«КУМТӨР» КӨРСӨТКҮЧ КАТАРЫ.ИНВЕСТОР МЕНЕН ТҮЗҮЛГӨН КЕЛИШИМ ӨКМӨТТҮН ЖЕТИШКЕНДИГИ

Кимдир бирөө таң калышы мүмкүн, бирок бул факт! «Кумтөр» маселеси көп жылдан бери биринчи жолу өкмөттүн жетишкендиктер тизмесинде. Тагыраагы, өкмөт жана кыргыз тарап акционери болгон компаниянын ортосунда жетишилген макулдашуулар. Тизмеге кошулган пункт алтынга тете десек аша чапкан болбойбуз.

Сапар Исаковдун өкмөтүнүн жетишкендик тизмесине эмнелерди ишенимдүү кошсо болот? «Кумтөр» маселесин чечкенин. Эксперттердин пикиринде, кол коюлган макулдашууларды өкмөттүн гана эмгеги десе болот. Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү акыркы жыл ичинде канадалык өнөктөш менен оңой эмес сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бул сүйлөшүүлөр Сапар Исаков жетектеген жаңы өкмөттүн тушунда акыры соңуна чыкты. «Кумтөр» маселеси боюнча узакка созулган чиновниктердин биргелешкен эмгеги жемишин берди. Бул мактоого татыйт.
Жетишилген макулдашууларга ылайык, «Центерра» айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларга
50 миллион доллар бермекчи. Акча биринчи кезекте
Ысык-Көл акваториясында заманбап агынды тазалоочу жайларды курууга жана жаңылоого жумшалмакчы. Мындан тышкары 2009-жылдагы макулдашуудагы экологиялык төлөм 310 миң доллар болсо, эми жылына 3 миллион долларга чейин жогорулайт. «Кумтөр Голд Компани» көз карандысыз эл аралык «АМЕС» экологиялык кеңешчисинин бардык сунуштарын аткарууга милдеттенди. «АМЕС» буга чейин өкмөт тарабынан тартылган болчу.
Социалдык өнөктөштүктүн алкагында канадалык инвесторлор Улуттук онкология борборун жаңылоо жана техникалык камсыздоого
10 миллион доллар бөлдү. Биринчи бөлүгү 7 миллион доллар өлчөмүндө 2017-жылы берилген, ал эми Улуттук онкология борборун ким жабдый турганын тендердик комиссия ушул айда аныктайт.
Калыбына келтирүү Фондунун механизми так иштелип чыкты. Ага ылайык, каражат Кыргыз Республикасынын финансылык башкармалыктарында сакталып, жыл сайын 6 миллиондон
69 миллион АКШ долларына чейин көбөйөт.
Ошондой эле «Центерра» республикадагы жаңы жерлердеги геологиялык чалгындоо, кыргыз тарап менен биргелешкен кен ишканаларды ачууга инвестиция салууга даярдыгын билдирди. Көз карандысыз эксперттердин баамында, канадалык инвестор менен макулдашуу өлкөнүн инвестициялык климатына оң таасир берип, «Центеррадагы» Кыргызстандын акцияларынын наркын жогорулатат.
Бул гана эмес! Сапар Исаковдун өкмөтү «Кумтөр» ишканасынын жетекчилигинде өкүлчүлүктү кеңейтүүгө макулдашты. Эми компаниянын 5 жогорку жетекчисинин үчөө Кыргызстандын жараны болот. Алардын бири башкы менеджер кызматын ээлесе, калган экөө корпоративдик байланыш жана туруктуу өнүктүрүү боюнча директорлору болду.
Өкмөткө бул эмнеге керек? Өкмөт «Центерра» менен кызматташууну өлкөдө санариптик өнүгүү жана жаңы башкаруу ыкмаларына өтүүгө тыгыз байланыштырып жаткан өңдөнөт. Компаниянын өндүрүштө гана эмес, дүйнөлүк рыноктордо да, ачык-айкын иш алып барууда чоң тажрыйбасы бар. Алга секирик зарылчылыгы бар деп келаткан кыргыз технократтары так ушуга жетүүнү максат кылып келет эмеспи.
Өкмөт жакшы прецедент жарата алды. «Кумтөр» боюнча жаңы макулдашуу инвесторлор үчүн жакшы белги болуп, бийлик тил табышууга жөндөмдүү жана конкреттүү максаттарды коюп жатканын көрсөттү. Мындан тышкары «Центерра» менен сүйлөшүүлөрдү баштаган Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоодо жеңиши чечимдердин мындан ары уланышын камсыздай алат.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
mirlanpiter
2018-04-25 00:26:46
Кумторду акыры жеп жок кылышат бул чинуш соройлор ,мына палан миллион бияка анан тияка деп эле ..элге фокус корсотуп алдап коюшат
+1
№ 807, 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан