АКЧА АЛМАШТЫРУУДА АЛДАНЫП КАЛБАҢЫЗ

Акча алмаштыруу жайынан акча алмаштырып, бирок кийин алданып калганыңызды билген учур сизде да болду беле? Сурамжылоо учурунда акча алмаштыруучу жайлардан алданып калган адамдардын саны бир топ экендиги билинген. Дал ушундай окуялардын жана карапайым калк тарабынан түшкөн даттануулардын негизинде Улуттук банк акча алмаштыруу жайларынын керектөөчүлөрүнө акча алмаштыруу операциялары учурундагы укуктары жана милдеттерине көңүл буруусун эскертет. Кандай жайлардан акча алмаштыруу керектелет, кокусунан алданып калсаңыз эмне кылуу керек, ушул жана башка суроолорго төмөндөн жооп алыңыз.

АКЧА АЛМАШТЫРУУДА КАРДАРЛАРДЫ «СЫНДЫРУУ»
Учурда бардык жерден эле акча алмаштыруучу жайларды көрүүгө болот. Ал жайлар мыйзамдуу түрдө Улуттук банктан лицензия алып иштеп жатабы же жокпу, аны жөнөкөй кардардын текшерип отурууга убактысы жок же ага кызыкпайт. Текшерип алып, анан алмаштыруу керек экенин, балким, билбейт дагы. Качан гана маселе жаралганда кайсы эшикти каккылаарын билбей баш катырууга туура келет. Эң көп кездешкен маселе – бул базарлардагы акча «сындыруу».
Фейсбук баракчасында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, көпчүлүк адамдар базарларда акча алмаштырууда кантип алданганын айтып беришкен. Базардагы акча алмаштыруу жайына барып акча алмаштырууда 200 же 400 сомдой сумма жетпей калат. Кардар жетпей калганын айтканда, акча алмаштыруу жайынын кызматкери өзү санап көрүп, жетпей калган сумманы кошуп берет (колу көнгөн адам бир канча купюраны алаканына бүктөп алып калат дешет), ага ишенген кардар санабай эле акчасын алып кете берет. Үйүнө барганда гана көп суммадагы акча жетпей калганын билет. Эртеси барса ал жай жабык же кеч иштейт. Лицензиясы да жок, видеокамера да жок, демек, далил да жок. Акча алмаштыруу жайларынан жасалма купюраларды берип коюшканын, бирок кийин аны далилдей албай калганын айтып даттангандар да бар.

АКЧАНЫ КАЙДАН АЛМАШТЫРУУ КЕРЕК?
Маанилүү! Акча алмаштыруу операцияларын
атайын коммерциялык банктардын бөлүмдөрүндө, микрофинансылык уюмдарда жана Улуттук банк тарабынан чет элдик валюталарды алмаштырууга уруксат берген лицензиясы бар акча алмаштыруу жайларда гана жүргүзүү шарт. Лицензия алууда акча алмаштыруучу бюрого сөзсүз түрдө каттоо дареги көрсөтүлгөн каттоо тууралуу документ берилет. Улуттук банк керектөөчүнүн эсине салат: аталган каттын түп нускасы ар бир акча алмаштыруучу жайдын кардарларга жакшы көрүнчүдөй жеринде илинип туруусу керек. Ага ылайык, Улуттук банк кардарларга акча алмаштыруу бөлүмүнүн учурдагы жайгашкан дареги менен каттоо документиндеги даректи сөзсүз түрдө салыштырып коюусун эскертет.
Дагы эске алчу жагдай, лицензиясы жок жайлардан акча алмаштырууда кардар алдамчылык иш-аракеттерге аралашып калуусу мүмкүн. Кийин күнөөлүү тарапты табуу оор болот, анткени Улуттук банк тарабынан лицензия албай иштеген бюролордун далил болчу документтери жок болуп чыгат. Дагы бир жагдай, аталган бюролор салык төлөбөй, көзөмөлгө алынбаган иш-аракеттери менен мамлекеттин экономикасына да терс таасирин тийгизет.

АКЧА АЛМАШТЫРУУДА ЭМНЕГЕ КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК?
Акча алмаштыруу бюросун тандоодо керектөөчүлөр үчүн валюталар курсу боюнча маалыматтык такталардын бардыгы, кандай жабдылганы, жарандардын даттануулары тууралуу түшүндүрмөгө көңүл буруу керек.
Акча алмаштыруу жайынын ишмердүүлүгүнө нааразы болсоңуз, сын-пикирлерди төмөнкү даректеги Улуттук банкка жөнөтүңүз:
Бишкек ш., Үмөталиев к., 101.

Нааразычылыкты кароо үчүн ал билдирүүдө төмөнкү маалыматтар камтылышы керек:

– арыз берүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты;
– дареги;
– нааразычылык айтылган акча алмаштыруу жайынын аталышы, дареги так көрсөтүлүшү керек;
– аталган акча алмаштыруу жайынын ээсинин (физикалык же юридикалык) аты-жөнү;
– арыздын мазмуну;
– акча алмаштыруу жайы укук бузган күндүн датасы.
Билдирүүңүзгө жооп алуу үчүн аны жазуу жүзүндө каттап, аягына кол коюу кажет.

Кардардын талабы менен алмаштыруу бюросу маалымат бериши керек:

  • Аталган алмаштыруу жайын ачкан юридикалык жактын аталышын;
  • Валюталарды алмаштыруу кызматын көрсөткөн кызматкерлердин, алардын жетекчисинин кызмат орду, аты-жөнү (ФИО) тууралуу маалымат.Чет элдик валютаны алмаштыруу бир гана маалыматтык тактада көрсөтүлгөн чет элдик валютаны алып-сатуу курсу боюнча алмаштыруу маанилүү экенин билүү зарыл. Ал эми маалыматтык тактада көрсөтүлбөгөн курс боюнча акча алмаштырууга тыюу салынат.

Чет элдик валюталардын алып-сатуу курсу бүтүн сандан кийин сөзсүз түрдө үтүрү бар төрт ондук менен белгиленет. Валюталар курсун үтүр менен бөлбөй туруп же бүтүн сандан кийин төрт ондуктан көп белги коюуга жана башка кардарларды валюталар курсу боюнча адаштырган кыймыл-аракеттерге тыюу салынат.
Чет элдик валютаны алып-сатууда же алмаштырууда акча алмаштыруу жайларынын кандайдыр бир чектөө киргизүүгө же акчалардын чыккан жылына, аброюна карата түрдүү курстарды бекитүүгө укугу жок. Ошол эле учурда акча алмаштыруу жайлары өз алдынча комиссиондук сый акынын өлчөмүн беките алат. Кайсы учурда? Акча алмаштыруу операциялары төмөнкүдөй кемчиликтери болуп, ошол эле учурда шек жаратпаган нак (анык) чет элдик банкноттор менен жүргүзүлсө:
– алгачкы түсү өзгөрүп кеткен же башка боёктор үстүнө төгүлүп кеткен учурда;
– басмаканадан кемчилик кетсе;
– айрык, чапталган, эгер чапталган 2 бөлүк тең бир банкнотко тиешелүү болсо;
– бурчтары, четтери кем, үзүлгөн, анча чоң эмес тешиктери бар болсо;
– күйгөн жерлери болсо.
Аталган кемчиликтери бар сатууга жана сатып алууга мүмкүн эмес акча банкноттору ээсинин макулдугу менен акча алмаштыруу жайы тарабынан акт боюнча жана банкнотту каттоо үчүн банк-корреспонденттен алмаштырууга (экспертиза) кабыл алынат.

Акча алмаштыруу бюросу чет элдик валютаны алып-сатуу операциялары учурунда милдеттүү:

  • Кассадан чек берүү: салык органдарында каттоодон өтүүдө белгиленген тартипте фискалдык карта менен жабдылган көзөмөл-касса машинасынан же компьютерден өтүүдө колдонуу үчүн.
  • Кардардын суранычы менен маалымдама-сертификатты (тиркелет) көчүргүч кагаз аркылуу толтуруу. Сертификатка кызматкердин колу коюлуп, акча алмаштыруу жайынын мөөр же штампы менен бекитилиши зарыл. Акча алмаштыруу бюросунун мөөрүндө (штамп) сөзсүз түрдө аталган уюмдун, калк жашаган пункттун аталышы, идентификациялык салык номери (ИНН) болушу зарыл. Керектүү маалымдамалар жок болсо, кызматкердин колу коюлбаса жана мөөр басылбаса, маалымдама-сертификат жараксыз деп саналат. Маалымдама-сертификат үчүн акы алынбайт жана аталган документти башка адамдын атына которууга болбойт.

Кардарлардын эсинде болушу шарт, чет элдик валютаны 50 000 сомго барабар же андан көбүрөөк суммада (же чет элдик валюта менен тең баада) накталай акчада алып-сатуу сөзсүз түрдө адамдын аты-жөнүн аныктоо аркылуу жүргүзүлүшү керек. Башкача айтканда, адамдын өздүгүн аныктаган документ (сүрөтү менен) – паспорт, аскердик билет керек. Андыктан акча алмаштыруу жайлары адамдын өздүгүн аныктоочу документтерди сураган талаптарына түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз.

ЭСЕПТӨӨ ТАРТИБИ
Кардардын көзүнчө кассир сумманын өлчөмүн санап жана валютанын нак (анык) акча экенин текшерет. Эсептөөдө айырмачылыктар чыкса же кабыл алууга болбой турган акчалар болсо, кассир кардарга акчасын кайтарып берип, жетпеген сумманы толуктап келүүсүн сунуштайт.
Кардар тарабынан жетпеген сумма толукталганда кассир анын көзүнчө кайра эсептөөдөн кийинки чет элдик валютанын толук суммасын кабыл алат. Банкнотторду кайра карап чыгуу процесси кардардын көз алдында жүргүзүлүп, кассирдин столунда ашыкча каражаттар болбошу керек.
Эсептөөлөр текшерилгенден кийин кассир кардардын көзүнчө акчанын нак (анык) экенин аныктап, андан соң улуттук же чет элдик валютадагы керектүү сумманы берет. Ошол эле учурда кардарга кассалык чек, керек болсо маалымдама-сертификат берилет.
Кардардын талабы менен кассир анын көзүнчө валюталар детекторунда берилген чет элдик сумманы текшерип берүүгө милдеттүү. Кардар чет элдик валютаны алып-сатууда кассадан алыстабай туруп берилген сумманы кайрадан эсептеп чыкканга укугу бар. Эгер эсептөөлөр туура эмес чыгып калса, кардар сумманы кайрадан эсептөө үчүн кассирге берет. Кассир тарабынан да эсептөөлөр туура эмес болгону аныкталса, жетпеген сумманы толуктап, кардардын көзүнчө кайрадан санап чыгат. Акча атайын банкнот саноочу машинанын жардамы менен жүргүзүлсө болот, ал учурда машинанын эсептелген сумманы көрсөтүүчү таблосу кардарды карап турушу керек.
Маанилүү жагдай, көпчүлүк учурда жарандар рынок курсунан кыйла айырмаланган курста жабдылган акча алмаштыруучу жайларынын кызматынан пайдаланып алданып калышат. Ушул себеп менен Улуттук банк валютаны алмаштырууда так ушундай жайларда сергек жана кылдаттык менен мамиле кылып, сак болууну эскертет!
Эгер сиз Улуттук банк тарабынан берилген лицензиясы жок иш алып барган акча алмаштыруу жайын байкап калсаңыз же өзүңүзгө карата алдамчылык иш-аракеттерине туш болсоңуз, Улуттук банктын коомдук кабылдамасына билдирип коюңуз. Тел.: 0312 61-04-86 же mail@nbkr.kg электрондук дарегине кат жөнөтүңүз. Улуттук банк сиздин билдирүүңүзгө сөзсүз көңүл бурат.

Коммент: Акча алмаштыргандан кийин сөзсүз чек талап кылыңыз.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Eli.91
2018-04-10 21:21:20
Дордойдо акча алмаштырганбызда 2000 сом жетбей калды?айтсак тан албай койду?колунарга тоолук санап бердик дер,алар Алладан коркбогондор?бирок бир куну созссуз тешип ашыгы менен чыгып кетет.корккула кичине 6 санынар аман отуруп алып ушул ишти кыласынар?бир куну бул акчалар мучонорду жок кылат?ошондо кеч болот.
+2
xnurgul_gul
2018-04-10 23:24:46
Раматлык менин Апакем дагын 1500рублга алданды эле ыйлап акчанын эсебин чыгаралбай озунун акчасы эмес эле бир жерге толой турган акча эле мен дагын алдангам 1000сомго
+2
taibek12
2018-04-11 11:23:10
Мен дагы алданганмын Ош базардан 3000сомго милицияга барып кайра кайтарып беришкен азыр только банк аркылуу алмаштырам ишеничтуу
+3
Snejana
2018-04-12 12:39:22
Банктан отоору жок. Мен дагы алдангамын да.
+1
bem.03
2018-04-13 08:32:57
Ошскийден алмаштыргандар почти баары алдашат, атайын валютасын жогору кылып коюп алышат да азгырып. Мен да бир алданып экинчи жологус болгом ошол жакка.
0
Leilek91
2018-04-14 15:18:01
Мен да алдангам бирок 5 6 кадам басып эле санасам 2000 жетпейт кайра чуркап келсем эшигин бекитип жатыптыр айтсам кайтарып берген ошодон кийин банктарлан алмаштырып калдым
0
aiba_00
2018-04-15 00:40:26
Мен да алдангам Ошскийден почти 3500миндей акчамды сындырып калышыптыр, жанагынтип 400сом жеткизбей берип атканынан жетпей атат десем кайра кайра санатып мени баары бир жетпей атат десем озу санап туруп аа чын эле деп туруп 400сомду берген а зато канча акчамды алдырып ийгем уйго барып ары санайм бери санайм жетпейт болбосо ошол ички чонтогумдон чыгарбай эле келгем, доказайтетеалбасымды бмлгем, азыр толька чек берген жерден алмаштырам. Ошскийде кыдырата тизилген курсун кымбатыраак жердегилер аман
0
aiba_00
2018-04-15 00:41:35
эле болгула, и андай жерден алмаштыра корбогуло созсуз алданасынар, жаман лоховойтетишет.
0
aiba_00
2018-04-15 00:44:47
Карапайым элди курсун кобуроок койсо ошояка барабыз да бир аз кобуроок болсун деп, алданып калаарыбызды билбей. Бир кундо канча элди сыздатаар экен.
0
№ 805, 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан