«BLACKPINK» ТАБИГЫЙ СУЛУУЛУКТУ ТАНДАЙТ

Атактуу америкалык «Rolling Stone» музыкалык журналы жазгандай, бул ырчыларда мыкты келбет, вокал, рэп, бий баары камтылган. Учурда таланты менен Батыш-Чыгышты бирдей багынтып келе жаткан корейлердин «BlackPink» тобу тууралуу кызыктарга көз салабыз.

«BLACKPINK» ТОБУ
Түзүлгөн күнү
– 2016-жыл, 8-август
Жери – Түштүк Корея
Жанры – К-поп
Атактуу чыгармалары – «Ышкырык» («Whistle»), «Boombayah», «От менен ойноп жатып» («Playing With Fire»), «Мени менен калчы» («Stay»), «Акыркы жолкудай...» («As If It’s Your Last») жана башкалар
Топтун Инстаграмдагы фолловерлеринин саны – 8,9 миллион

НАЗИК ЖАНА «ДЕРЗКИЙ» ТОП
«BlackPink» тобу «жаандан кийин эле чыга калган козу карындар» эмес. Алгач 9 кыздан турган топ түзүүнү пландаган YG продюсердик борбору 7 жылдан кийин гана коомчулукка квартет сунуштаган. Топко кирген кыздар бул жылдар аралыгында компанияда вокал, бий, актёрдук чеберчилик боюнча билим алышат. Алгач клип, дорама, жарнамалык роликтерге тартылып жүзү таанылган соң гана «BlackPink» тобу сахнага чыга келди. Эмнеге «BlackPink»? Black – кара, рink – күлгүн түс. «Кара өң олуттуулуктун белгиси, ал эми күлгүн түс – назиктик, кооздуктун белгиси. Бул экөө кошулганда назик, ошол эле учурда кайраттуу, «дерзкий» ырчылардын тобу келип чыкты» дейт YG өкүлү.
Белгилей кетчү жагдай, топко кыздарды тандоо келишиминде «Пластикалык операцияга жол жок» деп жазылган. Бул кадамды продюсердик борбор: «Пластикалык операцияны жаман дебейбиз, анын да керектүү учурлары болот. Бирок биз топко өспүрүм кыздарды алып жатабыз. Алар башкаларга табигый сулуулугу менен үлгү болушу керек» деп түшүндүргөн.

УРААНЫ: АЛДЫДА БҮТ ДҮЙНӨ!
Алдыда бүт дүйнө! Чоң масштабды багынтуу үчүн ошончолук күч, аракет керек болчу. Топтун кыздарын бийге үйрөтүү үчүн ар кайсы мамлекеттен мен-мен деген 4 хореограф чакыртылган. Ал эми ырчы кыздар корей тили менен кошо япон, англис, тай тилдеринде эркин сүйлөшөт. 2016-жыл, 8-август. Бул күнү 3 ыр, 3 клип менен дебют жасаган топ бир ай аралыгында музыкалык чарттардын лидерине айланган. Бир ай ичинде багынган Түштүк Кореядан кийин кезек башка өлкөлөргө жетти.
Топтун алгачкы «Whistle», «Boombayah» ырлары дүйнөлүк музыка индустриясын чагылдырган АКШнын «Billboard» чартынын алдыңкы эки сабын бирдей ээлеп, корей музыкасынын тарыхында PSY жана «Big Bang’ден» кийинки үчүнчү орунга атын жаза алды. Бул ийгиликтердин башталышы гана.


ЛИСА (Лалиса Манобан)
Бийчи, ырчы, рэпер
Туулган жылы
– 1997-жыл, 27-март
Туулган жери – Таиланд, Бангкок шаары
Бою – 167 сантиметр
Топто «бий машинасы» атка конгон Лиса тай кызы. Экзотикалык жүзгө ээ болгон Лиса чыгармачылыкты Таиландда бийчи, модель катары баштаган. Ал эми корей тобуна 2011-жылы келип кошулган. Лиса келбетине эксперимент жасагандан коркпойт. Кайда барбасын башкалардан өзгөчө чач жасалга, өзгөчө кийим, өзгөчө макияж болушу керек. Топко кантип кошулгандыгы тууралуу ырчынын бөлөсү: «YG борборуна биз Лисанын бийлеп жаткан видеосун жөнөткөнбүз. Таиландда топко тандоо туру өтөрдө Лиса аябай толкунданганы эсимде. Атайын көйнөк тиктирсе, анысы жарашпай калып ыйлап, эски көйнөгүн кийген. Бирок ал акжолтой көйнөк болду деп кийин сүйүнгөн»,- деп эскерет.


ЖЕННИ (Ким Женни)
Ырчы, рэпер, бийчи
Туулган жылы
– 1996-жыл, 16-январь
Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары
Бою – 163 сантиметр
«BlackPink’ке» эң биринчи алынган Женнинин балалыгы Жаңы Зеландияда өткөн. Ата-энесинин «кызыбыз адвокат же мугалим болот» деген тилегин аткара албасын сезген Женни апасына ырчы болгусу келгенин айтат. 2010-жылы, 14 жашында YG’нин эшигин кагып, ошондон бери аталган компаниянын камкордугунда. Шопоголик, бош убактысында дүкөн кыдырып кийим алганды, ошондой эле китеп окуганды, сүрөт тартканды жактырат.


ЖИСУ (Ким Жису)
Ырчы, бийчи, модель
Туулган жылы
– 1995-жыл, 3-январь
Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары
Бою – 162 сантиметр
Топтогу эң тамашакөй, адамдар менен бат тил табышкан Жису компанияга стажёр катары 2011-жылы келген. Алгач «Epik High» тобунун клибине тартылуу менен башталган моделдик карьерасы ийгиликтүү уланып, учурда YG продюсердик борбору менен иштешкен көптөгөн компаниялардын жүзү. «BlackPink’те» Женни менен жакын курбулардан. Дүкөн кыдырганды жактырбайт, бош убактысында куурулган тоок этин жеп, достор менен көңүл ачууну баалайт. Сейил бакта отуруп алып гитаранын коштоосунда ырдаган Жису эми чоң сахнадан өз ордун тапты.


РОЗЭ (Розанна Пак)
Ырчы, бийчи
Туулган жылы
– 1997-жыл, 11-февраль
Туулган жери – Австралия, Мельбурн шаары
Бою – 168 сантиметр
Пианино, гитара. Бул эки аспап маанай көтөргөндө биринчи жардамга келерин айтат Розэ. «Келечекте поп-жылдыз болорум түшүмө да кирчү эмес. Австралияда окуп жүргөндө YG жаңы топко кыздар алынарын жарыялап калды. Атам экөөбүз сүйлөшүп отуруп, жөн гана анкета жөнөтүп койдук. Көп өтпөй компаниянын өкүлдөрү Австралияга келип сынак өткөрүп, үнүмдү жактырышты. 2 ай ичинде баарын жыйыштырып, Сеулга келип калгам. Туура эле чечим кылыптырмын»,- дейт ырчы топко кошулганы тууралуу.


Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
jemile
2018-05-08 14:28:06
Эки Жису дейтко баш жагында...

Билбейм эми...буларды азыркы 14-17 жаштагылар жактырышатда...азыркыларды көрсөң бир кызыктай кыймылдашатко ыры биякта турсун)))) Жаман дебейм кыскасы
+3
Meni_unut
2018-05-08 15:02:59
Мунусунада мейли.Айдана Деканы кошуп коюш керек экен
+3
Negrusti
2018-05-09 16:45:11
Лиса метиска, атасы европеец болуш керек. Лисага окшогон Тайканы жолуктуруу ото кыйын. Анан ринопластика кылган Лиса сулуу. Табигый сулуулук)))
0
Negrusti
2018-05-09 16:46:03
Дебют 2015-жыл деп журот элем.
0
№ 809, 4-май -10-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан