Рахман Разыков, сатирик: «ПАРЛАМЕНТТИ КАРАП ОТУРУП 2-3 СААТТА 1 КОНЦЕРТТИН ПРОГРАММАСЫН ЖАЗСАҢ БОЛОТ»

– Саламатсызбы, Рахман агай? «Бийликтин «кара тизмесине» кирип калдык окшойт, концерт койдуртпай жатат» деп жүрдүңүз эле. Азыр абал жакшырдыбы?
– «Кара тизмеден» чыгуу куудулдардан эмес, бийликтен көз каранды. Азыркы бийлик, жаңы өкмөт акыйкат иштесе биз «кара тизмеден» чыгабыз. Акыйкат иштебесе, биз көзгө сая айтабыз да, кайра эле «кара тизмеге» киребиз. Куудулдар коомдун оңолушуна салым кошот. Мисалы, мен сатира жазып сындап жатканда «ушул жерди оңдосо экен, ушулар билсе экен, мүмкүн, билбей жаткандыр» деп күлкү менен жеткиргенге аракет кылам. Бирөөнү шылдыңдайын деген ойдон алыспыз. Эгер чоңдор жакшы иштесе, биз сындап жатсак эл деле «Рахман, жакшы иштеп жатышат го, койчу эми, сен эмне эле сындап жатасың?» дейт да.

– Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев «куудулдарды жоопко тартыш керек» деп чыкты эле. Аны менен жолугуп, бул маселе тууралуу сүйлөштүңүзбү?
– Мээрбек Мискенбаев менен жолугайын деп ойлогон да жокмун. Эми ал сүйлөп коё берет экен. Андай адамдардын деңгээлине түшүп урушуу, менимче, туура эмес.

– Саясатты сатирага айлантуудан абайлап калган жоксузбу?
– Жок, кайра курчудум. Мурда концерттик программаларыбыздын 50 пайызы саясат тууралуу болсо, азыр 90 пайызга чейин көбөйттүк. Чоңдор түшүнбөсө анда көбүрөөк, ачуураак айталы деп баштадык. Коомдогу көйгөйлөрдү айтыш керек да. Бүгүн коомдо «ооруп» жаткан саясат болуп жаткандыктан тамашанын көбү саясатка арналып жатат. Оорубаган коомду жаратып коюшсун, биз сындай албай калалы. Сындабайын десем саясатчыларды карап отуруп айла жоктон сатира жазууга туура келүүдө. Мурда сатира жазуу кыйын эле, азыр оңой. Парламентти карап отуруп эле 2-3 саатта 1 концерттин программасын жазсаң болот. Өткөндө 1 депутат «мен уялам» деди эле, мен концерттин атын ошентип атап бүтүндөй бир концерт койдум. Андай атты мен өзүм коё албайт болчумун, мисалы. Парламентте сатириктер ойлоп таба албаган идеяларды, сөздөрдү ойлоп таап жатышат. Андыктан чоңдорго айтарым, сатираны аз-аздан айтышса. Мен жазып үлгүрбөй калуудамын.

– Маданият кызматкерлери шайлоо алдындагы үгүт иштеринде керек эмеспи. Сизге президенттик шайлоодо кимдерден сунуш түштү?
– Үгүт иштерине бийликтин партиясы чакырган. Бирок мен барган эмесмин. Себеби 6 жыл бою бийликтин жүргүзгөн ишине каршы болуп жүрүп, анан бийлик сунуштаган талапкерди президент кылып шайлап койгула деп жүрө албайм. Ал мага моралдык жактан туура эмес эле. Негизи талапкерлер ырчыга төлөп беришет да, мен болсо өзүм колдогон талапкердин бирин өзүм каржылап эл менен жолугушууларды уюштурдук.

– Өзүңүздү кайсы тармактан ыңгайлуу сезесиз? Куудул-сатирик, акын, устат же актёр?
– Мен куудул эмесмин. Кечээ бирөө социалдык баракчасына «Рахман аке куудул деле эмес» деп жазыптыр. Ошол туура айтат. Ал мени капа кылайын деп жазса керек, бирок мен окуп алып аябай күлдүм. Ракета жасагандар учпай, башка бирөөлөр учат го. Анын сыңарындай сатирик катары өзүмдү ыңгайлуу сезем. Мен акын болоюн деген жок элем. Бирок ичте жаткан нерсени жазыш керек болуп, 4 ыр китебим жарыкка чыкты.

– Балким, сизден жакшы саясатчы чыкмактыр...
– Азыркы депутаттардын деңгээлин карап отуруп «атаңдын көрү, ушундан көрө саясатчы болуп кетсем болмок» деп ойлойм. Депутаттар кээ бир маселелерди талкуулаганда өтө төмөн деңгээлге түшүп кетишет да. Сүйлөй алышпайт же ойго келбеген башка нерсени айтышат. Мен депутат болоюн деп 3 жолу талапкерлигимди коюп өтпөй калгам. Ага деген акча керек экен, акчасыз өтүш кыйын. Биздин эл ошондой парламентти шайлап коюшат да, анан башын мыкчып отурушат.

– Кийинки шайлоолордо да талапкер болоюн деген оюңуз барбы?
– Жок, болду. Чыгармачылыкта эле ишимди улантам.

– Элибиздин юморго болгон табити өзгөрдүбү? Элге кандай тамашалар жакшы өтөт?
– Куудулдук өнөр коомго жараша өнүгөт. Мисалы, илгерки чоң куудулдарыбыз тирилип келсе бүгүн биздин коомду күлдүрө алат беле же жокпу, күмөнүм бар. Балким, 20 жылдан кийин эл биздин тамашаларга күлбөй калышы мүмкүн.

– Уулуңуз Каныбектин куудулдук талантына кандай баа бересиз?
– Каныбекти 10-классты аяктаганда иллюзионисттин окуусуна тапшыртайын дегем. Москвада шаардык цирк менен да сүйлөшүп, акчасын бычып койгом. Кийин «Беш тапан» тобун түзүп жатсам уулум келип «ата, мен ушулар менен сахнага чыга берейин» деп суранганынан макул болгом. Каныбек куудулдук өнөрдү аркалап калат деп такыр ойлогон эмесмин. Кийин карасам таланты бар экен, ошондон бери «Беш тапанда» 15 жылдай сахнада жүрүп, Ильяз Иманалиев деген чыгармачылыктагы дагы бир уулум экөө алгачкы жолу жеке концертин элге тартуулаганы турушат. Балдарым баралына жетип, концерт коюуга жарап калды деп жардам кылып жүрөм. Концерт 5-майдан 9-майга чейин Ош шаарындагы Кыргыз драма театрында өтөт.

– Соңку жылдары Тынар Курбаналиев менен чогуу концерт уюштуруп жүрчү элеңиз. Эми шакиртиңиз өз алдынча концерттик тур менен жүрөт...
– 3 жыл Тынар экөөбүз иштешип жүрдүк. Эми ал өзүнчө концерт коём деп чечти. Бул чоң талкууга түшүп, ар ким телефон чалып «Эмнеге Тынар бөлүнүп концерт коюп жатат, урушуп кеттиңерби?» деп сурашууда. Бул жакшы да, качанкыга чейин ата-эне баланы үйдө кармап отурат? Өзүнчө нан таап, үй-бүлөсүн багыш керек да. Бөлүнсүн, буга чейин концерттин программаларын мен жазчу болсом, эми Тынар өзү жазат. Ал жаман жазабы, жакшы жазабы, кандай ойнойт, 1 жылдан кийин билинет. Жакшы болсо мен да сүйүнөм. Кызыгы, уулдарымдын концерти өтө турган күндөрү Ош шаарындагы өзбек драма театрында Тынар дагы концерт коёт экен. Эл «Эми эмне болот?» дейт. «Анда эч кандай трагедия жок, койсо коюп жатыптыр, 4-5 күндүк концерт өтөт-кетет, андан кийин деле жашоо болот» дедим.

– Канча шакирт таптадыңыз? Эмгегиңизди баалабай кеткендер да бар чыгар...
– Берекеси кетип калбасын деп шакирттеримди санабайм. Болжол менен 50-60 баланы тарбияладым го. Бари Алибасовго сен берген суроону бергенде «Алгач таланттуу балдарды чогултуп топ түзгөндө аларда атактуу болуу эле максаты болот. Кандай кийим кийип, тамак ичип, кайда жатышат, алар аны көрбөйт. Качан гана ошончо убакыт коротуп, акча жумшап элге тааныткандан кийин алар башка нерсени көрө башташат. «Эмне үчүн мындай мейманканада жатып, мындай тамак жеп жатабыз?» деп майда-чүйдө нерселерге нааразы болуп күнөөлүү адамды издей башташат. Жыйынтыгында күнөөлүү адам ошолорду чогултуп, элге тааныткан адам болуп чыгат» деп жооп берген. Анын сыңарындай нааразы болгондор буга чейин деле болгон жана боло берет. Айтып коёюн, эгерде кимде ким азыр топ же театр ачам десе, аны ошол нерсе күтүп турат, ошого даяр болушу керек.

– Маегиңизге рахмат!

Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Dembele84
2018-05-01 16:05:56
Тынар атайылагандай болуп калыптыр.Экоо тен бир кундору Ошто концерт беришсе.Кимге коп адам келет экен дейин деген го Тынар,мурунку Борончу менен жарышып концерт койгондой...
+12
Pamirlan
2018-05-01 17:14:10
Рахмат супер инфо, ушул агайдан интервю алганынарга, агай ишинизге ийгилик, бар болунуз
+12
century
2018-05-01 17:17:25
Момбеков деген деп утар бар го, Рахман аке экөө алмашып алышса сонун болмок, эми бир кем дүнүйө деген ушул экен да.
+7
century
2018-05-01 17:18:47
Буларды бийликтегилер чачты эки жака, атак чогуу болушса азыркы бийликтин талканын чыгармак.
+7
century
2018-05-01 17:20:14
Дагы бир жагы, өз өзүнчө концерт коюшса акча көбүрөк чогулат.
0
Saikyli
2018-05-01 17:22:14
Аябай жакшы маек бериптир баарын ачык айтыптыр.
+6
shumkar.kg
2018-05-02 00:34:18
Ушул байкенин китептерин кайдан алсак болот экен Москвада.Билгендер болсо айтып койуңуздарчы сураныч көптөн бери ала албай жүрөм,алдын ала чооң рахмат)
+2
Kirajsjk
2018-05-02 02:11:34
Таланьынызды сыйлайм.Чындыгында жакшы ырларды жазасыз.
+2
mirkaa5182
2018-05-02 11:10:26
Талантуу адамсыз, сизди сыйлайбыз, бар болуңуз Рахман ага.
+2
Dina.janym
2018-05-02 16:08:35
Талантынызды, онор жолунузду сыйлайбыз Рахман ага, бар болунуз!!
Тынар озу айткандай Твардык кылып аткан го е анда, атайын бир кундо концерт берип жатса..))
Каныбек уулунуздун да талантын сыйлайбыз, Атасынан кем эмес уул болсун!!!
+3
Nurbol
2018-05-02 16:20:30
Устатты сыйлаш керек, жешинче жеп семирип алып сая качпай
+3
terek-kg
2018-05-02 17:54:08
Рахман азамат канчалаган куудул сатириктерди чыгарды алар кичине эл көзунө көрүнө башташканда эле бөлүнүп кетип жок болуп кетип атышат.Рахманга конкреттүү түрдө эч кимиси ырахматын айта элек аа???өздөрүнүн күчү менен эл көзүнө көрүнгөн кишилердей эле жүрүшөт.
+3
munduz2016
2018-05-04 08:09:20
Кыргыздын Крылову да Рахман ака!,ийгиликтер болсун дагы да.

Тынар эми сиз менен параллель концерт коёт экен да...начар киши экен.
+1
al-abu-kinesz
2018-05-05 10:08:54
4-5 кун концерт болот анан концерттин аягы да бутот... Тынарга таарынычы бар экен...
+2
tynara81
2018-05-07 18:49:42
Тынар ар жылы эле ушул күндөрү концерт койот го. Балким кокусунан күндөрү окшош болуп калгандыр. Бирок, кышында концерт Тынар концерт койгондо да Рахман Разыков келбей койгон, афишада бар болчу. Ушул концерттерде деле сурагандарга, эки жактын ыраазычылыгы менен эле бөлүндүк деп жооп берди. Рахман Разыковдун концертинде Борончу Тынардын сүрөтүн алып чыгып алып ар нерсе деп атыптыр, баргандар ошол нерсеге нааразы болдук, бирок концерт жакшы өттү дешип атат.
0
№ 808, 27-апрель -3-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан