Эне менен бала үчүн жаш, убакыт маанилүү эмес болсо керек. Чоңойдум, жетилдим деген күндө да эненин колдоосу, сүйүүсү, мээрими жетишпейт. Турусбек ага көз жашына мууна апасын эскерип отурду.
«АПАМ ОТУРГАН ЖЕР БОШ ЭКЕН...»
-Апам менин бир да концертимди калтырган эмес. Былтыр декабрь айында концерт берип жаткам. Башталарына аз калганда улуу эжем чалып «апам жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды» деди. Эмне дээримди билбей калдым. Концерт башталганы турат. Сахна жасалгасы, башкалар...
Апам Токмок шаарында эжемдин колунда болчу. Барып келе калайын десем жетишчүдөй эмесмин. Эжем «абалы жакшы эле, сен концертиңди өткөрө бер» деди. Концерт башталып, сахнага чыгып сүйлөп жатып ар дайым апам отурчу жер бош турганын көрдүм. «Апам эмнеге жок, кеч калганбы?» деп ойлоп коём. Ооруканада жатканын көз ирмемге эсимден чыгарып коюптурмун. Сөзүмдү араң бүтүрүп сахнанын аркасына бардым, уулум келип «ата, концерт жакшы өтпөй жатабы? Эмне маанайыңыз жок?» деп сурады. Буулугуп эмне дээримди билбейм. Абалы начарлап баратканын билсе да, байкушум «Турусбекке чалбагыла, ал өзүн таштап жиберет» деп айттырбай коюптур. Адатынча мени аябай күтүптүр. Мен жеткенде каза болду.
«ИНИМ МЕНИ ДЕЛЕ ТҮШҮҢДӨ КӨРЧҮ ДЕП СУРАНЫПТЫР»
-Мен апама өзгөчө жакын болгонум үчүнбү, же алыс жакта көп жүргөнүм үчүнбү, же көңүлүнө караганым үчүнбү, эмнегедир апам балдарынын ичинен мени жакшы көрчү. «Башкаң бир тең, Турусбегим бир тең» десе, тамашалап «апа, антип айтпа, буларың мени жаман көрүп калбайбы» десем күлүп калчу.
Кичүү инимдин колунда көп жүрүп калды. Анан күндө эле чай ичип отуруп мени түшүндө көргөнүн айта берчү экен. Иним тажап кетип «апа, отуз күн үйүмдө болсоң ошол отуз күндүн баарында Турусбегиңди көрө бересиңби? Акча деле берейин, бир күн мени деле түшүңдө көрүп койчу» деп тамашалаптыр.
Туулган күнүмдө ар дайым өз колу менен жасаган нанын оротуп алып, таң атпай менин үйүмө келип калчу. «Кеч эле келбейсизби» десем уктай албай койдум деп коёр эле.
Дүйнө жүзүндө болуп жаткан жагдайлар тууралуу пикирлешип, талашып отурганды жакшы көрчү. Апамдын эс-тутумуна азыр да таң калам. Балдарынын, небере, чөбөрөлөрүнүн туулган күндөрүн, белгилүү даталарды унутпай мээсинде сактачу. «Тиги эжеңдин небересинин туулган күнү, унутпай чалып кой» деп эстетип турчу.
Ооруп калганда ооруканага чогуу барып көтөрүп, кийимдерин которуп, жуунтуп жүрсөм, бир күнү «Мени караганга эжеңди чакыр. Сени эркек дейт. Мени аял киши караганы жакшы» деди. Мен эмнегедир апамды аял катары карабаптырмын, ал менин апам да деп ойлогом. Ал менден кысынчу тура.
Артисттердин жашоосу эми аягы бүтпөгөн сапар да. Бир күнү Орусияга кетем же Казакстанга, же Ошко чакыруулар болуп калат. Мен келмейинче апам мени күтө берчү. Түндө бутумдун учу менен басып акырын жатып калайын десем да, апам үн чыгарып «и-ий, кагылайын, келдиңби, сени күтүп уктай албай койдум» деп калчу. Ал учурда аялым менен балдарым коңурукту кош тартып эле уктап жаткан болот (күлүп). «Мынча күтүптүрсүз, эми туруңуз, чай ичели» деп тургузуп алып чай ичип көпкө отуруп, анан уктачубуз.
Ойлоп көрсөм, апам экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестик деле болбоптур. Бир жолу каникулга келсем, апам акча тартыштыгына байланыштуу Москвага «поезд менен эле кет» деди. Мен «учак менен эле кетем, акча таап бериңиз» деп туруп алгам. Айла жок акча таап учак менен узаткан эле.
«АПАМ ҮЧҮН ГЕЗИТТИ КАЙДАН БОЛСО ДА ТАПЧУБУЗ»
-Апамды жоготконума 4 ай болот. Ошол убактан бери өзүмдү таппай жүрөм. Кудайга шүгүр, балдарым, неберелерим, жубайым бар. Бирок дүйнөдө ээн калгандаймын. Менин ийгиликтериме менден аша сүйүнгөн аска-зоом апам жок. Мурункудай эле күндөр өтүп жатат, балким, андан да жакшы күндөр өтүп жаткандыр. Бирок апам жок. Бир капталым эңшерилип турганы турган. Эркек кишиге, жашы 60ка таяп калган адамга апасын эстеп эле мөгдөй бериш бир аз уят экен. Кечинде эсиме түшүп кетсе, тез эле жарыкты өчүрүп жатканга шашам. Көз жашым агып кетет.
Апам силердин гезитти жакшы көрчү. Бир жолу эжем гезит саткан күркөдөн таппай коюп «Супер-Инфо» жок экен, кайсы гезитти алып барайын?» деп мага чалды. Мен «башканы окубайт, ошол гезитти таап алып барыңыз» дегем. Апама кайдан болсо да гезитти таап алып барып берчүмүн.
«РЕЗИНА ӨТҮК КИЙИП АЛЫП ГЕКТАРЛАГАН ЖЕРЛЕРДИ СУГАРЧУ»
-Апам Турсун өзү күйөөдөн жаш калды. 8 баласын жалгыз чоңойтуп бутуна тургузду. Атам кайтыш болуп калганда мен Москвага окууга тапшырып өтүп кеттим. Каражатка байланыштуу Фрунзеден эле окуюн десем «жок, Москвага окууга өткөндөн кийин ошол жактан окуйсуң» деп болбой койду. Каникулга келгенимде бутуна резина өтүктү кийип алып, гектарлаган жерлерди сугарып жүргөнүн көрүп аябай боорум ооручу. Ошол учурда стипендиямды чогултуп апама такасы бар туфли, анан жапон жоолугун сатып келип бердим. Шиш така кийип кубанып айылчылап келген.
Чоң ата-чоң энеси барлар өз апасын «жеңе, байке» деп койчу эмес беле. Биз дагы апамды жеңе деп чоңойдук. Мен кийин эле апа дедим, агам ошол бойдон жеңе деп калды. Ошол агам каза болордо мени чакырып алып «Турусбек, жеңемди жакшы кара. Күйөөдөн жаш калды, көңүлүн калтырбагыла» деди. Апамды мага тапшырып кетти. Мен дагы бир туугандарыма «Күйөөңөргө, аялыңарга таарынсаңар тез эле жарашып аласыңар. Үй-бүлөлүк маселелериңерди апама угузбагыла, капа болуп жүрөгү ооруп калат» дечүмүн.
Балдарын жалгыз багам деп жүрүп апам жаштыктын доорун сүрбөй калды, кийин колумдан келгендин баарын алып берем деп ойлочумун. Айткандай, апамдын каалаган нерсесин алып бердим. Эң кымбатын, эң жакшысын, өзгөчөсүн алып келсем керек. Башка балдарынын белектерин карап «баары бир Турусбектикине жетпейт» деп калчу. Апама жаңы жылдык белек караштырып жүрүп бир жакшы нерсени көрүп калдым. Бере турган белегимди айтып «буюртма берип койдум, апа, буюрса, жаңы жылда киесиң» дегем. Белегимди алганга жетишпей калды (ыйлап). 31-декабрь күнү апам жарык дүйнө менен коштошуп кете берди.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg