ӨПКӨНҮН РАК ООРУСУ шахтада иштегендерди, тамеки чеккендерди, цемент сатып иштегендерди көп тооруйт


Жашарып жана көп кездешип бара жаткан дарттардын катарында өпкөнүн рак оорусу да бар. Аталган дарттын жаралуу себептери жана айыктыруу ыкмалары боюнча маалыматты Онкология жана гематология Улуттук борборунун торакалдык бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Мукаш Бейшембаев айтып берет.



ӨПКӨ РАГЫ 4-ОРУНДА...

  • Кыргызстанда жыл сайын өпкөнүн рагы менен 700дөй жаңы оорулуулар катталат жана алардын 500гө жакыны көз жумат.
  • Өлкөдө онкологиялык оорулардын ичинен өпкөнүн рагы 4-орунда турат.


ДАРТТЫН БЕЛГИЛЕРИ
Өпкөнүн рагы дароо эле билинбейт, ал узакка жашыруун инкубациялык түрдө өнүгөт. Көбүнчө өпкөнүн өнөкөт сезгенүүсү сыяктуу белгилерди алып жүрөт.

Дарттын белгилери:

  • Алгач кургак жөтөл (аз-аздан какырык чыгышы мүмкүн);
  • Бара-бара жөтөл көбөйөт, адам ыкшып жөтөлөт.
  • Кээде какырык менен кошо кан чыгат;
  • Көкүрөк ооруйт (жөтөлгөндө жана терең дем алганда күчөйт);
  • Маал-маалы менен дене табынын көтөрүлүшү (антибиотик ичүүдөн жок болуп, кайра пайда болот).


КЕЛИП ЧЫГУУСУНА ЭМНЕЛЕР ТҮРТКҮ БОЛОТ?

  • Тамекинин түтүнү (өпкөнүн рак оорусу менен ооругандардын 95 пайызын үзгүлтүксүз тамеки чеккендер түзөт);
  • Жаш курак (улгаюу);
  • Радиация, күндүн зыяндуу нурлары;
  • Өпкөнүн өнөкөт оорулары (бронхит, кургак учук, пневмония. Булардан толук дарыланбоо);
  • Экологиянын булганышы
  • Кир, идиш жуучу жана кумурскаларды, канталаларды жок кылуучу химиялык заттарды көп колдонуу;
  • Учма жана чаң өңдөгү канцерогендер: асбест, кадмий, хром, мышьяк, автомашиналардан чыккан түтүн-ыш жана башкалар;
  • Нитрат, нитрит жана тамак-ашка жыт, өң, даам берүүчү кошулмалар (мисалы, Е621, Е630).


ДИАГНОЗ ЖАНА ДАРЫЛОО ЫКМАЛАРЫ
Диагноз үчүн керектелет:

  • Рентгендин сүрөтү, компьютердик томография, бронхоскопия жана башка.

Дарылоо ыкмалары:

  • Операция ыкмасы;
  • Химиялык дарылоо. Рак клеткаларына гана таасир этип, соо клеткаларга зыянын тийгизбөөчү заманбап көптөгөн химиялык дары-дармектер бар;
  • Нур менен кактап дарылоо;

Өпкө рагынын 4 стадиясы бар. 1-2-стадияларын дарылап айыктырууга болот. 3-стадиясын айыктыруу кыйын, 4-стадиясында дары-дармек менен гана оорулуунун өмүрүн узартып турууга мүмкүн. Андыктан оору белгилери билинер замат текшерилүү жана дарылануу зарыл. Жылына 1-2 ирет рентгенден өтүп туруу да дарттын өтүшүп кетүүсүнүн алдын алат.

ТҮРЛӨРҮ ЖАНА МЕТАСТАЗ (жайылып кетүүсү)
Түрлөрү:

  • Түйүндүү (узловатая) рак;
  • Бутактанган рак;
  • Аралаш рак (түйүндүү жана бутактанган).

Метастаз:
Рак өтүшүп кеткенде коңшу 1 же бир нече органга, ошондой эле кан жана лимфа суюктугу аркылуу бүт организмге жайылып кетүүсү мүмкүн. Бир нече органга жана бүт организмге тарап кеткенде өмүрдү гана узартып турууга мүмкүн.

ООРУГА КАБЫЛУУ КОРКУНУЧУ ЖОГОРУЛАР

  • Цемент, кум, көмүр, химиялык жер семирткичтерди дайыма сатып иштегендер;
  • Кен чыккан жерде эмгектенгендер (мисалы, шахтада, сурьма комбинатында);
  • Ширетүүчүлөр, тактай тилип-сатуу менен алектенгендер;
  • Химиялык жер семирткичтер менен өстүрүлгөн жашылча-жемиштерди көп пайдалангандар. Алардын курамында зыяндуу нитрат жана нитрит бар.

Айтылгандардын айрымдарына түшүндүрмө бере кетсек, мисалы, карагай тилгенде анын курамындагы чайыр, эфир майы жана тилгендеги чаң, таарындынын кыпындары учуп өпкөгө кирет. Ширетүүчүлөр темирлерди ширеткенде бөлүнүп чыккан уулуу заттар менен дем алууга аргасыз. Цемент, көмүр, кум сатып иштегенде алардын чаңы, кыпындары ооз, мурун аркылуу өпкөгө өтөт. Андыктан ооруга кабылуу коркунучу жогорулар атайын кийимдерди кийип, бет кап жана көз айнек тагынып, экологиялык таза азыктарды жеп-ичип, 6 ай сайын врачтарга текшерилип, рентгенге түшүп туруулары зарыл. Текшерилгенде врач сунуштаса ооруканага жатып дарылануу керек.

ТАМЕКИ ЧЕККЕНДЕР РАКТЫ ӨЗДӨРҮ САТЫП АЛЫШАТ
Эгерде адам 10 жылдан ашык убактан бери тамеки чегип келсе, анын өпкө рагы менен ооруп калуу мүмкүнчүлүгү тамеки чекпегендерге караганда 25 эсе жогору. Тамекини таштагандан кийин өпкөнүн тазаланышына 2 жыл кетет. Эки жылдан кийин 60-70 пайызы гана калыбына келет. Тамекинин түтүнүндө 4 миңдей химиялык зат бар (мисалы, ацетон, мышьяк, формальдегид, метанол, фенол жана башка). Алардын 120сы ракка алып келет. Алар өпкөдө аздан чогула берүү менен өпкөнүн клеткаларын зыянга учуратат. Кийин ал жерде рак жаралат. Ошентип тамеки чеккендер тамекини сатып алуу менен ракты сатып алып жаткандарын биле беришпейт.
Тамеки чеккен адам тамекинин 20 пайыз гана түтүнүн жутса, 80 пайызын ал адамдын чөйрөсүндөгүлөр жутат. Андыктан адамдар өзүнө гана зыян келтирбеcтен чөйрөсүндөгүлөрдүн да өпкөсүнө зыян келтирип жатканын эске алышса.
Кош бойлуу аялдар дамамат тамеки чексе ичтеги бала майып төрөлүп калуусу мүмкүн.


____________________________________________________________________________________

Билип ал
УГУУНУН ТӨМӨНДӨШҮНҮН АЛДЫН АЛУУ

  • Эгер адам түрдүү дабыш, үндөр көп чыккан ызы-чуулуу өндүрүштө иштесе, мотоцикл айдаса, анда атайын наушникти кийип алуусу зарыл.
  • Музыканын үнүн катуу чыгарып угууну адатка айлантпоо зарыл. Анткени бул угууга эле эмес, нерв системине да зыян. Музыканы катуу угууну калтырбаса анда кийин угуу үчүн аппарат гана кийип калбастан, нерв системинде жаралган оорудан да дарылануу керек болуп калат.
  • Ичип жаткан дарыларга көңүл буруу керек. Себеби кээ бирлери угууга терс таасирин тийгизет. Кайсы дары болбосун ичерде терс таасирлерин окуп чыгыңыз.
  • 1 жылда 1-2 ирет отоларингологго жана неврологго текшерилиңиз. Анткени айрым неврологиялык оорулардан угуу төмөндөйт.


Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Kalmurzaev8900
2018-04-24 10:40:28
Саламатсызбы админ сегарети кантип таштаса болот ошол туралу маалымат берсениздер
+3
buran12
2018-04-24 13:23:58
Kalmurzaev8900,Саламатсызбы тамекинини тартпай койсонуз эле таштайсыз андыктан эркинизди кучтуу карманыз!
+7
Kalmurzaev8900
2018-04-24 14:32:05
buran12,Сиз айткандай аракет коп колдондум бирок барибир таштай албай жаттам
+3
romaantik
2018-04-24 17:17:47
Kalmurzaev8900, Төрт жылдан ашуун чектим. Ташташыма Табекс таблеткалары (100 штуктан болгону 17ни ичипмин)жана жонокой эле конфеттин жардамы тийди. Биринчи кезекте каалоо болуш керек.
0
Nevestkaa
2018-04-24 13:31:42
Өпкө рагы мн угуунун төмөндөшү эки бөлөк темабы же өпкө рагы дүлөйлүкө алып келеби же дүлөйлүк ракка алып келеби?
+4
Nurmat92
2018-04-24 14:11:21
Nevestkaa,рак тамеки аркылуу пайда болот деп жатат музыканы катуу чыгарып угуу кулака зыян алып келет деп жатат. Тамеки тартпаныз музыканы акырын угушунузду эскертип кетет элем
0
Nevestkaa
2018-04-24 15:44:37
Nurmat92,аны мен деле түшүндүм иним.Ээээ мейличи.
+1
Nurmat92
2018-04-24 14:14:01
Тамеки таштай албагандар өзүңөрдү өзүңөр контролдой албайсынарбы эмне же каалоонорду тыя албайсынарбы? Эрки күчтүү болсо любой нерсени таштаса болот
0
aman0296
2018-04-24 18:54:54
Nurmat92,сен чегип, таштап койгонсуп суйлоптурсунго. Таштоо аябай кыйын
+4
Kubandym94.90
2018-04-27 23:15:43
Чекендердин аялына куч кубат берсин организимине
0
№ 807, 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан