КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА НАК ЭМЕС ЭСЕПТЕШҮҮЛӨР ҮЛҮШҮН АРТТЫРУУ АРАКЕТТЕРИ

Алгач адамдар буюмдарды алмашып соода кылса, кийинчерээк акча каражатынын ролун металл, асыл таштар, куймалар ойноп келген. Убакыттын агымы менен кагаз акчалар чыгып, ар бир мамлекеттин өзүнүн акча бирдиги пайда болгон. Кыргызстанда акыркы 10-15 жылдан бери ыңгайлуу жана коопсуз төлөм жүргүзүү ыкмасы – нак эмес эсептешүү ишке ашырылып жатат. Бул жаатта Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Орозбаева Лада Жантаевна менен маек курдук.

– Саламатсызбы, Лада Жантаевна? Накталай акча менен эсептешүүдөн алыстап, нак эмес эсептешүүгө өтүү бизге эмнеси менен керектүү?
– Саламатчылык. Бүгүнкү күндө ар бир өлкө нак акчаны жүгүртүү көлөмүн кыскартууга, ал эми нак эмес төлөөнү жана эсептешүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар. Анткени мындай ыкма, биринчи кезекте, акча жүгүртүлүшүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталса, экинчиден, нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр системасы ишенимдүүлүгү менен айырмаланат. Анын жардамы менен эсептешүүлөрдү инновациялык төлөө формасында тез, ачык-айкын, жоготуу тобокелдигисиз ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Өлкөдө 2003-жылдан тартып Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программа 2 баскычтан ишке ашырылган, ар бир баскычта белгилүү бир максат жана милдеттер, ошондой эле мамлекеттик мекемелер жана бизнес-секторлор менен биргелешип тийиштүү иш-чаралар аткарылган.
Мамлекеттик программанын 2-баскычы аяктагандыгына байланыштуу мамлекеттик программанын 2018-2022-жылдарга каралган 3-баскычы Улуттук банк тарабынан демилгеленген.

– Мамлекеттик программа 2003-жылдан баштап ишке ашырылган экен. Бул эмне болгон программа?
–Мамлекеттик программа 2 баскычта ишке ашырылып, анын 1-баскычы 2003-жылы башталып, 2008-жылы аяктаган, ал эми 2-баскычы 2012-жылдан тартып 5 жылдык мөөнөттө ишке ашырылды.
Бул программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө өлкөдө банк жана төлөм системалары модернизацияланган, мындан тышкары «пенсионер карты», «бюджеттик каражаттарды алуучунун карты», «банктык төлөм карттарына социалдык төлөөлөр», салык/бажы төлөмдөрүн жана айыптык төлөмдөрдү нак эмес төөлөгө өткөрүү сыяктуу мамлекеттик долбоорлор ишке ашырылган жана бюджеттик мекемелердин эмгек акылары «Элкарт» улуттук төлөм картына которулган.
Программаны ишке ашыруунун жыйынтыгында республикада коммуналдык мекемелердин ички кассалары жабылып, төлөмдөр – банктык кассалар, почта бөлүмдөрү, банктардын агенттери жана төлөм системасынын операторлорунун кабыл алуу пунктары, дистанттык банктык тейлөө (интернет-банкинг, үй банкинги, мобилдик банкинг) жана электрондук капчык аркылуу ишке ашырылган.

– Эмне үчүн бюджеттик уюмдардын эмгек акы, пенсия, жөлөк пул төлөмдөрү «Элкарт» картына которулган? Көпчүлүк жарандар кайсы карт аркылуу эмгек акыларын алуунун айырмасы жок деп эсептешет?
– «Элкарт» улуттук төлөм системасы социалдык долбоорлорду ишке ашырууга жана бюджеттин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттин милдетин чечүүгө багытталган. «Visa» жана «MasterСard», «Золотая Корона» сыяктуу эл аралык төлөм системаларынын процессинг борборлоруна салыштырмалуу «Элкарт» улуттук төлөм системасынын процессинг борбору Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан. Бул төлөмдөр боюнча бардык маалымат, анын ичинде кардарлардын жеке маалыматтары республиканын аймагынан тышкары чыгарылбай, өлкөнүн экономикалык коопсуздугун жана көз карандысыздыкты камсыз кылат. Ошентип, өзүнүн ички эрежелеринин негизинде жана өз өлкөсүнүн экономикалык жана саясий таламында иш алып барган эл аралык төлөм системалары мындай төлөмдөргө карата кандайдыр бир чектөөлөрдү коюу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.
Бул өз кезегинде улуттук төлөм системасынын өнүгүшүнө кепилдик берет, республиканын жарандарына өз финансылык операцияларын тышкы факторлордон көз карандысыз ишке ашыруусуна шарт түзөт.

– «Элкарт» картына ээлик кылуучулардын статистикасы кандай, банктык карттарды тейлөө инфраструктурасы бизде өнүккөнбү?
– 2018-жылдын 1-мартына карата абал боюнча, өлкөбүздө тейленип жаткан 2 114 055 карттын ичинен 940 825 "Элкарт" түзөт.
Банктык төлөм карттар республиканын бардык аймактарында орнотулган 1446 банкоматта жана 8478 терминалда тейлөөгө алынган. «Элкарт» карты бардык банкоматтарда жана терминалдарда тейленет. Мындан тышкары бул багытта башка дагы иштер жүргүзүлүүдө, мисалы, банктык жабдууларды биздин өлкөгө алып кирүүдө КНСтен бошотуу жагында «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Анын негизинде Улуттук банк коммерциялык банктар менен 2022-жылдын 31-декабрына чейин банктык жабдууларды алып келүү жана орнотуу боюнча келишимин түзгөн. Түзүлгөн келишимдин негизинде коммерциялык банктар тарабынан 2022-жылдын аягына чейин 789 банкомат, 5915 POS-терминал, 2332 төлөм терминал алып келүү жана өлкөнүн аймактарында орнотуу пландаштырылган. Ушундай эле иш-чаралар Мамлекеттик программанын 2-баскычында да жүргүзүлгөн. Бирок жогоруда айтылган иш-чаралар керектүү натыйжаны алып келбегендиктен, быйылкы 2018-жыл региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу банктык жабдууларды көбөйтүү боюнча күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүп жатабыз.
– Мамлекеттик программанын 3-баскычында кандай максаттар, милдеттер коюлган?
– Үчүнчү баскычтын максаты – инновациялык төлөм инструменттерин кошо алганда, чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүү аркылуу нак жана нак эмес акча жүгүртүүнүн оптималдуу жана тең салмактуу катышына жетишүү, мындан тышкары банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн региондордо жайылтылышын жогорулатуу.

– Мамлекеттик программада коюлган милдеттердин аткарылышын ким көзөмөлдөйт?
– Мамлекеттик программаны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көзөмөлдөйт, ал эми Улуттук банк мамлекеттик программанын иш-чаралар планын аткарылышынын координациясын ишке ашырат.
3-баскычтын алкагында көп милдеттер коюлган, анын ичинде, эң маанилүүсүнө токтолсок, анда алар төмөнкүлөр:

► Жеке адамдар жана юридикалык жактар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө төлөө, субъекттер ортосунда эсептешүүлөрдү жүргүзүү, интернет-банкинг, мобилдик телефондор, банкоматтар, POS-терминалдар, төлөм терминалдар жана башкалар аркылуу төлөө сыяктуу бардык жеткиликтүү ыкмаларды колдонуу менен үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн бирдиктүү улуттук төлөм жана эсептешүү мейкиндигин түзүү;

► Банк жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү;

► Бюджеттик төлөмдөрдү, салык жана башка акча каражаттарынын коммерциялык банктагы эсептерине/эсептери аркылуу бюджетке өз убагында келип түшүүсүн көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү;

► Акча каражаттарынын жүгүртүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүү, нак акчалардын көмүскө жүгүртүлүшүн азайтуу;

► Калкты социалдык тейлөө деңгээлин жогорулатуу;

► Бардык мекеме-уюмдардын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызматкерлеринин эмгек акыларынын банктык төлөм карттарына которулушун камсыз кылуу;

► Коммерциялык банктар тарабынан төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн кеңейтүү жана атаандаштык шартында алардын филиалдар түйүнүн өнүктүрүү;

► Бизнес-түзүмдөрдү, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү нак эмес формада жүргүзүүгө жигердүү тартуу;

► Кыргыз Республикасынын мыйзам базасын өркүндөтүү;

► Банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө тариф саясатын оптималдаштыруу;

► Инновациялык инструменттерди колдонуу аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү ыкмалары жана аларды колдонууда коопсуздук чаралары жөнүндө калайык-калкка кеңири маалымат берүү.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 808, 27-апрель -3-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан