BEELINE КҮҮЛӨНДҮ. Интернет ылдамдыгы 64 пайызга чейин жогорулады

BEELINE 2010-ЖЫЛДАН ТАРТА 3G СТАНДАРТЫНДАГЫ КЫЗМАТТАРДЫ КӨРСӨТӨ БАШТАГАН
Окуя 1895-жылы Александр Попов өзү ойлоп тапкан каражатты Санкт-Петербургдагы Орус физика-химия университетиндеги отурумда элге алып чыкканынан башталат. Лекция «Металл күкүмдөрүнүн электр күүлөнүүлөрүнө болгон катнашы» деген темада өткөн.
1946-жылы советтик инженерлер Г.Шапиро менен И.Захарченко токсуз байланыш түзө ала турган кооз жана кылдат ойлонулган мобилдик телефондун идеясын алып чыгышкан. Алар шаардын телефон станцияларынын чатырларына радиотүйүндөрдүн аппаратын орнотуп, ар бир аппаратты жеке сигналдар менен камсыз кылууну сунушташкан.
1957-жылдын апрель айында Москва мамлекеттик адистештирилген долбоордук институтунда Леонид Куприянович аттуу инженер ЛК-1 деп аталган салмагы 3 килограммга жеткен мобилдик телефонду жарыялаган.
Иштин башына кайрадан телефондук байланыш менен көйгөйсүз туташуу маселеси коюлган. Анда ал автоматтык телефондук радиостанциялар аркылуу түзүлчү. 1958-жылы Куприянович телефондун салмагын 500 граммга жеткирсе, 1959-жылы АТРди бийик имараттарга коюуну сунуштаган. Бул чындыгында бүгүнкү базалык станциялардын прототиби десе болот.
1998-жылы республикада биринчи жолу санариптик GSM стандарттагы мобилдик байланыш ишин баштаган. Бул – Бител оператору болчу. Ал кийин эл аралык "ВымпелКом" тобунун бир бөлүгү аталып, «Beeline» деген бренддин алдында ишин жүргүзө баштайт. Кийинчерээк 2010-жылы аталган компания өлкө боюнча 3G стандартындагы кызматтарды көрсөтө баштаган. Мобилдик байланыш планетада кандай өнүксө,биздин өлкөдө да агымдан калбай алдыга жылууда. Кыргыз өлкөсүндөгү телекоммуникациялык компаниялардын абоненттеринин саны жергебиздин калкынын санынан ашат. Ошентсе да сан эле эмес, сапатка да көңүл бурулуп, алгылыктуу өзгөрүүлөр жүрүүдө.


КОШУМЧА СТАНЦИЯЛАР ТАРМАКТЫН КУБАТТУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТАТ
Эгер мурда мобилдик тармак үн байланыш менен билдирүү жөнөтүү кызматтарын эле аткарып келген болсо, бүгүнкү күндө телеком-операторлор мобилдик интернеттин жардамы менен андан да көп кызматтарды сунуштап калды. Байланыштын жаңы мууну абоненттерине ар кандай түрдөгү файлдарды ээн-эркин жөнөтүүнүн жолун ачып берди. Бүгүн абоненттер онлайн түрүндө музыка угуу, тасма көрүү, түрдүү месенжерлерди колдонуу, видеочалуу аткаруу сыяктуу бир топ кызматтарды колдоно алат.
«Камтуу аймагын станцияларды орнотуу жолу менен көбөйтсө болот. Тармактын кубаттуулугун кошумча станциялар, жыштыктар же байланыштын жаңы технологиясына өтүү менен көбөйтсө болот. Учурдагы диапазон өлкөдө иштеп жаткан операторлор арасында ич ара бөлүнүп калган. Болгону жаңы станцияларды куруу керек. 4G байланышы үчүн биздин компания 800 МгЦ базалык камтууну уюштурат. Ага кошумча сыйымдуулук 1800 МгЦ колдонулат»,- дейт Sky Mobile ЖЧКсынын (Beeline) техникалык директору Алексей Огнев.


КАЛКТЫН ТӨРТТӨН БИР БӨЛҮГҮ 4G ФОРМАТТЫ КАРМАЙ АЛА ТУРГАН СМАРТФОН КОЛДОНОТ
Статистика көрсөткөндөй, Кыргызстандагы абоненттердин төрттөн бир бөлүгү гана 4G форматты кармай ала турган смартфон көтөрөт. Ошентсе да алар өтө көп трафик коротушат. Ошондуктан мобилдик операторлорго ошол форматты камтуу аймагын жана сыйымдуулугунун инфраструктурасын модернизациялап турууга туура келет.
Буга байланыштуу Beeline, мисалы, 2017-жылдын апрель айынан 2018-жылдын апрель айына чейинки аралыкта 77 жаңы станция орноткон. Мындан тышкары 3G байланыш тармагынын аймагы 30 пайызга көбөйгөн.
Жаңы базалык станцияларды орнотуу арзан иш эмес экенин да белгилей кетиш керек. Алсак, бир станцияны куруу үчүн 50 миң АКШ доллары керектелет. Бирок аянттардын кеңдигине, калктуу конуштардын алыстыгына, керектүү жабдыктардын жана иштин татаалдыгына байланыштуу бул сумма дагы өсүшү мүмкүн.
Мисалы, күн батареясы жана шамал генератору сыяктуу альтернативдик булактар менен камтылган станциялар демейдегиден кымбатыраак болот.
Кээ бир учурларда алыскы жерлердеги курулуштун наркын төмөндөтүү үчүн мобилдик операторлор биригип алып, бир сайтты бөлүшүп алышат. Ушундан улам катышуучулардын санына жараша төлөм арзаныраак болот. Мындай өнөктөштүк шеринг деп аталат. Beeline өзүнүн 3 пайызга жакын аянтын гана башка операторлор менен бирге колдонот.


«4G`НЫН КУБАТТУУЛУГУ ЭКИ ЭСЕГЕ ЖОГОРУЛАДЫ»
«Биздин абоненттерге эң жогорку ылдамдыктагы интернет керек экенин жакшы билебиз. Орнотулган базалык станцияларын модернизациялоо бизге тармактын кубаттуулугун үчтөн бир бөлүккө көбөйтүүгө жана 3G’нын ылдамдыгын 64 пайызга жогорулатууга мүмкүнчүлүк берди. Андан тышкары 4G’нын кубаттуулугу эки эсеге жогорулады. Белгилей кетсек, жаңы станцияларды орнотуу жана модернизациялоо мобилдик байланыштын баасына таасирин тийгизбейт. Болгону сапат гана жакшырат»,- дейт компаниянын техникалык директору.
Былтыр Beeline жалпы өлкө аймагы боюнча станцияларды куруу жана модернизациялоо иштерин жасады. Алардын көпчүлүк бөлүгү Баткен жана Жалал-Абад облустарында жүргүзүлдү.
«Биз абоненттердин санынын көрсөткүчүн кандай көзөмөлдөсөк, рентабелдүүлүккө да ошончо көңүл бурабыз. Коммерциялык долбоорлордон тышкары компания коомдук долбоорлорду да ишке ашырат. Мисалы, быйылкы жылы 15 станция куруу жана модернизациялоо иштери пландалууда»,- деп кошумчалады Огнев.
Телекоммуникациялык компаниялардын мобилдик байланыш аянттарын көбөйтүү аракеттерине карабастан, өлкөдө дагы да болсо интернет жетпеген аймактар калууда.
Компаниянын техникалык директору: «Бүгүнкү күндө Beeline калктын 90 пайызын, 3 миллиондон ашык абонентти тейлейт. Калган 10 пайыз бул – электр энергиясы жетпеген аймактар»,- деп белгиледи.

«КҮНҮ-ТҮНҮ СТАНЦИЯЛАРДЫН АБАЛЫН КАРАП ТУРАБЫЗ»
Байланыштын сапаты станциялардын санынан эле эмес, жаралган мүчүлүштүктөрдүн канчалык ыкчам оңдолгонунан да көз каранды. Биз станциялардын бузулганын билбей калышыбыз мүмкүн. Бирок адистердин айтымында, андай техникалык авариялар көп кездешет.
«Авариялык кырдаалдар болуп турат, бирок техникалык башкаруунун кызматкерлери мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу жана жоюу үчүн тынымсыз иштешет. Бизде күнү-түнү, дем алышсыз, өлкөдөгү станциялардын ишин көзөмөлдөп турган бирдиктүү мониторинг борбору бар. Эгер кайсы бир станцияда авариялык кырдаал жаралса, ал жерге дароо инженерлер жөнөтүлөт. Маселени чечүү ылдамдыгы көптөгөн факторлордон көз каранды. Бирок эң негизгиси – станциянын канчалык алыс жайгашкандыгында. Региондордо жаралган техникалык аварияларга атайын алыс аймактарга чыгуучу инженерлер жөнөп кетишет да, кырдаалды аз убакыт ичинде оң тарабына чечишет»,- деп түшүндүрдү Алексей Огенев.

BEELINE ҮЧҮН БАЙЛАНЫШТЫН САПАТЫ – БИР ДА МҮНӨТ ТЫНБАЙ ИШТЕГЕН НЕГИЗГИ АРТЫКЧЫЛЫК.
Мобилдүү кызмат улам бир маселени чечкен сайын жаңысына өтө берет. Мисалы, 2018-жылдын биринчи кварталында эле компания бир жылга белгиленген өнүгүү планын 100 пайызга аткарып койгон. Эми жаңысына киришкенге туура келди.


Алтынай Тынышева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
tilek-x
2018-05-01 11:54:17
Чаткал районунда 3G жок копчулук айылдарында интернет ылдамдыгы аябай начар алыскы айылдарга да 3G базалык станцияларды койсонуздар!
+1
Bzhorobayuulu92
2018-05-02 13:50:10
Менде азыр окуп жатып интернет канчалык ылдамдыгын начар экени билинип турат Билайн Шаар борборун ушундай болсо айылдарда кандай болуп жатат экен
0
sirenaaaaa
2018-05-03 07:11:33
Мен билайн колдоном, мага аябай жагат. Ошка которсом эле бирдик тутпойт. Интернет соонун иштейт.
Бир отунучум бар Караколдо Аксууда курорт бар ошол жака да интернет иштетип койсонор. Эс алганы баргандарга да ынгайлуу болмок
0
tomly
2018-05-04 14:40:48
Биздин айылга 4G 3G эмес 2G койсонор болмок связ жок такыр эле суйлошуп жатканда очуп кала берет
0
barsbegKG
2018-05-05 11:23:39
tomly,кыргызстанда жалгыз эле сиздин айылыңыз бардай пикир калтырган экенсиз жок дегенде районду анан айылды жазуу керек
0
Zainidin96
2018-05-05 23:47:13
Чын эле Чаткал районуна интернетти жакшылап орнотушса жакшы болмок
0
Soni130587
2018-05-07 11:53:37
Билайн начарлап кетти ачыгын айтканда биздин айылга коюшту эле жакшы иштебейт азыр мегаком менен О! кучтуу бизде
0
№ 808, 27-апрель -3-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан