Замирбек Сооронбаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «МЕН КААРМАНДАРЫМДЫ, АЛАР МЕНИ САГЫНЫП УШИНТИП ОТУРУП КАЛДЫК»

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кыргыз театрында, киносунда опол тоодой эмгек жасаган Замирбек Сооронбаев 3 жыл мурун инсультка кабылган. Актёрдун акыбалын сураганы барганыбызда ал сахнаны сагынып жатканын, жашоого болгон көз карашын, күлкүлүү окуяларын айтып отурду.

– Замирбек байке, ден соолугуңуз жакшыбы? Бул илдет кантип жабышты?
– 2015-жылы Каракол шаарына баргам. Кан басымым көтөрүлүп турган экен, капысынан инсульт болуп калдым. Убагында алгачкы жардамды жакшы көрсөтүп аман алып калышты. Жандандыруу бөлүмүнө 10 күн жаттым. Мына үч жыл болду, үйдөмүн. Азыр жакшымын, болгону баса албай жүрөм.

– Айыгып кетиңиз. Актёрдук кесипке айрымдар кокусунан келип калышат экен, айрымдар ушул кесипти сүйүп келип калышат экен. Сиз кайсынысына киресиз?
– Бала кезимде актёрлукка үйрөтө турган кесип бар экенин билген эмесмин. Тек кызыгуум бар эле. Бизде Нарын шаарында облустук театр бар болчу. Ал жактан спектакль көргүм келе берчү. Таенемдин колунда чоңойдум. Ал киши өзү да, тукуму да өнөрлүү, сөзмөр адамдар болгон. Таенемдин таасири болду окшойт. Борборго келип 2 жылдык актёрдукка даярдоо курсуна окуп, кийин Ташкентке театралдык окуу жайына өтүп кеттим. Окууну бүтүп келгенде Кыргыз драма театрына бөлүндүк. Ошодон бери ушул жердемин.

– Залкар актёрлордон кимдер менен иштешип калдыңыз?
– Мен бул жашоодо өтө бактылуумун. Анткени театрдын залкарларынын түбүн ичтим, театрда чогуу ойнодум, акылын уктум. Даркүл Күйүкова, Арсен Өмүралиев, Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Таттыбүбү Турсунбаева, эми алар укмуш талант эле да. Ал кезде театрдын дүркүрөп турган кези. Алардын арбагына таазим кылам, улуу муун акчасыз эле бакандай кыргыз актёрлук мектебин түзүп кетишти.

– Атаандашуу театр дүйнөсүндө өзгөчө болот деп угам...
– Атаандашуу алмустактан болуп келген, боло берет. Ал учурда укмуш болгон, бирок азыркыдай эмес. Азыр курулай атак-даңк, арзан наам, керт башынын кызыкчылыгы биринчи орунда. Ал кезде биринин аркасынан көз көрүнөө жамандап, маданиятсыз нерселерди жазып кетип, курулай каралоо деген нерсе жок эле. Кээде Сабира Күмүшалиевадан сынап сурап калчумун. «Эже, Бакен эже кандай эле жашоодо?» десем, ал «Бакен деген Бакен да» деп койчу. Улуулугу ушунда эмеспи.

– Бакен эже тууралуу сөз болуп калбадыбы, эженин трагедиялуу өлүмүнө ар ким ар кандай кеп айтып жүрүшөт го?..
– Мен эжени «ичип калган, театрдан куулган, тиги-бу» деген сөздөргө такыр кошулбайм. Эч далили жок. Эже ден соолугу жакшы болбой, иштей албай калган. Эми ден соолуктун кепилдиги жок экен. Андай тагдырды ал сатып же сурап алган жок. Бакен Кыдыкееванын туулганына жүз жылга жакындап калды, андай талант төрөлө элек, төрөлүшү да күмөн.

– Ал кезде маданияттын эпохасы болуп турган үчүн ошондой талантты өстүрүп чыгаргандыр. Азыр деле жакшылап карасак Таттыбүбүлөр, Бакендер бардыр...
– Мүмкүн. Коомду өзүбүз бузуп алдык. Талантты көрүү үчүн ошол кездеги баалуулуктар керек. Баалуулуктар өзгөрдү. Башка нерселер менен алектенип калдык. Руханий жактан жардыбыз. Ошол ачарчылыкты тойгузмайынча биз талантты көрө албасак керек.

– Сиз Семетейдин ролун 25 жыл бою ойногонуңузду уктум, бир ролду ушунча убакыт ойногон сейрек кездешсе керек?
– Театрга келген 40 жылдан бери мен жалаң оң каармандарды ойнодум. Өтө эле көп ролдорду ойнодум. Үч жылдан бери үйдө отуруп, каармандарым мени сагынып, мен аларды сагынып отурган кезибиз. Сен айткандай, Семетейдин ролун 25 жыл ойнодум. Азыр деле ойногум келет, бирок...

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз...
– Жубайым Калича Сейдалиева актриса. Экөөбүз төрт жыл сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Бир уул, бир кызым бар. Неберем биздин колубузда чоңойду. Айбекти (ред.: ырчы Айбек Замирбек уулу) билесиңер. Ал жөнүндө журналисттер кеп кылса эле, "качан үйлөнөт?" деп сурайбы деп коркуп кетем. Үйлөнсө дегенде эки көзүбүз төрт. Сурасак, жыл сайын «быйыл» деп коёт. Сөзгө сараң, сырын да айтпайт.

– Уулуңуздан ырчы чыгарын билгенсизби?
– Жок, кайдан? 9-классты бүтүп жатканда «окубайм, техникумга кирем» деди. Классташтарынан бою узун болчу, ошого уялып жаткан го деп макул болдум. Техникумда окуп жүрүп «ата, иштейм» деп калды. «Мейли» десем түндө бир-экиде, кээде үчтө келет. «Эй, сен күндө эле иштей бересиңби, официант деген нөөмөт менен иштейт да?» десем, «Ким айтты мени официант деп?» деди. «Анан эмне, ресторандын директорусуңбу?» десем, «музыкантымын» деди. Ошондо билип жүрбөйүмбү. Кийин кайсы кафеде иштээрин билип алып апасы экөөбүз айтпай бардык. Айтып барсак келбей койчудай. Барып жашынып туруп уксам үнү аябай жакты.

– Жубайыңызды Ноорузда Умай эне катары билебиз. Бул идея кайдан чыккан?
– 1991-жылы Ноорузду майрамдап баштагандан эле Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген «Умай энеси» (күлүп). Негизи Аскар Акаевдин уулу үйлөнгөндө тоюнда Умай эне кылабыз деп чакырышкан. Идея ошондон келген. Кийин мэрия чакырып, аянтта болгон иш-чараларга катыша баштады. Элге да, өзүнө да жагып калды.

– Артист үй-бүлөгө туруксуз деген стереотип эмнеден келип чыккан деп ойлойсуз? Сиздердин үлгүңүздө үй-бүлөнү кантип сактоо керек?
– Бул сөз эми кыргыздын караңгылыгы деп ойлойм. Артисттерде себеп көп, эл көзүндө, талаа-түздө көп болот. Менин деле аялым актриса болбосо ким чыдайт эле билбейм. Биз чогуу окудук, чогуу иштеп келе жатабыз, бир толкундабыз. Ошондуктан сакталып калдык окшойт.

– Акыркы жолу эмнеге аябай кейидиңиз?
– Кыздарга. Өткөндө телевизордон көрдүм. Бир аял чет жакта жүргөн кыздардын көбү боюнан алдырып жатканын айтты. Эми бул табияттын талабы да. Солкулдаган кезинде чет жакка чыгып кетип жатышат. Каралбай жатышат. Анан эле ким эрте турса ошолорду боктоп жатып калышат. Биринин жашоосун билбей туруп айтып коюш жеңил, аны ал жашоодон куткарып алуу оор.

– Арманыңыз барбы?
– 6 бир тууганмын. 4 эркек, эки кыз. 52 жашка чейин эркелеп жүрдүм. Мен үчүн баарын агаларым бүтүрүп койчу. Атам 1983-жылы каза болду, апам андан кийин каза болду. Улуу агам 40 жыл автобазанын жетекчиси, экинчиси отставкадагы полковник, үчүнчүсү скульптор болчу. 2008-жылы сүйлөшүп алгансып үчөө тең 8 айдын ичинде каза болушту. Ушундан кийин кадимкидей картайып кеттим. Жакында туугандарымды чакырып куран окутам деп турам. «Эмне болду?» дешет. «Бир үйдүн эркеси элем, эми бир уруунун аксакалы болуп калдым, туугандарды чогултуп ата-бабаларга куран окутайын» дедим. Арманым ушул – жакындарымды жоготконум.

– Сакайып сахнага кайтыңыз.

"Жубайым экөөбүздү кызым "үйдөн жок дегенде театрды сүйлөшпөгүлөчү" деп урушчу".
"Кинодо, театрда да залкарлар менен иштештим".
"Уулум Айбек кичинесинен бир сырдуу, анын мүнөзүн өзүмдүн атама окшоштурам"


Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
mamatkerim
2018-04-17 09:18:26
Мен сыйлаган актер, Алла шыпаасын берип, тезинен айыгып сүйүктүү сахнасына кайтсын.
+17
Агата Кристи
2018-04-17 10:11:03
ООруп атса каткырып кулуп эле журот агай, ылайым айгып кетсин
+10
belka
2018-04-17 10:21:46
Алла шыпаа берсин!
+7
vangolu
2018-04-17 12:36:55
Жаш кезиндеги суроту Ахматбек Келдибековго окшош экен
+6
bibi87
2018-04-17 12:53:00
Айыгып кетиниз, мен сыйлаган актер.
+5
Shokoladka94
2018-04-17 17:34:08
Ден-соолук каалайм!
+4
Saliman
2018-04-17 18:59:46
Ото мыкты актёр.Аллахым шыпаасын берсин
+4
Djal1987
2018-04-18 05:40:55
Тааныбай калыпмын. Кесибинин эгизи. Сымбаттуу актер агай.
+1
nelli
2018-04-18 19:19:04
Мен баалаган актер. Айыгып кетиниз
+1
nurzada78
2018-04-18 20:26:04
Анан эмне ресторандын директорусунбу? деген созу жакты да
0
alina79
2018-04-19 01:07:45
Бул Замирбек мырза спектакльдин премьерасы болот деп,атасы каза болгондо топурак салганы да барбай койгонун айтбаптыр го?
-1
BubleGum
2018-04-23 11:24:55
alina79, _((( cозсуз жазып чыгыш керек беле?
+1
Aikan1966
2018-04-20 10:37:47
Союз мезгилиндеги суйуктуу актер,жакшы болуп кетсин.
0
Zainidin96
2018-04-20 23:16:31
Сакайып кетиниз агай алла шыпаасын берсин
+1
№ 806, 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан