БОРБОР АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАңЫ МУУН АКАДЕМИЯСЫ КАБЫЛ АЛУУ СЫНАГЫН ЖАРЫЯЛАЙТ

Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) Жаңы муун академиясы (ЖМА) университетке даярдоочу бир жылдык интенсивдүү окуу программасы. ЖМАнын сабактарынын негизин англис тили, TOEFL тест, математика сабактары түзөт. Окуудан тышкары ЖМАнын студенттери БААУнун студенттик клубдарына жана ар түрдүү семинарларга, лекцияларга катыша алышат.
ЖМАнын максаты – Кыргызстанга орто билим берүү окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн жогорку жана сапаттуу билим алууга даярдоо. Сынактын жүрүшүндө Кыргызстандын 7 дубанынан орто билим берүү окуу жайларын ийгиликтүү аяктаган 25 бүтүрүүчү Жаңы муун академиясында 2018-2019 окуу жылында БЕКЕР билим алууга мүмкүнчүлүк алат.
ЖМАнын стипендиялык программасы студенттердин бир жылдык
окуусунун толук наркын, студенттин жатаканасын жана ай сайын берилүүчү стипендиясын каржылайт.

ЖМАнын СТИПЕНДИЯСЫНА ТАНДОО ТАЛАПТАРЫ:

  • Кыргызстандын жараны болуу.
  • Орто билим берүү окуу жайын ийгиликтүү аяктоо же бүтүрүүчү класста/курста окуу.
  • Англис тилинде орто деңгээлде жазуу жана сүйлөө.
  • Финансылык талаптарга туура келүү.


ЖМАнын СТИПЕНДИЯСЫНА ТАПШЫРУУ ЖОЛДОРУ:

I баскыч: 2018-жылдын 4-майына чейин ЖМАнын тапшыруу формасын жана бардык талап кылынган документтерди ЖМАнын башкы бөлүмүнө тапшыруу.
II баскыч: 2018-жылдын май жана июнь айларында жарым финалчылар англис тилинен тест тапшыруу жана маектешүүдөн өтүү.

МААНИЛҮҮ: ЖМАнын стипендиясынын атайын формасын ЖМАнын сайтынан же ЖМАнын кеңсесинен (420-кабинет) алууга болот.
ЖМАнын стипендиясынын керектүү документтери жөнүндө толук маалымат ЖМАнын www.nga.auca.kg сайтында жазылган.

ЖМАнын БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ
ПРОГРАММА ТУУРАЛУУ:

ЖМА ’15, БААУнун Социология факультетинин студенти Мингойим Нишонова:
– ЖМА – бул жаш лидерлердин өсүүсүнө мыкты шарттарды түзүп берген даярдоо программасы. Студенттер сапаттуу билим алуу менен бирге өзгөрүүлөр аркылуу максаттарына жетүүгө дилгир болууну үйрөнүшөт. Мен ЖМАнын стипендиясы аркылуу бир жыл окугандан кийин БААУга ийгиликтүү тапшырып өттүм. Кызыктуу студенттик жашоо, өзүмдү көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү, долбоорлорумду ишке ашыруу жана эң мыкты инсандар ЖМА аркылуу эсимде калды. Кесипкөй профессор жана окутуучулардан англис тили жана математика багытында терең билим алып, мыкты өздөштүрүүгө жетиштим. ЖМА мен үчүн билим, саякат жана өнүгүү дүйнөсүн ачты!

ЖМА ’16, БААУнун Бизнести башкаруу факультетинин студенти Станислав Бубликов:
– ЖМА – студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүчү, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратуучу жана сиздин өзүңүздү таанып билүүңүзгө шарт түзгөн программа. ЖМАда бир жыл окуганым мага зор таасир берди. Программа мени активдүү, атаандаштыкка туруктуу болууга жана максаттарга тайманбай жетүүмө үйрөттү. Себеби ЖМАнын башкы өзгөчөлүгү – бул жогорку деңгээлде билими бар профессорлор. Менин окутуучуларым TOEFL тестин мыкты тапшыруума даярдашты. Алган билимимдин негизинде БААУнун башкы сынагында алдыңкы балл топтоп, Бизнести башкаруу факультетине кабыл алындым. Менин инсандык өнүгүүмө ЖМАнын кошкон салымы чоң.


БАЙЛАНЫШ ҮЧҮН МААЛЫМАТ:
Борбор Азиядагы Америка университети, 720040, Кыргызстан,
Бишкек шаары, Аалы Токомбаев көчөсү, 7/6
Жаңы муун академиясынын кеңсеси, 420-кабинет
Уюлдук тел.: +996 554 550 939. Тел.: 0312 91 50 00 (кошумча: 485/486)
E-mail: nga@auca.kg
Сайт: www.nga.auca.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nurdinur
2018-04-10 16:14:49
Созсуз тапшыргыла 11-класста окуп жаткандар. Мен азыркы учурда окуп жатам. Менда былтыр ушул маалыматты супер инфодон окуп тапшырган болчумун.
0
№ 805, 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан