Көптөгөн окурмандарыбыздан ден соолук, анын ичинде интимдик жашоо багытындагы түрдүү суроолор келет. Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Грация» медициналык борборунун уролог-андрологу, сексологу Мирлан Айбашов жооп берет.
– Жолдошум 49 жашта. Акыркы күндөрү ал болбогон майда-барат нерселер үчүн ачууланып, сиркеси суу көтөрбөй калды. Төшөктө да мурдагыдай эмес, көңүл кош. Курбума даттансам «климакс болуп жатса керек» дейт. Угуп алып таң калдым. Эркектер да климакс болушабы? Анын белгилери кандай болот?
Анара, Ош шаары
– Ооба, эркектер да климакска кабылышат. Илимий тилде андропауза деп аталат. Буга тестостерон гормонунун аз бөлүнүп чыгышы себеп. Эркектерде 45-60 жаштарда климакс башталат. Бирок аялдардыкынан алда канча жеңил өтөт. Дайыма ичимдик ичип, чылым чегип, туура эмес тамактанып жүргөндөрдүн, кант диабети, атеросклероз сыяктуу ооруларга чалдыккандардын, белинен жаракат алгандардын климаксы оор өтөт.
Негизги белгилери: көп тердейт, денеси ысып турат, көзүнүн асты шишийт, салмак кошот, териси кургайт, булчуңдары алсызданат, көңүлү айнып, кан басымы жогорулайт. Уйкусу качып, унутчаак болуп, шалдырайт. Буттары, тизелери оорушу мүмкүн. Климакс учурунда эркектерде сексуалдык каалоо төмөндөп кетет. Мүнөзүнө да таасир бербей койбойт. Көпчүлүгү аябай урушчаак, ачуулуу, орой болуп, ишке көңүлү чаппай калат, болор-болбос нерсеге кыжырданышат. Эркектин физиологиясына жараша климакс 2-4 жылга чейин созулушу мүмкүн. Жолдошуңузга айтыңыз, дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп койсун. Буга кошумча простатит жана аденома оорусу бар же жок экенин да текшертип алат.
«УРУК БЕЗДЕРИМ УЮП ООРУЙТ»
– Менде көптөн бери өйүп жүргөн бир маселе бар. Аябай тез дүүлүгөм, жыныстык катнашка барганда бат бүтөт да, андан соң урук бездеримдин түбүндөгү кан тамырларбы, билбейм, уюгансып ооруйт. Бул эмнеден болушу мүмкүн?
Канат, Бишкек шаары
– Cүрөттөөңүзгө караганда, сиз өнөкөт везикулит же простатит, же гипертиреоз оорусуна кабылып, эякуляцияңыз (урук түшүрүү) бузулган. Сизге дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп коюуну сунуштайм. Калкан сымал бездердин иштөөсүн текшертип, гормондорго анализ тапшырып көрүңүз. Анализдердин жыйынтыгынан кийин гана так диагноз коюуга болот.
«ЖОЛДОШУМ ЖОК. МАСТУРБАЦИЯ КЫЛГЫМ КЕЛБЕЙТ»
– Жолдошум менен ажырашканыма 2 жыл болду. Күйөөгө тиейин десем татыктуу киши жок. Эч бир эркек менен мамиле курбайм, мастурбация да кылгым келбейт. Бирок бат эле жыныстык катнашта болууну каалап кетем. Өтө каалаган күндүн эртеси оозумдун айланасына бүдүр чыгат. Эмне кылуу керек?
Тахмина, Екатеринбург шаары
– Узакка жыныстык катнашта болбоо ден соолукка кедергисин тийгизет. 2 жыл эмес, 1-2 ай жыныстык жашоо үзгүлтүккө учураса да гормондордун бузулуусунан ар кандай онкологиялык оорулар, миома, киста пайда болушу мүмкүн. Анткени жыныстык жашоо башталгандан тарта аялдарда эстрогендик, ал эми эркектерде андрогендик гормондор үстөмдүк кылып, өз функцияларын аткара башташат. Жыныстык жашоо токтогондо ошол функциялар аткарылбай калат да, жогоруда айтылган оорулар пайда болот. Оозуңуздун айланасына бүдүрлөрдүн чыгуусу да гормондорго байланыштуу. Андыктан ойлонуп көрүңүз.
«ӨСӨБҮ ЖЕ ТОКТОЙБУ?..»
– Жашым 19да. Жыныс мүчөмдүн узундугу болжол менен 14-15 сантиметр. Сурайын дегеним, мындан ары да өсөбү же токтойбу? Алдын ала рахмат!
Абдылда, Кызыл-Кыя шаары
– 14-15 сантиметр – бул стандарттык өлчөм. Негизи жыныстык мүчөнүн чоң же кичинелиги кумар алууга тоскоол болбойт. Эркекке өстүрүүнү эмес, өнөктөшүнүн эрогендик жолдорун билүү менен жыргалдын туу чокусуна чыгарууну билүү, позитивдүү маанайда жүрүү жетиштүү.
«ПРОТЕИНДИН СЕКСУАЛДЫК ЖАШООГО ЗЫЯНЫ ЖОКПУ?»
– Спортчумун. Жашым 20да. Кээде атайын чыгарылган спорттук витаминдерди, тамак-аштарды (протеин) ичип турам. Булардын жыныстык жашоого зыяны жокпу? Дагы бир суроом, аба ырайы бир аз суук болсо эле бат-баттан заара ушатып калам. Суук тийгенби?
Акжол, Бишкек шаары
– Бат-бат заара ушатсаңыз, демек, простатитке (өнөкөт бактериалдык же бактериалдык эмес) кабылгансыз. Тиешелүү анализдерди тапшырып, дарылануу курсунан өтүңүз. Спорттук тамак-аштар боюнча айтсам, аны пайдаланардан мурун каражаттын курамы боюнча дарыгерден кеңеш алыңыз. Мындай каражаттар гормондордун иштелип чыгуусуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Гормондор болсо жыныстык жашоодо чоң роль ойнойт.
«БИР ДА ЖОЛУ ЖЫНЫСТЫК КАТНАШКА БАРГАН ЭМЕСМИН...»
– 25темин. Бир да жолу жыныстык катнашка барган эмесмин. Шарияттын жолу боюнча биринчи жолу нике түнүмдө болсом дейм. Бирок кыздарды көрүп кыйналып жүрөм. Акыркы күндөрү ныксырап, денем оорлошуп жатат. Бул ден соолукка зыян эмеспи?
Ахмед, Кант шаары
– Албетте, зыяны бар. Гормоналдык бузулуу келип чыгып, жыйынтыгында ар кандай оорулардын, мисалы, конгестивдүү простатит менен аденоманын жаралышына жеткириши мүмкүн. Ошондой эле жыныстык мүчөдөгү кан тамырлардын ичкерип кетишине, тукумсуздукка өбөлгө болот. Сезгенүү процесстерине кабылып, бел талыкшып ооруйт. Мындай илдетке кабылбайын деген мырзалар эбин таап, жумасына 3-5 жолу жыныстык катнашка баруулары керек.
«ЖАТЫНЫМДЫ АЛДЫРДЫМ...»
– «Эртең, бүрсүгүнү дарыланам» деп жүрүп оорум өтүшүп кетиптир. Аргасыз жатынымды алдырууга туура келди. Мени сарсанаа кылган нерсе – мындар аркы сексуалдык жашоом эмне болот?
Фарида, Токмок шаары
– Кабатыр болбоңуз, сексуалдык жашоо кадимкидей эле улана берет. Ал жатындан көз каранды эмес.
Эч кимге ооз барып айта албаган, ден соолук жаатындагы жүрөк өйүгөн суроолоруңуз болсо, бизге, 0557 75 63 19 WhatsApp номерине же erotika@super.kg электрондук дарегине кат жазыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кызматкерлеринен жооп алып беребиз.
Венера Камалова