Айчүрөк Иманалиева:
«МЕНИ ЭКИ ТОЙДОН КАЛТЫРДЫҢАР»
– Алло, мүмкүн болсо телефонго Айчүрөк эжени чакырып коёсуздарбы?
– Мен угуп жатам, ким сурап жатат?
– Эже, менин атым Замира. «Дордойдо» контейнер иштеткен бизнесмендердин биримин. Жакында менин атамдын 60 жылдык тою болот эле, ошого келип ырдап бербейсизби? Канча десеңиз, ошончо төлөп берем.
– Той кайсы жакта, качан болот?
– Той Таласта болот. 12-мартта башталып, беш күнгө созулат.
– Мен беш күнгө бара албаймын.
– Мейли, эже, анда үч күнгө барып бериңиз.
– Азыр жообун айтпаймын, анткени, далайлар ушинтип чалып, тамашалай беришет. Сен телефон номериңди бер, мен ойлонуп көрүп, өзүм чалайын. Анан жолугуп сүйлөшөөрбүз.
– Мейли, анда 68-19-14 телефонуна кечки саат 6га чейин чалсаңыз, мен үйдө болом.
Эки сааттан кийин телефон шыңгырап калды.
– Алло, Замираны мүмкүнбү?
– Мен угуп жатам.
– Менин атым Таалай, Айчүрөктүн жолдошу болом. Мен сиз айткан той боюнча сүйлөшөйүн дедим эле. Саат 4тө Совет көчөсүндөгү «Белона» деген эмерек саткан дүкөндүн жанынан жолугуп, таанышып, бетме-бет сүйлөшөлү. Кандай дейсиз?
– Телефондон эле чечишип алсак болбойбу?
– Жок, телефондон болбойт.
– Негизи, тойго эже барат да, ээ, ишене берейинби?
– Ошону жолугуп сүйлөшөлү деп атпаймынбы?
– Таалай байке, кечиресиз, бул «розыгрыш» болчу. Мен «Супер-Инфо» газетасынын кабарчысымын, атым Замира.
– Аа, ойногон турбайсыңарбы, азыр Айчүрөк эжеңе берейин.
– Алло, Айчүрөк эже, кечиресиз, мен Замирамын. Сизди тамашага салып көрөлү дедик эле.
– (Каткырып) Ай, ушинтип да тамашалайсыңарбы? Тим эле мен ишенип алыптырмын. Эмне менин сүйлөгөнүмдүн баарын диктофонго жаздырып алдыңарбы? Гезитке чыгарасыңарбы? Кокуй, мен туура эмес сүйлөп алган жокмунбу?
– Ооба, ушул санга чыгат.
– Ай-ий, мени тамашалайм деп эки тойдон калтырбадыңарбы. Силер менен сүйлөшкөндөн кийин 2-3 адам чалып, тойго чакырган болчу да. Антсе да мейли, рахмат, көңүлүмдү ачып койдуңар.
Бактыгүл Бадыева:
«ӨБҮШКӨН ЖЕРИН ӨЗГӨРТСӨҢӨР КИНОГО ТАРТЫЛУУГА МАКУЛМУН»
– Алло, саламатсызбы, мага Бактыгүл керек эле.
– Саламатчылык, мен угуп жатам.
– Бактыгүл, мен «Киностудиядан» чалып жаттым эле. Атым Замира, биз «Депутаттын сүйүүсү» деген кино тартканы жатканбыз. Ошол киного башкы ролду ойноп бербейсиңби? Гонорарды көп төлөп беребиз.
– Замира, бул боюнча жолугуп эле сүйлөшпөйлүбү?! Мен эки сааттан кийин бошоймун.
– Бактыгүл, анда мындай кылалы, «Супер-Инфо» газетасынын редакциясын билесиңби? Мен саат 4тө иштерим менен ошол жакка барат элем. Сен ошол жерге келип кал.
– Ооба, билем. 4тө барып калам.
Саат 4тө редакцияга келип, машинесинен түшө электе эле «мен Замирамын» деп тосуп алдым.
– Сен бул жерде иштечү эмес белең?
– Жок, мен киностудияда иштеп калгам. Жүрү, кабинетке кирип сүйлөшөлү.
– Бактыгүл, бул тартыла турган кино жана мен айткандай «Депутаттын сүйүүсү» деп аталат. Кинодо депутаттын сүйгөнүнүн ролун ойношуң керек. Болгону, ачык эле өбүшкөн жерлери бар. Тартыла бересиңби? Акчасын жакшы төлөп беребиз. Кинону Франциянын кинорежиссёрлору эки айда тартып бүтүшөт.
– Макулмун. Бирок, жанагы өбүшкөн жерлерин өзгөртсөңөр. Анткени, кинону көргөнгөндөр мени жаман көрүп калышат. Андан көрө аз эле кучакташтырып коюп, анан караңгы түн кылып койсо болот да, андан ары эмне болоору элге түшүнүктүү эмеспи. Эгерде ушундай кыла турган болсоңор мен макулмун.
– Демек, сен эл мени жаман көрүп калат деп тартылуудан баш тартып жатасыңбы?
– Эл эмес, мен өзүм да жаман көрөм мындай көрүнүштү. Анын үстүнө, эки ай убактымды бөлүшүм керек экен. Мен эки ай эмес, эки күн рекламага тартылсам өзүмө жете турган акча таап алам. Мага так айтсаң, канча каражат төлөйсүңөр?
– Бактыгүл, бул «розыгрыш» болчу.
– Ха-ха-ха!
– Алло, саламатсызбы, Замирге мүмкүн бекен?
– Угуп жатам, мен Замирмин.
– Замир, мен суусундук чыгаруучу фирмадан чалып жаттым эле. Атым Мээрим. Биз «Сүмөлөк» деген жаңы улуттук суусундук чыгарган элек. Ошону «Ноорузга» карата рекламалоого тартылып бербейсизби? Жакшы төлөп беребиз.
– Макул, силердин ишканаңар кайсы жерде? Азыр барып калам. Калганын барганда сүйлөшөбүз да.
– Анда сени Чүй проспектиси менен Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен күтөм.
– 20 мүнөттө барып калам.
Айтылган убакта Замир мырза жолукчу жерде пайда болду. Жолукчу жерден мени көрөөрү менен ырчы мырза күлүп жиберди. Биз бул «розыгрыш» болчу дегенибизде каткырып күлүп: «Ушунчалык да ишендирип алдайсыңарбы? Атайын келдим, эми эмнеңерди реклама кылып кетейин?» деп тамашага чаптырды.
Тамашалаган Замира Рахманбердиева