«МЫКТЫ ЖИГИТТЕРДИН» УЛАНДЫСЫ ТАРТЫЛАТ

Тасма таржымалы

Бир жылдан бери популярдуу болгон кореялык «Мыкты жигиттер» тасмасы Кыргызстанда да өз көрөрмандарын тапты. Аталган тасманы алгач интернет булагынан көчүрүлгөн дисктерден көрүүгө мүмкүн болсо, кийин Казакстандын телеканалынан берилди.

Режиссёру – Жун Ки Санг
Продюсери – Кореядагы «Кей-Би-Эс 2» каналы
Сценарийдин автору – Ёко Камио
Башкы ролдордо – Ким Хён Чжун, Ли Мин Хо, Ким Сан Бом, Ким Хюн Чжун, Ку Хе Сон
Жанры – Драма, комедия

БААРЫ ТЕНТЕК КЫЗДАН БАШТАЛАТ
Байлардын балдары гана окуган мектепте «4 гүл» («Flower 4») тобу болот. Анын курамы Кореянын эң бай жана кадыр-барктуу адамдарынын 4 уулунан турат. «4 гүлдүн» жигиттери мектептин ичинде өзүнчө мыйзам киргизип, баары алардан коркуп турушат. Ошол эле учурда келишимдүү бул жигиттер үчүн эт-бетинен кеткен кыздар көп болот. Күндөрдүн биринде мектепке эрктүү, тентек жана тамашакөй, бирок кедей үй-бүлөнүн кызы келет. Жыйынтыгында, «4 гүл» тобунун эки жигити колунда жок кызды жактырып калып, тасма ушул сүйүү үч бурчтугунун тегерегинде уланат.

СЦЕНАРИЙДИН ИДЕЯСЫ КОМИКСТЕН АЛЫНГАН
Бир караганда кадимки эле «Күлчү» жомогун элестеткен сериалдын идеясы комикстен (сүрөттүү баян) алынган. Анын автору – япониялык сүрөтчү Ёко Камио. Сүрөттүү баян Японияда бөлүк-бөлүк болуп жарык көрүп отуруп, 11 жыл бою басылган. Кийин Тайвань, Япония, Корея жана Кытайдын сценаристтери бул комикстен жакшы тасма чыгарын сезип, ар бири өзүнчө сценарий жаза баштаган. Соңунда аталган өлкөлөрдүн режиссёрлору сценарийлер боюнча өз алдынча тасма жаратууга киришкен.

КОРЕЯ ГАНА ЧОҢ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТИШКЕН
Комикстин мазмунундагы тасманы алгач 2001-2002-жылы тайвандыктар тартып, сериалды «Жерге түшкөн жылдыздардын багы» деп аташат. Кореялыктар бул тасманы 25 серия кылып тартса, Тайвань режиссёрлору аны 45 серияга чейин созгон. Бирок тайвандыктардын тасмасы комикстеги мазмунга жакын. Ал эми япониялыктар «Гүлдөн да жакшынакай жигиттер» сериалын 2004-2005-жылдары тартышат. Корея 2008-жылы тасманы аяктап, бирок баарынан көбүрөөк популярдуулукка жетишет. Былтыркы жылы Кытай аталган өлкөлөрдөн кем калгысы келбедиби, алар дагы «Мыкты жигиттер» аталыштагы тасманы жаратышты.

ТАСМАГА КӨРК КОШКОН КООЗ ЖЕРЛЕР
Ошентип, идеясы бир эле комикстен алынган сценарий ар кайсы мамлекеттерде тасма болуп жаралып, көрөрмандарга сунушталган. Аларды бири-бири менен салыштыргандар көп. Бирок кино сынчылардын айтымында, бул жарышта «алтын медалды» алууга кореялык «Мыкты жигиттер» татыктуу. Япондор тарткан версия жеңил жана жомоктогудай деп бааланса, кореялык сценаристтер кайгылуу окуяларды көп кайталап жиберишкен. Бирок кооз Жаңы Каледония жана Макао аралдарында тартылган бөлүктөр сериалды кызыктуу кылган. Андан сырткары сериалдын актёрлору мыкты тандалып алынган. Алар комикстеги каармандарга өң-келбети жагынан окшоштугу менен өзгөчөлөнөт. Сериал ушунчалык популярдуулукка жетишкени үчүн бүгүн ага түрдүү телеберүүлөр арналып чыгарылат. Арасында сериалды анимэге (мультфильм) айлантып жибергендер да бар.

ИЙГИЛИКТИН ДАГЫ БИР СЫРЫ
Тасманын популярдуулукка жетишинин дагы бир себеби – музыка. Сериалдагы саундтректер көңүл бурууга татыктуу. Тасма жарыкка чыгары менен ырлар теле жана радиоэфирлерде таркап кеткен. «Мен акылдан азганмын» аттуу ырды тасмадагы каарман Чи Ху өзү аткарган. Айта кетсек, ал Кореяда «SS501» тобунда ырдайт. Ал эми угуучулар тарабынан эң сүйүктүү ыр деп табылган “Менин жанымда бол”аттуу ырды «SHINee» тобу аткарат. Бул ырдагы төмөнкү саптар:
Менин жанымда бол, сүйүү эмне экенин билбесең да,
Менин көздөрүмө кара.
Менин жанымда бол, сүйүүдө тажрыйбаң жок болсо да,
Мага жөлөк бол,- деген сөздөр жаштардын арасында өзүнчө сүйүү серенадасына айланган.

ЭМИ ЭМНЕ БОЛОТ?
Кореялыктардын 25 сериядан турган «Мыкты жигиттер» тасмасы былтыркы жылы «Кей-Би-Эс 2» телеканалында 5-январдан 31-мартка чейин көрсөтүлгөн. Тасма аяктаган соң күйөрмандардын суранычы боюнча, 30 мүнөттүк спешл (кыска сериал) тартылган. Ал жерде Гым Чан Ди менен Гу Чжун Пёнун үйлөнүү тою да көрсөтүлөт. Режиссёрлордун айтымында, бул спешлдин тасмага тиешеси жок. Муну кийинки сериал тартылганга чейин күйөрмандарга коюлган «тузактай» бааласак болот. Азырынча режиссёрлор сериалдын уландысы качан тартыларын айта элек. Бирок болжолдуу сценарий даяр. Тасма актёрлордун макулдугу берилери менен тартылышы ыктымал. Ал эми алар «Мыкты жигиттер» тасмасынан кийин көп компаниялардан сунуш алып, көбү 2012-жылга чейин бошобойт. Ошентип, сериалдын уландысын 2012-жылдан кийин күтө берсек болчудай.

«МЫКТЫ ЖИГИТТЕР» ТАСМАСЫНЫН 3-СЕЗОНУ
«Азиядагы эң популярдуу махабат дастаны» аталган сериалдын режиссёрлор тарабынан сунушталган кезектеги сценарийи:

  1. Чан Ди менен Чи Ху медициналык окуу жайда билимин улантышат. Бул аралыкта Чи Хунун чоң атасы ага жеке клиника ачып берип, ал анын жетекчиси болот.
  2. И Чжон менен Га Ылдын мамилеси андан ары өнүгүп, соңунда турмуш куруу менен аяктайт.
  3. Ву Биндин достору ага кыз таап беришет.
  4. Чан Ди окуп жүргөндө Чжун Пё менен мамилеси келишпей, окуусун таштап башка өлкөгө качып кетет. Ал артынан издеп жүрүп, таап алат. Бирок Чан Динин апасы алардын баш кошушуна каршы чыгып, кызынын окуусу аяктаганга чейин турмушка чыгуусуна тоскоол болот.
  5. Чи Ху чоң атасынын музейин жана ал ачып берген медициналык мекемени таштап, скрипка ойноону улантат. Ал эми клиниканы Чан Диге өткөрүп берет. Ушундан кийин Чан Ди менен Чжун Пёнун мамилеси салкындап калат. Чи Ху дагы бир жолу тагдырын сынап көрмөкчү болуп, Чан Динин колун сурайт. Бирок Чжун Пё кайрадан Чан Динин жүрөгүн толугу менен ээлеп алууга жетишет.

КААРМАНДАР ЖӨНҮНДӨ КЫСКА МААЛЫМАТ
Ким Хён Чжун (Чи Ху) – Актёр, бийчи, ырчы. Гитара жана пианинодо ойнойт.
Ли Мин Хо (Чжун Пё) – Актёр. Спорт менен алектенет жана ачуу калемпир кошулган куурдакты жакшы көрөт.
Ким Сан Бом (И Чжон) – Актёр. Футболго жана бейсболго кызыгат.
Ким Хюн Чжун (Ву Бин) – Актёр жана ырчы. Чет тилдер университетин аяктап, бош убактысында сноубординг менен алектенет.
Ку Хе Сон (Чан Ди)– Актриса. Тасмаларга тартылгандан тышкары чыгарма да жазат. Анын «Танго» деген китеби 30 миң нуска менен чыгып, окурмандардын арасында кызуу талкуу жараткан.

КЫЗЫКТУУ

  • Тасмада «4 гүл» тобун жактырган үч кыздын биринин ролун ойногон Жанг Жа Енг чыныгы жашоодо өзүн-өзү өлтүргөн. Мунун айынан интернет беттеринде «тасмадагы Гым Чан Ди же Га Ыль деген каармандар каза болгон» деген ушак тараган.
  • «Чан ди» деген сөз корей тилинен которгондо, «отоо чөп» дегенди билдирет. Ошондуктан тасмадагы Гу Чжун Пёнун апасы: «Чан дини түп тамырынан жок кылбаса, ал кайра өсүп чыга берет»,- дейт.
  • Тасмадагы каармандар Га Ыль менен И Чжон тасма тартылгандан кийин кыз-жигитке айланышкан. Расмий түрдө баш кошушпаса да, эл экөө окшош шакектерди тагынып жүрүшкөнүн көрүшкөн.

Эльвира Караева
koom@super.kg


Кино жаңылыктары

КУРМАНЖАН ДАТКА ТУУРАЛУУ ФИЛЬМ ТАРТЫЛУУДА
Элибиздин залкар инсандарын экрандаштыруу колго алынып, атактуу Курманжан датка тууралуу документалдуу жана көркөм фильм тартууга мамлекет тарабынан каражат бөлүнгөн эле. Аталган документалдуу фильм учурда Алай, Чоң Алайда, Ош жана Бишкек шаарынын тегерегинде тартылууда. Курманжан эненин образын чагылдырууда бир топ актрисалар тандалган. Тагыраак айтканда, 18, 30, 90 жаштагы кезин ар башка актрисалар аткарышат. Фильмдин режиссёру – Замир Эралиев. Ал эми фильмдин сүрөтчүсү актёр Догдурбек Кыдыралиев болмокчу. Документалдык фильм бүткөндөн кийин көркөм фильм тартыла баштайт.

«СВЕТ АКЕ» КАНН ФЕСТИВАЛЫНДА
Францияда өткөн Эл аралык Канн кинофестивалында кыргыз фильми да көрсөтүлдү. Фильмдин продюсери Алтынай Койчуманованын айтуусунда, тасма «Режиссёрдун эки жумалыгы» программасынын алкагында көрсөтүлгөн. Тасманын режиссёру Актан Арым Кубат үчүн бул жаңылык эмес. Эсиңиздерде болсо, 2001-жылы анын «Маймыл» тасмасы аталган фестивалда көрсөтүлгөн. Буга, албетте, жеке режиссёр гана эмес, жалпы Кыргызстан сыймыктанат десек болот. «Свет аке» фильминде алыскы кыштактардын биринде жашаган электриктин элге кылган жакшылыгы, күлкүлүү окуялары камтылган. Кызыгы, фильмде башкы ролду Актан Арым Кубат өзү ойногон. Фильмдин бет ачары Кыргызстанда күзүндө болору пландалууда.

КЫРГЫЗ «ОСКАРЫНА» АЛГАЧКЫ КАДАМ
«Айтыш» фонду кыска метраждуу фильмдерди тартуу үчүн атайын сынак жарыялаган. Жыйынтыгында, 62 кинодолбоор каралып, 10у иргелип алынды. Тандалган ар бир киносценарийге 2000 доллар акчалай каражат бөлүнүп, техникалык каражаттардан да жардам берилет.
Сынакка жаш режиссёрлордун ичинен Наргиза Маматкулованын «Жымжырт», Айбек Дайырбековдун «Жарык», Чолпонай Бөрүбаеванын «Калпак», Тынчтыкбек Акималиевдин «Түш», Айдос Токтобаевдин «Кыштак», Назым Мендебаировдун «Кемпир» тасмалары тандалды. Улуу муундагы режиссёрлордун ичинен Марат Сарулунун «Адам жана деңиз», Эрнест Абдыжапаровдун «Троллейбус», Нурлан Абдыкадыровдун «Эне», Нурлан Асанбековдун «Ыр кесе» тасмалары тандалды. “Бул жыл сайын уюштурулуучу кыргыз «Оскары» болушу мүмкүн” деп фонддун жетекчиси Садык Шер-Нияз айтып өттү.

КАЙРАДАН «КҮҮГҮМ»
Баарыбыз кызыгып күткөн «Күүгүм. Тутулган ай» тасмасы июнь айында жарыкка чыкты. Бул тасманы биринчи көрүү бактысы австралиялыктарга буюрду. Анткени тасманын бет ачары Австралияда болуп өтүп, ага каармандар Кристен Стюарт жана Тейлор Лотнер барышты. Жакын арада аталган тасма бардык өлкөлөрдө көрсөтүлө баштаары айкын болду.

СЫЙЛЫККА ТАТЫГАН ТАСМАЛАР
Жыл сайын өткөрүүлүчү Эл аралык Канн фестивалынын 63-аземи болуп өттү. Баш байге болгон «Пальманын алтын жалбырагын» 39 жаштагы таиланддык режиссёр Апичатпонг Вирасетакул «Бунме байке өзүнүн өткөн жашоосун эстейт» аттуу тасмасы менен жеңип алды. Гран-приге француз режиссёру Ксавье Бовуанын «Элдер жана Кудай жөнүндө» тасмасы ээ болсо, мыкты режиссура сыйлыгын Матье Амальриканын «Саякат» (Франция) тасмасы утуп алды. «Мыкты сценарий» сыйлыгын «Поэзия» тасмасынын сценарийин жазган корей жигит Чан Дон Ли илип кетти. Эң мыкты эркектин ролу үчүн «Сулуулук» тасмасында тартылган Хавьеру Бардему, аялдын эң мыкты ролун аткарганы үчүн «Аныкталган көчүрмө» тасмасында тартылган Жюльет Бинош сыйланды.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Maxalub
2010-06-07 21:40:09
2012-жылга чейин кантип чыдайм????????????????????????????????????
-1
alexandra
2010-06-08 02:33:20
hochesh umeret?
-1
Арина
2010-06-08 12:14:26
ал жерде прям 2012-жылы тартылат деген сөз жок, бир болсо тартылат, ошондуктан өтө күтө бериштин кажети жок
+1
kubanychbek dubanaev
2010-06-08 22:41:57
kyzykandarga diskterin jonotobyz
+1
МАЛЫШ
2010-06-11 14:53:31
aiabai soonun serial sovetuyu
+1
Wonderfullgirl
2010-06-11 17:42:19
Ким Японский версиясын коргон ушул сериалдын
+1
aijanasan
2010-08-30 15:20:42
Мен абдан,абдан,абдан суйом ушул кинону!!!!!!!!!!!!!
+1
№ 396, 4-10-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан