Кыргыздар илгертен мал менен жан сактап келет. Сойсоң эт, сатсаң акча болуучу койлордун өлкөдө кандай породалары бар экендигин, кайсынысы этинен, жүнүнөн киреше алып келерин изилдеп көрдүк.
СТАТИСТИКА
2017-жылы...
«ТЯНЬ-ШАНЬ ЖАРЫМ УЯҢ ЖҮНДҮҮ КОЙЛОР ТЕЗ ЖЕТИЛЕТ»
Асанбек Ажибеков, Кыргыз улуттук агрардык университетинин кафедра башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор:
– Кыргызстанда койлордун ата мекендик 5 породасы бар. Булар боюнча кыскача түшүнүк берсем төмөндөгүдөй.
АТА МЕКЕНДИК 5 ПОРОДА
ПОРОДАЛАРДЫН АЙРЫМ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Тянь-Шань жарым уяң жүндүү койлор тез жетилет. Жакшы бакса 6-8 айында этке төксө болот. Эти – мрамордуу, ширелүү, жумшак эт. Мрамордуу эттер дүйнөдө эң жакшы бааланат. Кээ бир койлордун майы өзүнчө,эти өзүнчө катмар болуп турса, булардын майы аралаш болот. Башкача айтканда, майын булчуңдардын аралыгына чачат. Муну эл көп биле бербейт. Ушундай породадагы койду багып, этин жарнамалап кымбат сатып пайда табууга болот.
Алай жарым кылчык жүндүү койлор ак жүн берет. Килем токууга негизги сырьё. Мурун Кара-Балтадагы килем комбинаты ушул породадагы кой жүнүнөн килемдерди чыгарчу. Эл колго килем токушат. Ушул койлорду багып, жүнүн чет өлкөгө сатууга болот.
Кыргыз уяң жүндүү жана кыргыз тоо меринос породалары төлдү, ал эми айкөл кылчык жүндүү койлор этти көп берет.
«ЭТ, МАЙ БАГЫТЫНДАГЫ КОЙЛОР КИРЕШЕ АЛЫП КЕЛҮҮДӨ»
Мурат Ташмамбетов, Жайыт, мал жана балык чарба департаментинин асыл тукум ишин координациялоо бөлүмүнүн башчысы:
– Өлкөдө кой чарбасында төмөнкүдөй эт, май багытындагы 3 порода да жайылган.
Жайдары породасы. Тирүү салмагы 60 килограммга жетет. Түштүк аймактарда көп, башка аймактарда ар жерлерде кездешет.
Гиссар породасы. Тирүү салмагы 70-120 килограммга жетет. Жалал-Абад облусунда абдан көп, Баткен, Ош облусунда көбүрөөк, башка жактарда аз-аздан кездешет. Куйруктары 20 килограммга чейин жетет. Багып-кароо кадимкидей эле. Убагында жемин, чөбүн, суусун бересиң. Учурда мындай койлорду багып бизнес жасоо жайылууда.
Эдильбай породасы. Казакстандан чыгарылган, бат чоңоюп, бат ирденчү, чакан куйруктуу кой. Орточо салмагы 65-70 килограмм. Жакшы багылган чоң кочкорлордун салмагы 90-120 килограммга жетет. Талас облусунун Манас районунда көп кездешет. Муну да багып, сатып бизнес жасап жатышат.
Жогоруда айтылган 3 порода кабыргага көп май байлабайт. Төш менен куйругуна май байлашат. Анан дагы жүндөрүнө учурда суроо-талап жок болгондуктан өрттөп жатышат.
Чакан куйруктуу койлордун этин Арабия, Египет, Иран өлкөлөрү сатып алышат. Элде породасы билинбеген же кыйратып эт, же жүн, же төл бербеген кой түрлөрү көп. Кирешелүү болбогондуктан аларды багуу максатка ылайыксыз.
Эми уяң жана жарым уяң жүндөр эмнеге керектелет дегенге келсек. Уяң жүндөр текстилге, жарым уяң жүндөр килем, кийиз, шырдактарга колдонулат. Ал эми трикотажга эки жүн тең керек. Аларды Кыргызстандагы трикотаж фабрикасы, комбинаты сатып алат. Кытайлар килограммын 200 сомдон сатып алып кетүүдө. Андыктан ушундай жүндөрдү берчү койлорду баккан да туура. Этти көп берчү породаны баккандар да утушат. Мисалы, алардын этинин килограммын 280-300 сомдон өткөрүшсө деле акча болуп жатпайбы.
«БИЗДЕ ЖҮНҮ КЫМБАТ ЖАНА КӨП ТӨЛ БЕРҮҮЧҮ УЯҢ ЖҮНДҮҮ КОЙЛОР БАГЫЛАТ»
Марат Сүйүнтбеков, Талас облусунун Кара-Буура районундагы «Лущихин» атындагы асыл тукум кой өстүрүү заводунун директору:
– Биз көп төл берүүчү уяң жүндүү кой породасын өстүрөбүз. Учурда 5500 баш кой бар, алардын 4506сы тубар койлор. Жер шартына жана багуусуна жараша экиден бешке чейин төл бере алат. Биз 100 койдон 115-145ке чейин козу алып жатабыз. Ак жүнү дүйнөлүк рынокто кымбат бааланат, суроо-талап жогору. Анткени тыбыты коюу, жүнү ичке, узундугу 8-15 сантиметрге чейин жетет. Тубар койлор 4,5-5,5, ал эми эң ири кочкорлор 15 килограммга чейин жүн берип жатат. 2017-жылы 25 тонна жүн алып, 1 килограммын 185 сомдон өткөрсөк, быйыл да ошончо тонна алып, бирок 250 сомдон сатабыз деп турабыз. Жүндү Шанхайдагы (Кытай) жүн иштетүүчү фабрикага ортомчулар аркылуу сатуудабыз. Бизге Англиядан атайын адистер келишип, койлордун жүнү дүйнөлүк стандартка жооп берет деп аныкташкан. Тирүү салмагы тубар койдуку 55-60 килограмм болсо, кочкорлордуку 85-125ке чейин чыгат. Демек, этти да жакшы берет.
Бизде бул породадагы койлор сентябрь айында сатылат. Баасы келишим баада. Сатып алуучулар Нарындан, Ысык-Көлдөн, Чүйдөн бери келип жатышат.
Уяң жүндүү койлордун асыл тукум «Оргочор» (Жети-Өгүз району), «Лущихин» (Кара-Буура району), «Катта-Талдык» (Кара-Суу району) заводдору бар.
«БИР ЖЫЛДА ГИССАР КОЙЛОРДОН 400 000 СОМДОН АШЫК ПАЙДА ТАБАМ»
Ысмайыл Сулайманов, Кадамжай районунун Сулайманабод айылынын тургуну, «Эркин» фермердик чарбасынын ээси, 71 жашта:
– 1995-жылы фермердик чарбаны ачып, анда ангор породасындагы эчкилерди багып, жүнүн өткөзүп жүрдүк. Кийин жүндүн баасы түшүп кеткен соң эчкилерди Өзбекстандан гиссар породасындагы 200 баш койго алмаштырып, аларды багып, көбөйтүүгө өткөнбүз. Азыр алардын башы 800гө жетти. 400дөн ашыгыраагы тубар кой. 5-6 айлык козуларын 5000-6000 сомго, бир жылдык кочкорлорун 15 000 сомго дейре сатабыз. 4-5 жылдык чоң кочкорлор 40 000 сомго дейре киреше берет. Жалпысынан 1 жылда 400 000 сомдон ашык пайда түшөт. Сойсоң койлор 60-70 килограммдан эт берет. Куйругу 20-25 килограммга чейин чыгат. Койлорду 3 уулум жана койчумандарым болуп багабыз.
Канымжан Усупбекова
kеnesh@super.kg