Керим Турапов: «МЕНИН ОРДУМА КЕЛЕМ ДЕГЕН ЫРЧЫЛАР КӨП ЭКЕН»

“Апам жапкан нанды сагындым” деген кайрыктар ата-энеден алыс жүргөн кайсы гана адамдын кусасын арттырбайт. Мына ошол кайрыктарды адамдын жүрөгүнө тамызып, каректерге сагыныч жашын пайда кылган ырчы Керим Турапов биздин коногубуз.

– Керим мырза, бүгүн Кыргыз улуттук филармониянын директорлугун өткөрүп бериптирсиз. Өйдө жактан “кет!” деген кысым болдубу?
– Маданият министри келгенде эле “реформа жасайм, 4-5 театрдын жетекчилигин алмаштырам” деген. Алардын ичинде Улуттук филармония, Кыргыз драма театры, Мамлекеттик цирк, Опера-балет театры жана маданий борбору бар. “Алмаштырам” деген сөздү укканда эле “керегим жок болсо, кетейин” дегем. Мына, бүгүн толугу менен өткөрүп бердим. Министр “заман талабына ылайык жаңылануу киргизе алган, энергиялуу жаштардан алып келем” деп айтканынан макул болдум. Менин “кетпейт элем” деп кармашканга статусум жол бербейт. Андай кадамга баргым да келбейт.
– Филармонияда иштеп жүрүп эмне таптыңыз да, эмне жоготтуңуз?
– Филармонияга мындан тогуз жыл мурун жаңы барганымда суу келүүчү түтүктөрүнүн баары чирип кеткен, душ, кондиционер деген жок, тамеки жыттанган сарай эле. Анан баарын жаңылап, ар бир гримдөөчү бөлмөгө кондиционер койдурдум. Кыскасы, укмуш оңолду. Азыркы директор тамеки чегип, эки жыл жөн эле отура берсе болот. Филармонияны үйүмдөн да жакшы карадым. Коридордо баратып, жерден ширеңкенин бир талын көрүп калсам да, алып ыргытчумун.
– Өз үйү­ңүздөн да артык көрүп калсаңыз кызматтан кетиш кыйын болду го. Айрым чиновниктердин жумушунан түшүп калганда өзүн таштап, "жинди сууга" алдырып жибергендерин угуп жүрөбүз. Сиз канттиңиз?
– Мен да бир аз жаман болдум. Ушунча эмгек жасап, анан басып кетиш оңой эмес. Бир аз убакыт өтсө “сен бизге керексиң” деген адамдар чыкса керек. “Туулган жерди сагынуу” деген ырымдын клиби бар эмеспи. Клиптеги үйдө менин балалыгым өткөн. Ошол үйдө беш жылдан бери кара кулпу илинип турат. Айылыма барып, кара кулпуну алып, ата-энем жашап өткөн үйдө сентябрь айына чейин эс алайын деп жатам. Көптөн бери көрүшпөгөн туугандарым бар. Алар менен сагынычты таратып, ата-энеме куран окутуп дегендей.
– Эмне үчүн сентябрга чейин?
– Анткени бул айдан тартып Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестрде ырчы болуп иштейм. Оркестр жакында жайкы өргүүгө чыгат да, кайра күзүндө келет. Ошондо мен дагы жумушка чыгам.
– “Сыртынан билинбегени менен филармония интригага жык толгон” деген сөз чынбы?
– Ал жерде 500 адам иштейт. 500үнүн 500 кыялы бар. Ар бирин чачынан сылап эркелетсең тартип болбойт. Тартип жок жерде ийгилик болбойт. Мени кетет дегенде эле Курмангазы Азыкбаев, Гүлшайыр Садыбакасова, Асылбек Өзүбеков, Исрадин Аманбаев, Апаз Жайнаков, Замирбек Үсөнбаев, Бермет Байкелова дегендер “мен директор болом” деп чыгышты. Булардын аттарын мага министр атап берди. Менин ордума келем деген ырчылар, дегеле, чыгармачыл адамдар көп экен. Даяр адистердин көп экенин укканымда көңүлүм ток болуп, арызымды жаздым да чыгып кеттим.
– “Ак жол” партиясынан депутат болдуңуз. Бул партияга өз каалооңуз менен эле кирдиңиз беле?
– Албетте, чакырышкан. “Мен үгүттөө иштериңер менен эле жүрө берейин” десем болушпай, депутат болчулардын тизмесине кошуп коюшуптур. Депутаттык антымды бергенден кийин трибунадан мандатымды таштап кеттим.
Депутат болсом баш-отум менен кирип, мыйзам иштеп чыгышым керек. Мага андан көрө дүркүрөгөн кол чабууларга арзуу бийик болду. Депутаттыктан кеттиңби, автоматтык түрдө партиядан да чыгарыласың. Ошентип “ак жолчу” да болбой калгам.
– Бирөөгө депутаттык орун керек болуп, анан сизди кетиришиптир го...
– Бул 100 пайыз калп. Орун керек болсо мени эмес, бир да жолу трибунага чыкпаган, өмүрү оозун ачпагандарды кетиришмек.
– Эми суроолорду жеке турмушуңузга байланыштуу берсем. Романтиксизби?
– Аябай. Чарба иштеринде болобу, үй-бүлөдөбү, чыгармачылыктабы, укмуш берилип кыялданып, фантазиям менен иш кылам. Кыла турган ишимдин оңунан чыкпасын сезсем да, болот деп кыялымдагыны жасай берем. Кудай деген адаммын да, көбү мен ойлогондой болуп чыгат.
– Казиного барып турасызбы?
– Өмүрүмдө бир жолу борбордогу казинолордун биринин ачылышында ойногом. Анда деле атайын эмес, программада ошондой жери бар экен. Тез эле 500 доллар утуп алдым. Кайра заматта уттуруп жибердим. Үйгө баратканда келинчегиме “казино сонун турбайбы, кызыгып калдым” деп айтсам, ал аябай урушту. Ошону менен экинчи ойногон жокмун.
– Канча жашка чейин ырдайын деп жатасыз?
– Жашы өтүп калган адамдар, негизи, сахнанын көркүн бузуп коёт. Мен азыр элүүдөмүн. Буюрса, 70 жашка чейин ырдайын деп жатам. Андан кийин радиодон сүйлөй берем, ырдай берем дегендей.
– Өзүңүздү келишимдүүмүн деп эсептейсизби?
– Күнүгө беш бармак жей берип, семирип кеткен ырчылар жүрүшпөйбү. Мен да мындан 7-8 жыл мурун курсагым салаңдап, семирип кеткем. Анан айрымдар “курсагыңды жоготпойсуңбу, өзүң сахна адамы болсоң” дей башташты. Ошондон кийин майлуу тамакты аз жеп, дене-мүчөмө көңүл бура баштадым. Азыр кышы-жайы дебей жер-жемишке, салатка басым жасайм. Эртең менен сөзсүз ботко жейм. Келишимдүү эле болсом керек. Бирок жаз келгенде эле капкара болуп кетем. Ал эми кышында апакай жигитке айланам.
– Сизди “сулуу кыздарга көп тийишет” дешет го...
– Мени сулуу кыздар карабайт да. Анткени жагымдуу эмесмин деп койбоюнбу, тамаша. Кыздарды гүлгө салыштырабыз. Татынакай гүлгө, күлүк атка ким гана суктанбайт? Мен бардык сулуулукту жакшы көрөм. Сулуу кыздарга суктанбаган жигиттин жүрөгү жок.
– "Түбөлүк достук болбойт, түбөлүк кызыкчылык болот" дегенге кошуласызбы?
– Буга бир чети кошулам, бир чети кошулбайм. Кошулам дегеним колуңда бирдеме болсо шынаарлап калышат да, колуңда болбосо көздөн кайым болушат. Чыныгы досторду акыреттик деп коёт эмеспизби. Менин жакын досторум акыреттик дегенге татыктуубу же жокпу билбейм. Кудай жалгап, достордон күйө элекмин.
– Катуу таарынган адамыңыз барбы?
– Атын атабай эле коёюн, бир адамга аябай катуу таарынгам. Ал экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестик болгон. Анан ал менден алчу өчүн кызымдан алган. Анда кызым музыкалык мектепте окучу. Кызыма баа койбой көпкө кыйнаган.
– Уул-кызыңыз бой жетип, небере жыттоочу учур деле келип калды окшойт...
– Буюрса, Салия экөөбүз эртең-бүрсүгүнү келиндүү болобуз деп турабыз. Маданият министрине “мунун үч аялы бар” деп айтып барышыптыр. Бирок менин жападан жалгыз эле жубайым бар. Балдарымды ушунчалык жакшы көрөм. Эмне иш жасасам да, ошонун пайдасы балдарыма тийсе экен деп турам. Кызым Айтурган Улуттук консерваториянын пианино бөлүмүн "5ке" аяктап жатат. Буюрса, айылга ал да барат. Уулум Канат 27де. Юрист кесибине ээ болгону менен, жеке ишкер. Үйлөнө элек.
– Маегиңизге рахмат. Жакшы эс алып келиңиз.
– Ылайым кыргыз элинин маданиятында болуп көрбөгөндөй ийгиликтер жарала берсин. Атагы дүйнөнү дүңгүрөткөн таланттар чыксын.

БИРИНЧИ ЖОЛУ...

  • 5-классында ат кулактын куураган жалбырагын кагазга ушалап, тамеки кылып тартып көргөн.
  • 7-классында классташы Арзыканга кат жазган.
  • 8-класста спирт ичимдигин таткан.
  • Кыз менен 18 жашында өбүшкөн.
  • Үйдө казан-аяк көп эле кагышат. Биринчи жолу жубайы менен эмнеге урушканы эсинде жок.
  • Өзү жөнүндө көп эле ушак уккан. Кайсынысы биринчи токулганын унутуп калган.

ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОР
– Кечиккен сүйүүгө кабылдыңыз беле?
Кудай жалгап, ошол нерсе болгон жок. Жеңеңди эле сүйүп келе жатам.
– Көчөдөн кыз-келиндер тийишип калса кандай жооп кайтарасыз?
Тамашасына дал өзүндөй тартынбай туруп жооп берем.
– Кыргызды алга сүйрөп кете турган лидер ким деп ойлойсуз?
Азыр “иштейм” дегендерден ашып кетсе он жигит бар. Алардын баары татыктуу. Биринин атын атасам, экинчиси таарынып калат.
– Жердешчилсизби?
Жок. Досторумдун баары ар кайсы аймактан.
– Мал сойгонду билесизби?
Бир да жолу союп көргөн эмесмин. Тоок менен койду союп беришсе, жиликтей алам. Бодо малды байлай баштаганда эле коркуп качып кетем.
– Кыз ала качууга катыштыңыз беле?
Башымдан өткөн эмес.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
kyrs
2010-06-08 15:22:45
Керим Тураповтон башкасына филармонияга татыктуу эмес!
Ministir oz kabinetinde olturup ele buiruk berip zamanga jarasha ozgortso bolmok janycha.
0
AIZAJANKA
2010-06-08 16:54:37
Керим Тураповдун "Апам жапкан нанды сагынам" ыры аябай жагат. Филармониядан кеткени окунучтуу
0
kyrs
2010-06-09 00:55:08
kyzy suluu eken bir jerde korgondoi bolup jatam.
Interesno kto skajet ona zamuzhem net?
0
Южанка
2010-06-12 09:48:59
Жена не красивая
0
№ 396, 4-10-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан