ЖҮРӨКТҮ ТАЗАЛОО, АЗЫКТАНДЫРУУ, КАМ КӨРҮҮ

Жүрөк-кан тамыр оорулары, тилекке каршы, дүйнөдөгү чоң көйгөйлөрдүн бири. Дүйнө боюнча каза тапкандардын 52 пайызы, ушул дарттын азабынан болот. Кыргызстанда 1 жылда орточо эсеп менен 18 000 адам көз жумат. Жүрөк ооруларынын алдын алып, өлүмдү кантип азайтса болот? Бул туурасында кеп кылабыз.

ЭМНЕ ҮЧҮН ЖҮРӨКТҮ ТАЗАЛОО КЕРЕК?
Жүрөк – адамдагы эң башкы орган. Анын иштешинин натыйжасында кан денеде дайыма жылып турат. Кан менен болсо органдарга, алардагы ткань, клеткаларга азык-заттар, кычкылтек да барат. Андыктан организм кан менен тынымсыз жабдылышы үчүн жүрөк дайыма иштеп, оорубай турушу шарт. Дайыма иштеши үчүн жүрөктү тазалоо, азыктандыруу жана кам көрүү зарыл.
Жүрөктүн кан тамырлары таза болсо, ал инфаркт жана башка оорулардын алдын алат. Тилекке каршы, кан тамырларда холестерин, май, туз туруп калат да, ал кан айланууну бузат. Же кан тамырды такыр эле тосуп калып, кан өтпөй өлүмгө алып келиши мүмкүн. Андыктан жүрөк тазалоого муктаж.

ТАЗАЛОО ЫКМАЛАРЫ
1) Дайыма жемиштерди, жашылчаларды жана алардан жасалган салаттарды жеш керек.
2) Картошка менен тазалоо (элдик медицинадан)

Жазында чыккан жаңы картошка менен жүрөктү тазаласаңыз пайдалуу.
Ширеси. Картошканын сыртын щётка менен тазалап-жууп, кабыгы менен сүргүчтөн өткөрөбүз. Дакини каттап, суусун сарыктырып алабыз. Эртең менен ачкарын 50 граммдан сабиз же кызылча ширесинен азыраактан кошуп ичсеңиз жакшы.
Кайнатмасы. 4-5 картошканын сыртын тазалап жууп, кабыгын калыңыраак кылып аарчып, кабыкты 0,5 литр сууда 15 мүнөт кайнатасыз. Муздатып, чыпкалап туруп, 0,5 стакан өлчөмдө тамактан 30 мүнөт мурун ичип туруңуз.

Эскертүү! Картошка ширеси ашказанынын кычкылы көптөргө, ашыкча салмактууларга,
кант диабети барларга колдонууга болбойт!

3) Как жана зыгыр менен тазалоо

  • Ит мурун, өрүк как, кара өрүктүн кагын аралаштырып, үстүнө 1 литр кайнак суу куюп, демдейбиз. Кайнатманы 3-4кө бөлүп, тамактан бир саат мурун ичкен туура.
  • Зыгыр уругунда калий, омега-3 кислотасы бар. Ал кандын курамындагы холестеринден арылууга жардам берет. Ошондой эле жүрөктө кандын уюп калуу коркунучун азайтат.
    Термоско 2 чай кашык зыгыр уругун салып, үстүнө 250 грамм кайнак суу куюп, 5 саатка коюп коёбуз. Маал-маалы менен чайкап турсаңыз, уруктарынан пайдалуу азыктар чыгат. Муну 100 граммдан эртең менен жана кечинде тамак алдынан ичсеңиз болот.

    Эскертүү! Зыгыр кайнатмасы бөйрөк, табарсыгында таш оорусу барларга, кош бойлууларга, ичеги, боор оорусу барларга болбойт. Ооруну козгойт!

Эскертүү: Элдик медицинаны колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешип алуу керек!

АЗЫКТАНДЫРУУ

Калий
– гипертония менен инсульттун алдын алат. Калий өрүк жана кара өрүктө, алардын кактарында, картошкада, авокадо, буурчакта, шпинат, ашкабак, апельсинде, помидордо (өзгөчө кургатылганында) көп.
Магний, В6 витамини – жүрөктүн ооруларында, гипертонияда гана эмес, кандын курамындагы канттын өлчөмүн азайтууда, иммунитетти бекемдөөдө да пайдасы чоң. Магний – күнжүт, кешью, гречка, кедр жаңгагы, бадам, жер жаңгак, мисте, нокот, төө буурчак, балык жана деңиз азыктарында көп болот. В6 витамини – дан өсүмдүктөрү, банан, эт, сүт, жаңгак, жер жаңгак жана башка азыктардын курамында болот.
Кальций – холестерин менен күрөшүүгө жардам берет. Жүрөктүн согушун калыпка келтирет, кан тамырлардын иштешин жакшыртат. Кальций сүт азыктарында, балык консерваларында, көк чөптөрдө шпинатта, сүттүн курамында бар.
Е витамини – кан басымды жана холестериндин өлчөмүн азайтат. Ал өсүмдүк майы, креветка, жаңгак, спаржа сыяктуу азыктарда көп.
С витамини – күчтүү антиоксидант. Кан тамырдын керегелерин (стенки) бекемдеп, канды суюлтуп, холестеринди эритет. Жер-жемиш, цитрус өсүмдүктөрүндө, мөмө-жемиштердин бардык түрүндө, көк чөптөрдүн курамында бар.

ЗЫЯНДУУ
Малдын майын, куурулган тамактарды, фаст-фудду, кондитердик азыктарды;
Тузду, соя соусун, даяр татымалдарды, колбасаларды;
Кант жана ал көп кошулган азыктарды көп колдонуу.

КАМ КӨРҮҮ


Спирт ичимдиктерин ичпөө, чылым чекпөө.



Спорт менен машыгуу.




Ар бир адам кан басымын текшергенди билиши керек.




Стресстен өзүн коргоо, негативдерди жок кылуу.

Гүлжамал Абылкасымова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Nevestkaa
2018-05-08 10:50:11
Бардык оорунун башаты стрессссс экен,жашоону сүйгүлө эч качан нерв иштетпегиле анткени эч бир дүкөндө нерв сатпайт экен достор .
+23
Sofy
2018-05-08 11:42:24
Помидор да журоко аябай пайдалуу (ислам илимий китептеринде эскартилет).
+7
Dinaa
2018-05-08 12:14:36
Зыгыр эмне ал?
+2
meni_kut
2018-05-08 12:34:01
Dinaa,семена льна
+4
jemile
2018-05-08 12:19:32
Урматтуу админ? Жүрөктүн тамырлары кысылганда стенд коет экен, ошол тууралуу маалымат бериңиздерчи, элдин арасында жарымы коюш керек дейт, жарымы болбойт дейт...жана да жаш курагы кандай болот? Рахмат
+5
kleine
2018-05-09 00:08:10
jemile,стенд любой жашта койула берет. Стенд кысылып калган жерди кенейтет. Жазатканыныз эн туура чечим. Болбосо акырындык менен инфаркт ж.б.оорууларга кабыласыз...
+2
temirov76
2018-05-11 22:56:15
kleine,Стенд эмне ал,кандай болот?
0
meni_kut
2018-05-08 12:34:35
менде да тахикардия бар,журок оору жаман
+3
№ 809, 4-май -10-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан