ДОБРДАН «RESPECT» САЛАТЫ

Дасторкон

“Мырзалар жумуртка кууруп, “куксини” сууга демдеп жей бербей, даамдуу тамактарды жасаганды үйрөнүп алганы ашыктык кылбайт”,- дейт Добр. Анда Добрдун колунан даам сызалы.

1 ПОРЦИЯ ҮЧҮН КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Уй же кой эти – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 200 грамм
Пияз – 1 даана
Таттуу калемпир – 1 даана
Бадыраң – 1 даана
Помидор – 2 даана
Сарымсак – 3 тишче
Сельдерей – 1-2 сабы
Крахмал – жарым чай кашык
Соя соусу
Татымына жараша туз, мурч, калемпир.

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  1. Алгач этти муздак суу менен чайкап алып, ичке туурайбыз. Эми этти чуңкур идишке салып, татымына жараша туз, мурч, чай кашыктын учу менен крахмал кошобуз. Этти аз жапкандай кылып минералдык суу куюп, 2 саатка маринаддап коёбуз.
  2. Эт маринаддалганча калемпирди үч бурчтуу, бадыраңды кыя кесип, помидорду ичке, пиязды шакекче түрүндө туурайбыз. Сарымсак менен сельдерей майда тууралат.
  3. Этти маринаддан алып чыгып, кызыган майга боорсок кууругандай кылып тез-тез аралаштырып 2-3 мүнөт кууруйбуз. Салат майлуу болуп калбашы үчүн ашыкча майды сарыктырып алабыз. Эми тууралган жашылчаларды салып, соя соусунан 1 аш кашык куюп, 2 мүнөт кууруйбуз. Аягында майда тууралган сельдерейди кошуп аралаштырып, оттон чыгарабыз. Салат даяр! Бул салатты кара нан менен жеген оң. Тамагыңыз даамдуу болсун!

Бахияна Сатылганова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
lira
2010-06-07 10:38:02
Mmmmm,a4ka bolup kettim!!!
Kettim,baryp jasayin.......
0
elif
2010-06-07 15:34:35
damduu salattay korunot,jasap korush kerek.Bir gana surotko tartilgandan bashta jugurup barip tazaraak skavarodka alip kele koybopsun da.
0
Барби
2010-06-07 17:52:22
Бойдок балдардын идиш аягы ушундай эле болот да.
0
Maxalub
2010-06-07 23:01:32
Азамат салат жасайт турбайбы ага салыштырмалуу мен жонокой салатты жакшырак жасай албайм тем более куурулганды азамат Добр АЗАМАТ соз жок
0
Акматов
2010-06-08 21:49:57
Азамат салат жасаганды билет экенсин,кайсыл жерден урондун эле? А я то думал ты любишь ШАуРМу на Держинке и самсы в Малике. хехехехе баракелди 5 упай!!!!!!!!!!!!!!!!!!1
0
honestbek
2010-06-09 13:25:56
Элиф э бул деген Нукура кыргыз бала да!
кара казандын тамагы таттуу болот дептир.
Малдеес омей АЗЗЗАМАТ!!!
0
Таллас
2010-06-11 14:53:28
Ой мунун баарын жасап отургуча жумуртка эле кууруп жеп алган оң го. Кууруп күтүп отургуча чыдамым түгөнүп калат го.???
0
бакыттегин
2010-06-12 09:26:06
бу добр деген дайны жок бала. Мунун кыргыздын баласы экенине шегим бар. Ырлары кулак мээни жеген батышты туураган жаман адат ырлар. Мунун ырлары эч кандай жакшылык алып келбейт. Ат таппай калгансып добр деп алыптыр. Добр деген создун кыргызга кандай тиешеси бар. Мен негизи эле батышты туураган кыргыздарды корсом кыжырым келет. Ошол...
0
aminali
2011-02-21 02:17:47
бакыттегин Dobrdi sinabai, salatin sina4i.Dobrdin betine uwintip ait4i 2-3soz menen gana oozundu jap koet.
0
Azamatbala
2011-06-20 22:44:27
Molodec Dobr. Alga.
0
golding_kg
2014-05-25 19:09:29
Бул деген белгилуу Доллар салаты го.Биз тарапта той-топурларда дасторкондун коркун ачкан бирден бир даамдуу салат.
0
№ 396, 4-10-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан