Бүгүн эмнегедир Айназикти алып кетчү чоң апасы кечигип жатты. Улам эшик тарапты карап коёт. Ыйлагысы келип жатты.
– Аня, бүгүн чоң энең кечигип жатат го?- тарбиячы орус кыз сүйлөндү. Бакчада Айназикти Аня дешет.
– Ал мага таарынды окшойт.
– Ким?
– Чоң энем.
– Эмнеге?
– Мен кечээ "бакчадан мама алып кетсинчи" деп сурандым эле. Ал ошого таарынып калган окшойт. Антип айтпай койсом болмок экен,-орусча божурап жатты наристе кыз.
– Койчу, чоң энең сени жакшы көрөт. Таарынбайт, коркпо.
– Бүгүн чоң энемден кечирим сурайм. Ал келери менен кечирим сурайм.
Бул кичинекей кыздын зиректигине таң калып койду тарбиячы.
ххх
Азамат эшикти өзүнүн ачкычы менен ачып кирди. Ашканада суунун шылдырап акканы угулат. Апам сууну өчүрбөй кеткенби деп ойлонду өзүнчө. Күрмөсүн кийим илгичке илип, ашканага кирди.
– Апа-а!- чочуп кетти. Бурул моюну кыйшайып, өң-алеттен кетип жатыптыр. Кыязы жатканына көп болгон окшойт, сол ныптасы мупмуздак.
– Апа-а, эмне болду?- тургузганга аракет кылды. Бирок Бурулдун денеси оорлоп калыптыр, моюну шалактап токтобойт. Көтөрүп барып диванга жаткызды да, "Тез жардамга" чала баштады.
ххх
– Сиз чочулабаңыз. Бирок бул инсульт. Эми, албетте, дарылоого туура келет. Коркуунун кажети жок. Кудайга шүгүр, жеңилирээк инсульт болгон. Бирок кайра кайталанбаш үчүн жакшылап дарылоо керек. Кайра кайталанчу болсо, аягы жаман бүтөт,- сүйлөп жаткан дарыгердин сөздөрүнүн бирин укса, бирин укпай кулактары чуулдап чыкты.
«Бардыгы менин айымдан болду. Менин азабымды тартып жүрүп, байкушум. Эми кантебиз? Айназик...»
– Айназик!- чочуп кетти, кыйкырып жиберди. Ал бакчада эмес беле. Таң калган орус дарыгер тапылдап чуркап кеткен жигитти таң кала узата карап калды.
Азамат сыртка чыгып эле чуркап жөнөдү. Такси деле тосо койсо болмок. Бирок эмнегедир аны ойлонгон жок. Чуркап кете берди. Бакчага чейин бир топ эле алыс болчу.
ххх
Ошол чуркаган калыбында келип эле шашкалактап бакчанын эшигин ачты.
– Айназик!- оор-оор дем алат. Көздөрү коркунучка толуп калган.
– Кызым!- экинчи жолу кыйкырды. Кийинүүчү бөлмөдөн тарбиячы орус кыз башын чыгарды. Ал чочуп кеткен көрүнөт, көздөрү тостоюп калыптыр. Аңгыча ошол жактан эле Айназик чуркап чыкты.
– Ата-а!- келип Азаматтын моюнуна асылды.
– Кечирип койчу, алтыным. Мен экинчи кечикпейм, ээ,- кызынын саамайынан жыттап сүйлөнүп жатты.
– Силей мага таайынды дедим.
– Эмнеге таарынабыз? Бар, күрмөңдү алып чык, кетели.
– А чоң энем кайда?
– Бол, кийинели, кел! Сизге рахмат! Мындай экинчи кайталанбайт,- тарбиячы кызга да актана кетти.
ххх
– Эмнеге чоң энем келген жок, ал мага таайынды го, ээ?
– Жок, таарынбайт, кызым,- кызын жетелеп алып, өзүнчө ойго чөмүп баратты.
– Мен «бакчадан мама алып кетсинчи» деп айтпасам болмок. Мен чоң энемди жакшы көйөм.
– Кызым, чоң энең таарынган жок. Ал бир аз ооруп калыптыр. Мен аны ооруканага жаткырып келе жатам.
– И-ий, анан укол сайыштыбы?- Айназик жалооруй карады.
– Ооба, эми ал бир топко чейин үйдө болбойт. Биз ага ооруканага барып турабыз.
– Жүй, байалы.
– Жок, эртең барабыз.
– Чоң энем мага таайынып оойуп калды го.
– Жок, кызым, таарынбайт. Билесиң го, ал сени жакшы көрөт.
Атасынын түрүн көрүп эле, Айназиктин маанайы түштү. Кабактарын чытып, өзүнө-өзү нааразы болуп жатты. «Мен чоң апамды таайынттым. Эртең аны өөп, кучактайм, кечийим суйайм» деп ойлонду. Кыз атасы экөө тең маанайлары суз бойдон үйүнө жетишти. Эмнегедир чоң апасы жок үй ээнсиреп калыптыр. Муздап да калгандай.
ххх
– Кызым, турагой, биз чоң апаңа барабыз.
Айназик муну угуп эле ойгонду. Эркелеген да жок. Эртелеп барып, чоң апасын көрүп, кечирим сурашы керек. Атасы анын бети-колун жууп, тыпыйтып кийинтип тамагын берди.
– Жүр эми кеттик.
– Мен мамалакты алайын. Ал жалгыз койкот го,- чуркап барып, баягы атасын издеп келген оюнчук мамалакты көтөрүп келди.
– Алсаң алып ал!
– Биз чоң апамды алып келебиз да, ээ?
– Сөзсүз, бирок азыр эмес, кийинчерээк.
ххх
Айназик барганча чоң апасына укол сайылып жатканын, анан ал ыйлап, дарыгерлер аны алдап момпосуй бергенин элестетип баратты. Ага укол сайганда дарыгерлер дайым ошентишет. Оорутуп ийне сайышат, анан кечирим сурап момпосуй беришет. Бирок чоң апасы ал элестеткендей ыйлап анан момпосуй жеп отурбаптыр. Бурулдун ак баскан чачтары жаздыгында туш тарапка жайылып, өзү болсо шыпты тиктеп, сүйлөөгө дарманы жок жатыптыр. Азамат Айназикти өйдө көтөрүп чоң энесине жакындатты. Антпесе керебеттен бою жетчүдөй эмес.
– Чоң эне, мени кечийип койчу! Сени жакшы көйөм,- чоң энесинин бетинен өптү. Анан колундагы мамалагын чоң энесинин жаздыгына жаткырды.
– Мамалак сени менен жатсын, ээ,- чоң энесинин күн нурларындай туш тарапка жайылган чачынан сылап койду кыз. Бурул болсо чарчагандай үшкүрүп, көздөрүн жайма-жай ирмеди. Дал ошол каректер ирмелип жатканда бир тунук жаш көзүнүн кычыгына толо түшүп, жүзүнөн ылдый жүгүрдү. Небересине ыраазы болдубу же буларга санааркап ыйладыбы, белгисиз болчу. Сүйлөйүн деди окшойт. Бирок алы келбейт.
– Апа, сүйлөгөнгө аракет кылба. Сен азыр өзүңө келишиң керек. Баары жакшы болот, коркпо. Дарыгер айтты, 2-3 жумада калыбыңа келет экенсиң. Болгону өзүңдү кыйнаба, санааркаба, макулбу,- Азамат да апасынын жүзүнөн өөп койду. Анан жасап келген шорподон куюп, кашыкка сузуп жайбаракат бере баштады.
ххх
Бурулдун ооруканада жатканына 10 күндөн ашты. Азамат менен Айназик жүдөп кетти. Жигиттин көздөрү чуңкурайып, кадимкидей арыктады. Ананчы, кызын бакчага таштап, кайра апасына барып, анын тамагын берип жанында болуп өйдөлөтүп жаткырып чебелектеп эле жүрөт.
Кудай жалгап Бурул да аз-аздан өзүнө келе баштагандай. Сүйлөп калды. Бирок сөздөрү так эмес чулдурап жатат.
– Не дейшиң?- мына, Айназик дагы түшүнбөй карап калды.
– Келчи, кучакташалы дейт,- Азамат апасынын сөздөрүн түшүндүрдү.
– Аа,- керебеттин кырында отурган кыз чоң апасынын көкүрөгүнө жыгылды. Алы кеткен колдору менен небересинин саамайын сылап, төбөсүнөн жыттады. Ушу божурап көп сүйлөгөн кызды өзгөчө сагынды. Наристенин жыты дем бергендей болду.
– Ша-диге ба-а-бы?
– Ыя?- чоң апасынын чулдураганы кызга күлкүлүү угулду. Кыткылыктап күлүп жиберди. «Садикке барып жатасыңбы? дейт деп Азамат которду. Чоң апасы болсо небересинин күлгөнүн көрүп, аргасыз өзү да күлдү. Үчөө заматта бактылуу боло түштү. Саамдан кийин баары күлүп бүткөндө Бурул Азаматка карап:
– Кетели?- деди жылмайып.
– Үйгө кетелиби? Азыр сага эрте.
– Жок,- сөөмөйүн көтөрүп жаңсады.
– Кыргызстангабы?
Көзүн жумуп, жылмайып алып башын ийкегиледи Бурул. «Ооба, сен тезирээк жакшы бол, кетебиз» деди уулу апасынын маңдайынан өөп...
(Уландысы кийинки санда)