АБАЛЫҢ КАНДАЙ «ТЕЗ ЖАРДАМ»

«Биринчи байлык – ден соолук» демекчи, оору-сыркоо ар бир адамдын башында бар. Кокус жакындарыбыздын бири сыркоолоп калса, сөзсүз «тез жардам» кызматына кайрылабыз. Алар бир аз кечигип калса тилденебиз, жинденебиз... Бирок, «тез жардам» кызматкерлери кандай шартта, кандай абалда иштеп жатканына, канча маяна алаарына кызыгып көрдүңүз беле? Албетте, бизге жардам керек болсо гана кайрылып, калган учурда алар жөнүндө ойлонбосок да керек. Эмесе, келиңиз, бул жолу адам өмүрүн ажалдан арачалаган «тез жардам» кызматынын жалпы турмушуна чогуу саресеп салып көрөлү...

Алло, бул “103” кызматы...

Биз барган Бишкек шаардык «тез жардам» кызматынын борбордук станциясына күнүнө үч миңден ашуун жардамга чакырган телефон чалуулар болот. Жумуш күнү бардык эле кызматтар сыяктуу эртең мененки саат сегизде башталат. Бирок, «тез жардам» кызматкерлери жарым саат, бир саат эрте келип көнүп калышкан. Анткени, баары жумуш кийимдерин кийинип, дарыгерлер медициналык каражаттарын ырастап, айдоочулар машиналарын карап дегендей, айтор, саат сегизге даяр болуп калуулары керек. Ошентип, мурунку мөөнөттө­гүлөрдөн кезекти өткөрүп алышат да, 24 саат бою адам өмүрүнө биринчи жардам көрсөтүү үчүн даяр болушат.
Бардык телефон чалуулар атайын байланыш кызматындагы төрт түйүнгө келип түшөт. Ал жерде иштеген айымдар сиздердин эмне үчүн чалганыңызды, кимге, кандай жардам керек экенин тактап, диспетчердик бөлүмгө билдирет. Диспетчердик бөлүм болсо сизге тиешелүү бригаданы жөнөтөт.
Тиешелүү бригада демекчи, «тез жардам» кызматында негизинен төмөн­дөгүдөй жети тармактагы бригада иштейт:
Реанимациялык (мунун ичине балдар реанимациясы да кирет), кардиологиялык, неврологиялык, психиатриялык, педиатриялык, гинекологиялык, жалпы линиялык.
Аталган тармактар өздөрүнө тиеше­лүү чакыруу болсо чыгып, көпчүлүк шашылыш учурда курамында бир врач, эки фельдшерден турган жалпы линиялык бригадалар жардам көрсөтүшөт. Ар күн сайын 28-30 бригада өз-өзүнчө машина менен даярдыкта турат. Тындырбай жардамга чакыруулардан улам чай ичип, эс алууга чолоосу жок кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 400гө жакын.

Бомждор менен алкаштар тез жардамга көп муктаж...

«Тез жардам» кызматы кимге бол­босун жардам берүүгө милдеттүү эмеспи. Кайрылуунун мүнөзү да ар түрдүү. Кээ бир кары-картаңдар туугандарынын майрамы менен куттуктабай койгондугу үчүн капа болуудан же бирөө менен урушкандан кан басымы көтөрүлүп кайрылса, кээси өнөкөт оорусу кармап чалат. Калган курактагылардын бири бийик жерден куласа, кээси электр тогуна тартылат. Кээде көчөдө ары-бери өткөн адамдар кайсы бир бомждун көчөдө тоңуп калганын көрүп, телефон чалышат. Кээде колуна тийгенди ичип алып ууланган адамга, бирде жол кырсыгына кабылгандарга жардам сурап кайрылышат дегендей...
Баарынан да кеч күздөн баштап кыш чыккыча бомждор чоң маселе жаратышат. Себеби, алардын эч кандай тиешелүү документинин жоктугу, эч кимге керек эместиги тез жардамчылар үчүн көп түйшүк алып келет экен. Биринчи жардам көрсөтүшкөн соң ооруканаларга алып барышат. Ооруканалардын көбү документтери жок деп бомждорду кабыл алуудан баш тартышат. Же атайын кайрымдуулук үйү жок, айтор, мындай учурда бир бомжду салып алып беш саатка чейин шаар айланып жүргөн учурлары болот. Бир жолу бир буту жок бомж кайрылган. Тез жардамчылар аны тиешелүү жерлерге алып барышса, алар алып калган менен кайра кетирип жиберишет. Бомж кайра «тез жардамга» чалат. Тез жардамдагылар милицияга кайрылышса, алар да кабыл алышпайт. Бомж кайра “103кө” чалат. Ошентип, бир бомж менен эки күн алек болушуптур.
“Бир жолу 94 жаштагы кемпирге жардам көрсөт­түк” дешет. Көрсө, ал кемпир аракты аябай көп иччү экен. Анан балдары тажаганда арак­ты андан беките башташат. Анан кемпир бир күнү арак деп адашып уксус ичип алыптыр...
Минтип ичкиликтен уулангандар аябай көп кайрылышат. Алардын айрымдары тез-тез чакыра беришип, тез жардамчыларга тааныш да болуп калышкан. Албетте, “103” кызматына кайрылгандардын себебин айта берсек сөз түгөнбөс. Кыскартып айтканда, эмчектеги баладан карыган кемпир-чалга чейин, көчөдөгү бомждон көк үйдөгү депутаттарга чейин мына ушул “тез жардам” кызматына муктаж болушат...
Акыркы мезгилде шаарыбызда унаалар аябай көбөйүп кетпедиби. Анын кесепети тез жардамчыларга да тийип, кээде шашып баратканда машиналардын тыгынынан өтө албай кыйналышкан учурлары көп болот. Анан калса азыркы айдоочулар жол бошотуп берүүнү ойлонбой калышпадыбы. Кээде ушундай тыгындардын айынан жарым саатка чейин өтө албай кармалып калышат. Андай учурда “Тез жардамга” муктаж болгон адам кандай болуп жатты экен?” деген сар-санаа буларды ээлегени ээлеген.
Ушундай оор кырдаалда иштеген тез жардамчыларды жалган чалуулардын жүдөткөнү канча дейсиз.

Жадаткан жалган чалуулар

– Алло, бул «тез жардам» кызматыбы?
– Ооба, “103” угуп жатат.
– Саат канча болду, чоң кыз?

ххх
– Алло, “тез жардам”, ичим ооруп жатат, дыргаяктап калдым, ха-ха-ха-ха...
ххх
– Эй, сулуулар, мени менен ким жатат? Зеригип кеттим, “тез жардам” керек...
Мына ушул сыяктуу мазактаган жалган чалууларды мисал келтире берсек гезитибиздин бети жетпей калаар. Айрымдарын угууга кулак, айтууга ооз барбайт. Күнүнө 3000 телефон чалуу болсо, анын 2000ден ашыгын мына ушундай шылдың сөздөр түзөт экен. Булар туурасында башкы врачтын орун басары Денисов Дмитрий Юрьевич төмөнкү­лөрдү билдирди:
Чынында, биздин кызматкерлерди жалган чалуулар, ар кандай мазактоолор жүдөтөт. Айрымдары кайра-кайра чалып, ооз барбаган сексуалдык мазактарды колдонушат. Же бир аларды тыйган, жалган чалууларга чара көргөн тиешелүү мыйзам жок. Кызматың ушундай болгон соң аргасыз баарын угууга чыдайсың.
Өзгөчө бизди жалган чакыруулар жүдөтөт. Жакында мен мөөнөттө турсам «досубуз аябай оор абалда» деп Кызыласкер тарапка чакырышты. Айтылган дарекке барсак, арактын бош бөтөлкө­лөрү­нөн башка эч нерсе жок экен. Жалган чакырууларга бир эле мисал келтирсем, 1-март күнү эле жалган чакыруу боюнча 26 жолу чыгыптырбыз. Күнүнө 3 миңге жакын чакыруу болсо, анын ичинен 400-450сү чындап жардамга муктаж болушат. Айрым жадаткан жалган чакыруулар боюнча укук коргоо органдарына да кайрылып көрдүк. Тилекке каршы, тиешелүү жооп ала алган жокпуз.
Бир жолу болсо эки бала чакырыптыр. Барсак: «Жардамга муктаж эмеспиз, жөн эле «тез жардам» канча мүнөт­тө келээрин текшерели дегенбиз» дешет. Алар үчүн мазак, а биз үчүн жоопкерчиликтүү жумуш да. “Эмне болуп ооруп жатты экен?” деп жеткиче шашасың. Анан жанагыдай жооп угуп, же бир чара колдоно албаганыңа күйөсүң. Кээде мастар чакырып алышып, биздин кызматкерлерге кол көтөргөн да учурлар кездешет...

«103түн»айлыгы канча?

Адатта элдин баары кызуу уйкуда жатса, тез жардамчылар кирпик ирмебей сакчылыкта турушат. Суукка тоңушат, бомждорго, автокырсыктарга чалдыккандарга жана башкаларга жардам беребиз деп кийимдери суу, кан, кир бо­лот. Эми жогорудагыдай кыйынчылыктар менен иштеген тез жардамчылардын айлыгын болсо өзүңүз таразалап көрүңүз:
Врачтардыкы – 1207 сом 68 тыйын.
Фельдшерлердики – 905 сом 76 тыйын.
Медсестралардыкы – 807 сом 84 тыйын.
Мына ушундай айлыкты уккан соң «Алло, бул “103” кызматыбы? Айлыгыңыз канча?..» деп сураган адам бар бекен дейсиң аргасыз...

Бизге ким жардам берет?

Жумуштарынын оор экенине, айлыктарынын аз экенине карабай адам өмүрү үчүн жанын сайып иштеп жүргөн тез жардамчыларга аргасыз ырахмат дейсиң. Болбосо 1000 сом айлык азыр эмнеге жетет? Күнү-түнү күзөттө турушканына карабай, жок дегенде бир маал ысык тамак да бекер берилбейт. Ар ким өз үйүнөн нан, тамагын көтөрө келет. Тийиштүү жатакананын жоктугунан кээси батирлерде жашашат. Арасында Сокулуктан, Канттан келип иштегендер да бар. Айтор, абалдары аянычтуу...
Башта машиналар жетишсиз эле. Азыр болсо, тескерисинче, кызматкерлер жетишсиз болуп баратат,- деди Дмитрий Юрьевич. – Айлык акынын аздыгынан, шарттын начарлыгынан айрым тажырыйбалуу жумушчуларыбыздан күн сайын айрылуудабыз. Алардын көбү жеке-менчик ооруканаларга которулушса, кээси чет өлкөлөргө кетип жатышат. 25 жылдык иш тажырыйбасы бар бир фельдшерибиз Казакстанга кеткен эле. Азыр ал жактан 15000 сом маяна алат экен. Дагы бир Россияга кеткен кардиолог-врачыбыз “тез жардамда” эле иштеп 500 доллар айлык алып жатыптыр.
Негизинен, учурда Бишкек шаарына эле 50-60 бригада керек. Азыр биз шаардын 40 пайызын араң камтып жатабыз. Жумушчулардын жетишсиздигинен жана жогорудагыдай жалган чакыруулардын айынан да айрым учурда кечигип калабыз...
Кыскасы, ушундай, окурман. Сөзүбүздүн аягында өз жеке турмуштарынан башкалардын өмүрүн бийик койгон тез жардамчыларга миң мертебе алкыш айткыбыз келет.

Даярдаган Манас Алымбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
arno2008
2012-02-24 14:10:19
аты эле тез жардам оной менен келбейт
0
№ 227, 9-15-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан