышуу кандай керемет экенин сөз менен жеткире албасмын.
– Кечиресиңер, ыңгайсыз суроо. Өзүңөрдү чын эле сулуу деп сезесиңерби?
Бегайым: – Албетте (күлүп).
Жамиля: – Ооба, ар бир адам өзүн сулуумун деп эсептейт. Бирок кээ бирлери аны жашырбай айтышат, кээ бирөөлөр билгизбейт.
– Дагы мүмкүнчүлүк берсе бул сынакка катышат белеңер?
Жамиля: – Жетет болуш керек. Башкаларга да мүмкүнчүлүк берели да.
Бегайым: – Жок, ушул жеңиш эле жетишет. Мүмкүн, кийинчерээк.
Бурул Исмаилова
star@super.kg