«УНААНЫН ЭЭСИН БИШКЕККЕ ЧАКЫРТЫШЫМ КЕРЕКПИ?» Адистин кеңеши

Учурда жарандарда автоунааны өзүнө каттатуу зарылчылыгы келип чыкты. Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинен 2-июлуна чейинки аралыкта автоунааны кайра каттоо арзандатылганы маалым. Темир тулпарды өзүнө каттатуунун жол жобосун издегендердин суроолоруна Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси Адылбек Рыскелдиев жооп берет.

– Саламатсызбы? Унааны өзүмө каттатайын дегем. Ишеним кат 3 жылга жазылган эле. Мурунку ээси Балыкчыда, мен Бишкекте турам. Мурунку ээсин сөзсүз таап, Бишкекке чакыртышым керекпи? Кандай жолдору бар?

Дамир, Бишкек шаары

– Эгер ишеним каттын мөөнөтү бүтө элек болсо, анда анын негизинде ээси жок деле өзүңүзгө каттата аласыз.


«УНААМ ОРУСИЯНЫН КАТТООСУНДА...»
– Эгерде унаа Орусия Федерациясынын каттоосунда болсо жана анын мурдагы ээси табылбай жатса эмне кылуу керек? Учурда унаамды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик унаа белгилерине (мамлекеттик номерге) өткөрө албай жүрөм.

Таалай, Бишкек шаары

– Мыйзамдын негизинде чет жерден сатылып алынган унаалар сөзсүз ошол өлкөнүн каттоосунан чыгарылышы жана алып-сатуу боюнча келишим түзүлүп, сатып алган жарандын наамына катталышы шарт. Андыктан унааңызды каттоодон чыгарып келүүңүз керек. Ошондон кийин гана өзүңүзгө каттатып, мамлекеттик белгилерди ала аласыз.

«САЛЫГЫН ТӨЛӨӨ КЕРЕКПИ?»
– Унааларды арзандатуу менен каттоо учурунда сөзсүз 2018-жыл үчүн унаа салыгын төгүү керекпи?

Максат, Ош шаары

– 2018-жылдын 27-мартында кабыл алынган токтомго ылайык, унааларды кайра каттоодогу жеңилдиктер 2-апрелден 2-июлга чейин созулат. Мурункудай 1 пайыз менен эмес, 0,1 пайыз жеңилдик менен унааңызды өзүңүзгө каттата аласыз. Анан, албетте, каттоо учурунда салык кодексинин негизинде 2018-жылга карата салыкты төлөө талап кылынат. Айрымдар "салыкты кошкондо ошол эле баа чыгып калууда" деп нааразы болушууда. Салык – бул эртеби-кечпи сөзсүз төлөнүүчү акча каражаты.


«ЭЭСИ МОСКВАДА ЭКЕН...»
– Унаамдын ээсин таба албай жатам. Документте Сокулук району деп турат. Көрсөтүлгөн дарек боюнча издеп барып таппадым. Сураштырсам ээси Москвада экен. Ишеним катсыз унааны өзүмө каттата аламбы же сөзсүз ээси керекпи?

Санжар, Жалал-Абад шаары

– Унаа Кыргызстанда, ээси Орусияда болсо, ишеним катсыз өзүңүзгө каттата албайсыз. Ээсин таап, ишеним кат жаздырып алууңуз зарыл.

«УНААНЫ ТҮЗ ӨЗҮМӨ КАТТАТСАМ ЖЕҢИЛДИК БОЛОБУ?»
– Жакында унаа сатып алганы жатам. Эгер мен машина сатып алып, ээсинен дароо өзүмө каттатсам да арзандатуу каралабы?

Ширин, Бишкек шаары

– Унааны өзүнө каттатуудагы 0,1 пайыз жеңилдик 2-июлга чейин гана. Ооба, бул мүмкүнчүлүктөн сиз да пайдалана аласыз.

«УНААМА МАМЛЕКЕТТИК БЕЛГИ КАНТИП АЛАМ?»
– Орусиядан алынып келинген унааны транзиттик номери менен 6 айдан бери айдап жүрөм. Кантип мамлекеттик номер алсам болот?

Рашид, Бишкек шаары

– Унааны чек арадан өткөрүп жатканда ага атайын документтер берилет. Ошол документтерди Мамлекеттик каттоо кызматынын өзүңүз жашаган аймактык бөлүмдөрүнө алып барып, өзүңүзгө каттатып, мамлекеттик номер алсаңыз болот.

«ИШЕНИМ КАТТЫН МӨӨНӨТҮ АЯКТАДЫ»
– Мен машинамды ишеним каттын негизинде айдап жүрчүмүн. Анын белгиленген мөөнөтү аяктады. Ишеним каттын негизинде өзүмө каттата аламбы? Эгер мүмкүн болбосо кандай жолдору бар?

Алтынай, Токмок шаары

– Ишеним каттын мөөнөтү аяктаса, демек, ал жараксыз. Сиз унаанын юридикалык ээсин, техникалык паспортто аты-жөнү көрсөтүлгөн адамды таап, андан ишеним кат жаздырып келип унааны өзүңүзгө каттата аласыз.

«КҮБӨЛҮКТҮ СӨЗСҮЗ АЛМАШТЫРУУ КЕРЕКПИ?»
– Унааны өзүмө каттатканда сөзсүз мамлекеттик белгисин, техпаспортун алмаштыруу керекпи? Кайсы учурда алмаштырбай коюуга болот?

Сагын, Кара-Балта шаары

– Жаңы кабыл алынган токтомдун негизинде унааларды жеңилдетүү менен каттоо учурунда (2-июлга чейин) мурун колдонулган мамлекеттик номерлер бекер берилет. Эгер заводдон чыккан жаңы номер алам десеңиз, 938 сом төлөйсүз. Техпаспортту алмаштырууга 840 сом (10 евро) төлөнөт. Төлөм евронун курсуна жараша өзгөрүлүп турат. Эгер алмаштырууну каалабасаңыз, техпаспорттогу «өзгөчө белгилер» деген жерге аты-жөнүңүз жазылып, мөөр басылат. Бул техпаспорт менен Кыргызстандын ичинде гана жүрүүгө болот. Кайсы бир күнү чет жерге чыгыш керек болсо которууга туура келет. Андыктан дароо эле жаңысын жасатып алган оң.

«ЮРИДИКАЛЫК ЭЭСИН ТААНЫБАЙМ»
– Мен унаанын үчүнчү ээси болом. Юридикалык ээсин тааныбайм. Бирок мага унааны саткан экинчи ээсин тааныйм. Ошол кишинин катышуусу менен унааны өзүмө каттата аламбы?

Аскар, Нарын району

– Тилекке каршы, унаанын экинчи ээсинин жазып берген ишеним катынын негизинде өзүңүзгө каттата албайсыз. Сөзсүз биринчи ээсинен, техпаспортто аты-жөнү жазылган адамдан ишеним кат алып келүүңүз шарт.

«КАЙРА КАТТООДО БААЛАР ЭМНЕСИНЕ КАРАП ЧЕГЕРИЛЕТ?»
– Мен 2004-жылы чыгарылган Хонда Фит унаасын айдап жүрөм. Кыймылдаткычынын көлөмү – 1300 куб. Өзүмө каттатып, номерин да алмаштырсамбы дегем. Эмнелерге акча төлөйм? Эсептеп бериңизчи. Унааны каттоодо баалар эмнесине карап чегерилет?

Айбек, Бишкек шаары

– Унаа каттоодо баалар унаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө, чыгарылган жылына жана кайсы өлкөдө чыгарылгандыгына жараша чегерилет. Алсак, КМШ өлкөлөрүндө чыгарылган унааларга болгон төлөм Европада чыгарылгандарга караганда арзаныраак.
Жаңы токтом боюнча, 0,1 пайыз жеңилдетүү менен 100 сом төлөйсүз. Автоунаа күбөлүгүн жана колдонулган номердик автоунаа белгисин калтырсаңыз анда компьютердик, банктык кызматтар үчүн 300 сомдой кетет. Мындан сырткары салык кодексине ылайык, 2018-жылга карата кыймылдуу мүлккө салык төлөө талап кылынат.

Болжол менен 100+300=400 сом.
Эгер өз алдыңызча эсептегиңиз келсе www.grs.gov.kg сайтындагы Транспорт жана айдоочулук курам бөлүмүндөгү «2018-жылга тарифтик торчо» менен таанышсаңыз болот.

Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы?
Анда биздин «Адистин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Суроолорду (0312) 32 33 26 номери, 0557756319 WhatsApp номери аркылуу жиберсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
asdef
2018-04-24 09:57:40
Рахмат жакшы кенеш болду
0
Missing-u
2018-04-24 10:59:45
Ээсин таап каттатыш кыйын болуп калатко а? Мисалы мурунку ээси отуп кеткен болсо же жазылган адресте жашабаган болсо каяктан табасын? Анан дагы налогту созсуз толош керек дейт мисалы мен сентябрьда тологом кайра озумо каттатыш учун дагы налог толосом ортодо 4 айдын акчасы куйуп кететко,мамлекетке бекер кетет бул жагы кандай болот эсептеп корсон коп акча чыгып калатта мага окшоштор коп болсо керек?
0
Rifle_I
2018-04-24 20:22:14
Missing-u,налог 2018-жылга төлөнүш керек деп жатат. Сиз 2017-жылга төлөдүңүз .
+1
Missing-u
2018-04-26 22:40:26
Rifle_I,2017 сентябрь дан 2018 сентябрь га чейин толонотко ошондо 2018 дин сентябрь келе элек азыр толосом кийинки жылы дагы ушул айда толонуш керек болот ошондо ортодо 4 ай куйуп кетеби деп сурадым эле
0
deva
2018-04-25 09:50:36
Missing-u, эмнеге куймок эле, 2018-жылдыкын толойсуз да. Ошону менен 2019-жылы толойсуз
0
Beknur10
2018-04-24 12:49:48
Менин машинам эжемде каталган ошол бойдон журо берсе болобу же озумо каттатвшым кеоекби
-2
Tyty1990
2018-04-24 13:10:19
Арзандатуу дегени менен акчасы ошол эле бойдон. Эптеп элди алдаса булар. Атаңа бар,энеңе бар деп эле турушат. Кезек күткөндү эми айтпай эле койоюн. Аман эле болсун ушул өкмөтүбүз
+5
stal.ks
2018-04-24 13:48:28
унаа башка областыкы болсо
учеттон чыгарып тех паспортту номурду алмаштырабыз дейт экен
акчасы женилдик жок мурдагы баага жетти
+2
Rifle_I
2018-04-24 20:22:45
stal.ks,Ошондо Жалал-Абад областынын унаасын Бишкекте өткөрүп алуу мүмкүн эмес бекен ?
-1
xnurgul_gul
2018-04-24 14:13:35
Супер инфо кыймылмыз мулк сатып алууда документтери жасалма эмес экенине кантип кепилдик беребиз менин эжем бишкектен жер сатып алды эле ал жердин 4 хозяини чыкты азыр териштирип журушот уй машина жер ж.б у.с нерселерди сатып алып жатканда кантип билебиз ушул боюнча адистерден кенеш алып бериниздерчи
+6
nelli
2018-04-25 01:15:11
Ээси отуп кеткен болсо же чет олкого кочуп кетсе (мисалга Европага) кантип таап келет?
0
Suluu4a
2018-04-25 03:53:13
Кобу машинаны жевачка алгандай алышат экен тооба...а документтеричи? Ойунчук алган жоксун го ...акыры...ызылдап журуп болсо да озуно каттарырган он. Общий 5мин сом кетет экен. ....
+1
Azatbek.Svoboda.
2018-04-28 12:33:24
Супер-Инфо жазып койгон ватсап номериңиздер суроо жазсам жооп болбой жататко?!
0
№ 807, 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан