Кыргыз Республикасында 2018-жылдын 1-апрелинен тарта "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Мыйзам боюнча жөлөк пулдун үч түрү бар: «балага сүйүнчү», «үй-бүлөгө көмөк» жана «социалдык жөлөк пул». Аталган акча каражаттарын кимдер ала алышат, суммасы канча, кандай шарттар каралган? Окурмандардан келген суроолорго Социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын адиси Айкөл Турганбаева жооп берет.
«СҮЙҮНЧҮ ПУЛ АЛУУДА КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕКТЕЛЕТ?»
– «Балага сүйүнчү» акча каражатын алууда кандай документтер керектелет? Кайсы мекемеден алабыз, төрөтканаданбы же почтаданбы?
Айнура, Аксы району
– «Балага сүйүнчү» каражаты – 2018-жылдын 1-январынан тартып ар бир жаңы төрөлгөн ымыркайдын үй-бүлөсүнө берилүүчү бир жолку төлөм. Бул төлөнүүчү каражат баланын ата-энесинин канчанчы перзенти экенинен, үй-бүлөнүн турмуш шартынан, байбы же кедейби, буларга көз каранды эмес. Эгер үй-бүлөдө эгиз балдар же болбосо 3, 4 эмдер төрөлсө, анда ар бир ымыркайга өз-өзүнчө сүйүнчү ыйгарылат. Мындан сырткары асырап алынган, камкордукка алынган жана эркинен ажыратуу жайларында төрөлгөн балдарга да берилет. Болгону керектүү документтерди тапшыруу шарт.
Алар:
• Ымыркайдын ата-энесинин паспорту
• Баланын күбөлүгү
• Жашаган жеринен маалым кат (каттоого турган жеринен эмес, факт жүзүндө жашаган жеринен)
Учурда Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жана Мамлекеттик каттоо кызматынын 2018-жылдын 13-февралындагы бирдиктүү буйругунун негизинде "балага сүйүнчү" пилоттук долбоордун алкагында электрондук арыз толтурулуп жатат. Ал үчүн жашаган аймагыңыздагы калкты тейлөө борборлоруна, маалыматтык күркөлөрүнө жана жарандык абалды каттоо органдарына жогорудагы документтер менен кайрылууңуз керек. Арыз толтурулгандан кийин келе жаткан айдын 10-15ине чейин 4000 сом өлчөмүндөгү акча каражаты банктык эсебиңизге которулат, карточкаңыз менен ала бересиз.
«КАЙНАТА, КАЙНЕНЕМ ПЕНСИЯ АЛЫШАТ...»
– 4 балам бар. Өткөн жылы балдарыма жөлөк пул чыгартайын деп документ топтоп барсам, «кайнатаң да, кайненең да пенсия алышат экен» деп чегербей коюшкан. Жаңы кабыл алган мыйзамда бул жагдай кандай каралган?
Атыргүл, Кочкор району
– Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, пенсионерлер менен чогуу жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо жана пенсионерлердин өз эмгеги менен иштеп тапкан пенсиясын өздөрү үчүн жумшоосуна, керектөөсүнө шарт түзүү максатында үй-бүлөнүн кирешесин эсептөөдө пенсия кошулбайт. Бирок бул норма ушул жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирет. Бир айлык кирешеңиздерди эсептеңиздер. Эгер ал кепилдөөчү суммадан (900 сом) ашпаса, ар бир балаңызга 810 сомдон жөлөк пул чегерте аласыз.
«СОЦИАЛДЫК ЖӨЛӨК ПУЛДАРДЫН ӨЛЧӨМҮ КӨТӨРҮЛӨБҮ?»
– Мен 2-топтогу майыпмын. Сурайын дегеним, социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү качан көтөрүлөт?
Талант, Бишкек шаары
– Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга (1, 2, 3-топтогу) берилүүчү социалдык жөлөк пулдардын өлчөмдөрүн өкмөт тарабынан жогорулатуу пландаштырылууда. Бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен жөлөк пул 2018-жылы орточо 33 пайызга жогорулайт.
«БАЛАМА КҮБӨЛҮК АЛА ЭЛЕКПИЗ...»
– Жолдошум экөөбүз тең паспортторубузду жоготуп алганбыз. Апрелде көз жаргам. Азырынча балабызга күбөлүк да ала элекпиз. Балама сүйүнчү акча ала аламбы?
Мадина, Жети-Өгүз району
– Документтерди тапшыруу мөөнөтү бала төрөлгөн күндөн тартып 6 айдан ашпашы керек. Белгиленген убакыттан өтсө берилбейт. Андыктан тийиштүү документтерди эртерээк бүткөрүп, тапшырууга аракет кылыңыздар.
«ҮЙ-БҮЛӨГӨ КӨМӨК» ЧЕГЕРТҮҮДӨ ЭМНЕЛЕР ЭСКЕ АЛЫНАТ?»
– 6 балам бар. Келинчегим экөөбүздүн тең туруктуу жумушубуз жок. «Үй-бүлөгө көмөк» акчасын чегерте алабызбы?
Мирбек, Кара-Көл шаары
– «Үй-бүлөгө көмөк» – 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга ай сайын төлөнүүчү төлөм. Бул төлөмдү чегерүүдө үй-бүлөнүн бир айлык кирешеси эсептелинет. Тактап айтканда, бир айлык киреше үй-бүлөдө жашаган ар бир жандын башына бөлүнөт. Эгер сумма кепилденген эң төмөнкү кирешеден ашпаса (КЭТКинин өлчөмү 900 сом), анда «Үй-бүлөгө көмөк» каражатын чегерте аласыз. Бүгүнкү күндө «Үй-бүлөгө көмөк» каражатынын өлчөмү (бир балага) – 810 сом. Буга аймактык коэффициенттер кошулуп эсептелет. Үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо төмөнкүлөр эске алынат:
• Негизги ишинен, кызматынан алган эмгек акысы
• Ишкердик жүргүзүүдөн алынган кирешелер (жер иштетүү, мал-жандыктары, соода иштери жана башкалар)
• Узакка пайдалануучу товарлар (унаа, трактор, комбайн)
«АЙМАКТЫК КОЭФФИЦИЕНТТЕР ЭСКЕ АЛЫНАБЫ?»
– Буюрса, май айында көз жарганы турам. Билишимче, жөлөк пул чегерүүдө аймактык коэффициенттер эске алынчу эле. Балага сүйүнчү пул алууда
да бул жагдай эске алынабы?
Сабина, Ак-Талаа району
– 2017-жылдын 28-июлунда кабыл алынган мыйзамда 1-январдан тарта төрөлгөн ар бир ымыркайга берилүүчү «балага сүйүнчү» каражатын чегерүүдө аймактык коэффициенттер эске алынган эле. Алсак, Бишкек шаарында төрөлгөн балага 4000 сом өлчөмүндө сүйүнчү акча берилсе, Нарын шаарында бул сумма 4000 сомдон 6000 сомго чейин түзчү.
2018-жылдын 30-мартында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөк пулдары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизгенден кийин, 1-апрелден тарта «балага сүйүнчү» чегерүүдө аймактардын коэффициенттери алынып салынды. Себеби бул бир жолку гана төлөм болгондуктан, төрөлгөн жерине карабай ар бир төрөлгөн баланын укугун сактап, бирдей өлчөмдө берүү бекитилди.
Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы?
Анда биздин «Адистин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Суроолорду (0312) 32 33 26 номери, 0557756319 WhatsApp номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg