Бул сынагыбыз жарыялангандан бери коомубузда бири-бирине түспөлдөш адамдар арбын экенине чогуу күбө болуп келебиз. Адатта окурмандар кайсы бир атактуу инсанга окшош экенин далилдеп, бизге сүрөттөрүн алып келишчү. Бул ирет бизге ырчы Бегимай Бекбоева кайрылып, “апама окшош бала экен” деп Элдардын сүрөтүн алып келиптир.
Апаев Элдар Кант шаарындагы мектептин 9-классынын окуучусу. Улуту карачай. Куудул айым Жаңыл Бекбоевага чын эле окшош экен деп калдыңызбы? Эмкиде сиздерден да окшоштордун сүрөтүн күтөбүз.