ДАРЫГЕРЛЕР BEELINE МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ ЭЛДИН ДЕН СООЛУГУН ТЕКШЕРИШТИ

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнүн урматына Beeline Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте өзгөчө флешмоб өткөрдү. Элдин ден соолугун бекер текшерүү акциясына бир эле учурда миңдеген кыргызстандыктар катышты.

ДЕН СООЛУГУН БЕКЕР ТЕКШЕРТКЕНДЕР...
Мындай акция Beeline’дын өлкө ичиндеги соода түйүндөрүндө ишке ашты. Аталган мобилдик оператордун түйүндөрүндө кеңсе буюмдарынан тышкары дарыгерлердин шаймандары да кыргызстандыктар үчүн кызмат кылды. Акциянын алкагында дарыгерлер каалоочулардын кан басымын, жүрөк-кан тамырларынын абалын текшерүүдөн өткөрүп, антропометрия жүргүзүштү. Дарыгерлер өлкөбүздүн тургундарын текшерүүдөн бекер өткөрүп оорунун алдын алуу боюнча керектүү кеп-кеңештерди беришти.
Флешмобдун алкагында Масы, Шамалды-Сай, Казарман, Ат-Башы, Бөкөнбаев, Чаектен тартып Нарын, Каракол, Талас шаарларына чейин жалпысынан 60 соода түйүндө «ден соолук бурчтары» иштеди. Кыргыз жергесиндеги Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулган эң ири акцияга өлкөнүн шаар жана айыл-кыштактарындагы тургундар катышып, жапа тырмак колдоого алышты.
Бүткүл дүйнөлүк ден соолук уюму тарабынан жарыяланган бул демилге Кыргыз өлкөсүндө «Бардык жерде баарына саламаттыкты сактоо кызматтарын көрсөтүүнү жалпы камтуу» деген ураан алдында ишке ашты.


«BEELINE’ДЫН» КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ДА ДЕНИ САК ЖАШООНУ КОЛДОЙТ»
«Скай Мобайл» ЖЧКсынын башкы директору Ернар Накисбаев компаниянын кызматкерлеринин арасында дени сак жашоо образы үчүн түрдүү мелдештер өткөрүлүп турарын билдирди:
– Биз Саламаттыкты сактоо министрлигинин демилгесин колдоого алып, ал үчүн тематикалык флешмоб уюштурууга өлкө аймагындагы айрым кеңселерибизди кызмат сунуштоо үчүн бөлдүк. Мындан тышкары маалыматтык материалдарды жазып чыгып, катышуучулар үчүн түрдүү белектерди бердик. Саламат жашоо образы – Beeline’дын көпчүлүк кызматкерлери үчүн жөн эле сөз эмес, дээрлик философия десе болот. Жүздөгөн билайнчылар спорт менен машыгышарын да белгилей кетким келет. Бизде кызматкерлер арасында футбол, баскетбол командаларынын арасында, андан тышкары шахмат, сууда сүзүү сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп турат. Ошондой эле көнүмүшкө айланган терс адаттарды жоюу, туура тамактануу боюнча бири-биринен кеп-кеңеш алуу үчүн да атайын жолугушууларды уюштуруп турабыз.

«ДАРЫГЕРГЕ БАРЫП ТЕКШЕРИЛҮҮГӨ ЧЫГЫНБАЙ ЖЕ УБАКЫТ ТАППАГАНДАРГА ЖАКШЫ БОЛДУ»
Саламаттыкты сактоо министрлиги алгачкы жолу коммерциялык ишкана менен биргеликте мындай өңүттөгү иш-чара уюштуруп жаткандыктан, флешмобду, дегеле адаттан тыш жайларда дарыгерлер кантип иштешерин жеринен көрүүнү чечип, борбор калаабыздын так ортосунда жайгашкан «Айчүрөк» жана «Чынар» соода борборлорундагы «Beeline’дын» кеңселерине баш багып, «ден соолук бурчу» кеңселердин кире беришинде жайгашканына күбө болдук. Акция башталганда барганыбызга карабай, дарыгерлердин айланасында кезек күткөндөр көп экенин көрдүк.
Бишкек шаарынын тургуну Айпери да дарыгерлерге текшерилүү үчүн ыңгайлуу жай жана убакыт табылганына кубанып, буларды айтты:
– Бул жакка соода кылганы келгенбиз. Анан ден соолукту текшерүү боюнча акция жүрүп жатканын көрүп калып, биз да катышалы дедик. Эки айдан бери дарыгерге көрүнүп коюуну ойлонуп, бирок чыгынбай же убакыт таппай жүрөт элем. Бул жерден кан басымымды ченетип, андан башка да өзүм кызыккан суроолорго жооп ала алдым. Ушундай иш-чаралар көп-көп уюштурулуп турса жакшы болмок.

BEELINЕ КАРДАРЛАРЫН КУБАНТА БЕРЕТ
«Айчүрөктөн» чыгып, ага кошуна жайгашкан «Чынар» соода борборуна жөнөдүм. «Beeline’дын» фирмалык соода түйүнүнө кирип текшерүүдөн өтүп жаткан элди көрүп, мен да өзүмдүн ден соолугумду кароодон өткөрүп койгум келди. Мен кан басымымды ченеттим эле, нормадан бир аз жогору болуп чыкты. Дарыгер атайын дарылоо кажет болбосо да, ден соолугума жакшы көңүл бурушум керек экенин айтты. Ага катар мага туура тамактануу керектигин, кеңседе отуруп иштеген адам болгонум үчүн көп басууну сунуштады.
Дарыгерлерден кеп-кеңеш алганымча менин артымда бир канча адам кезек күтүп калды. Бири акция тууралуу билип, атайын баш баккан болсо, экинчилери мобилдик оператордун кеңсесине жумуштары менен келгендер экен. Аларга да компаниянын кызматкерлери ден соолугун текшерте кетүүсүн сунуштап жатышты.
Эки күнгө созулган акциянын алкагында дарыгерлер каалоочуларды текшерип эле тим болбостон, түрдүү сынактарды, викториналарды, чакан спорттук мелдештерди өткөрүп, жеңүүчүлөргө «Beeline» камдаган белектерди тапшырып жатышты.

Дарыгерлер өлкө аймагындагы бардык «ден соолук бурчтарында» кардарлардын кан басымын текшерип, бекер кеп-кеңеш беришти.
Компаниянын аймактык өкүлчүлүктөрүнүн кардарлары ал күнү түрдүү сынактарга катышып бийлеп, көнүгүү жасашты.
Нарындык жаш барабанчылар Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата көчөдө мини-концерт өткөрүштү.


24.kg сайтынан которулду

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 807, 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан