Апта ортосу эки кызыктуу футбол беттеши менен толукталды. Чемпиондор Лигасынын алгачкы жарым финалдык оюндары өтүп, Ливерпуль менен Мюнхен шаары футбол борборуна айланды.
«ЭНФИЛД», КЛОПП ЖАНА РОК-Н-РОЛЛ
«Ливерпуль» 5:2 «Рома»
Голдор: Салах (35, 45-мүнөттөр), Мане (56-мүнөт), Фирмино (61, 68-мүнөттөр) – Жеко (81-мүнөт), Перотти (85-мүнөт)
Быйылкы сезондун башында «Ливерпулдун» дымагы ушунча болорун эч ким баамдаган эмес. Олку-солку ойногон Клопптун шакирттери бир күнү шумдук оюн көргөзсө, эртеси анчейин күчтүү эмес командага уттуруп койчу. «Ливерпуль» бул адаттан сезондун жүрүшүндө арыла баштады. «Кызылдардын» чабуулду гана ойлоп, кээде коргонууну таптакыр унутуп койгон сапаты бар.
«Энфилд» стадиону эч качан коноктор үчүн меймандос эмес. Бул стадионго кайсы команда келип ойнобосун, чабуулун унутуп, коргонууну гана ойлоосу зарыл. Антпесе иштин бүткөнү. Ылдамдык, чабуул жана дагы бир жолу чабуул. Юрген Клопп эми «Ливерпуль» үчүн идеалдуу оюнду тапкандай.
Оюндун алгачкы мүнөттөрү дээрлик тең болгону менен, Салах керектүү учурда сыйкырын колдонгондо Рим четинен урай баштады. «Кызылдардын» шумдуктуу Салах-Фирмино-Мане үчилтиги 68-мүнөткө чейин Алиссондун дарбазасына 5 гол жаратып салышты. Мына, чыныгы рок-н-ролл! Юрген Клопп «Ливерпулдун» чыныгы күчүн Европага көрсөтүп жаткан чагы. Бирок мындай ылдамдыктагы оюн 90 мүнөткө чейин узабайт. «Ливерпуль» футболчулары оюндун соңку мүнөттөрүндө чарчап баштады. «Рома» Жеко жана Пероттинин эсеби менен
2 гол жаратып, өз үйүндө боло турган беттешке үмүт жаратты. Римде «Рома» канчалык баатыр боло алгандыгын Месси жана анын командасы жон териси менен сезишкен. Жооптук беттеш да кызыктуу болот. Анткени Рим эрдикти жараткан шаар.
«РЕАЛ» ҮЧҮНЧҮ ИРЕТ ФИНАЛГА АТТАНАБЫ?
«Бавария» 1:2 «Реал»
Голдор: Киммих (28-мүнөт) – Марсело (44-мүнөт), Асенсио (57-мүнөт)
Чемпиондор Лигасы. «Альянц-Арена» стадионунда кайрадан «Бавария» – «Реал». Эсеп 1:2. Дал ушундай сценарий менен өткөн жылы эле эки команданын беттешин көргөнбүз. Быйыл дагы бул кайталанды. Дежавю. Юпп Хайнкестин «Бавариясы» өлкө чемпиону аталып, чечүүчү беттештерге даярдык көргөн. Ал эми «Реал» кандай калыбында болбосун ар дайым коркунуч туудурат. Ананчы, негизги курамда Роналду даяр турганда Зидан голдон үмүтүн үзбөйт.
Бул оюн алгачкы мүнөттөрдөн тарта кызыгуу жаратат деген сөз чындыгында дал келди. Баштапкы мүнөттөрдө немис машинасы чабуулун күчөтүп, 28-мүнөттө Киммихтин оң капталдан ашырган соккусу Навастын дарбазасынан орун тапты. «Реал» өз оюнун таппай жаткан да дагы гол жарата алат. Муну 44-мүнөттө Марсело көргөздү. Ал эми экинчи таймда Рафиньянын катасынан улам Асенсио жеңишти конокторго алып келди. Калган мүнөттөрдө Рибери канчалык аракет жасабасын эсеп өзгөргөн жок.
Беттештин жыйынтыгы менен «Реал» үчүнчү ирет финалга чыгуу үчүн ири мүмкүнчүлүк түзүп алды. Эми өз үйүндө эки гол айырмачылыгында жеңилбөө жетиштүү. Зидандын «Реалына» каршы турууга Чемпиондор Лигасында азырынча бир да команданын алы келбей жаткан учур.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg