Акыйкатчы Кубат Оторбаев камакта отурган Өмүрбек Текебаевге ырайым кылууну суранып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.
АКЫЙКАТЧЫ ТЕКЕБАЕВДИН МАМЛЕКЕТКЕ КОШКОН САЛЫМЫН БАСА БЕЛГИЛЕЙТ. – Урматтуу президент!
Сиздин көңүлүңүздү Кыргыз Республикасынын бир нече чакырылыштарынын депутаты, 2010-жылдагы Конституциянын авторлорунун бири, Кыргызстандын эгемен мамлекет катары калыптанышына зор салымын кошкон, легендарлуу парламенттин депутаты Өмүрбек Текебаевдин ишине бургум келди. Ал адам мындан кенен тааныштырууга, жарнамалоого муктаж эмес. Сиз дагы өмүрдүн көбүн, кара күчкө толуп, болуп турган убактыңыздын далайын авторитардык режимдер менен күрөшкө арнап жүргөн маалда Текебаев менен үзөңгүлөш, ниеттеш катары далай тайгак кечүү, тар жолдон бирге өткөнсүздөр. Бүгүнкү демократиялык байырлуу жолду чабууга сиз катары ал кишинин дагы ат көтөргүс эмгек-мээнети эбегейсиз. Ошол экинин бири боло турган адам бүгүн Бишкектин Кокон хандыгындай шарты оор абагында баш кесер кылмышкердей саналып, темир тор артында армандуу күнүн кечирип жатат,- дейт Оторбаев.
Акыйкатчы "Өмүрбек Текебаевдин жасаган күнөөсү так далилденип, айныгыс фактылар менен тастыкталган жок" деген пикирде.
– Тергөө-иликтөө иштери бир беткей каралоо менен жүрүп, келтирген жүйөлөр эске алынбай, акыйкаттык, мыйзамдуулук, калыстык, ар тараптуулук жана атаандаштык принциптерин эске албаган соттук процесстердин аркасында чыккан өкүм кимди ынандырат?
Өмүрбек Текебаевдин ишинде күмөн жараткан бир нече дал келбестиктер тергөөдө дагы, сотто дагы так аныкталган жок. Алардын айрымдарына сиздин көңүлүңүздү бургум келет:
Биринчиден, Леонид Маевский менен Алексей Модин "2010-жылдын 13-майында биз Ө.Текебаев, Д.Чотонов менен кечки саат 18:00дөн 20:00гө чейин “Хаятт” ресторанында жолукканбыз" деп 2017-жылдын февраль айында көрсөтмө беришкен. Бирок бул учурда Ө.Текебаев Конституциялык кеңешмеде, ал эми Д.Чотонов Ош облусунда болгон. Ө.Текебаевдин жыйында отурганын КТРКнын видеотасмалары, ал эми Д.Чотоновдун Ошко учуп кеткенин Транспорт жана коммуникация министрлигинин расмий каты тастыктайт.
Экинчиден, Маевский тергөөдө дагы, сотто дагы «Москва шаарындагы «ВТБ-24» банкындагы өз эсебинен 300 миң доллар акчаны нак алып, аны Бишкекке алып келип, А.Модинге «Хаятт» мейманканасында бергем» деп айткан. Бирок кылмыш ишине тиркелген банктык выпискалар Л.Маевский андай акчаны албаганын тастыктайт. Бул күмөндүү жагдайды дагы сот тактап, аныгына чыккан эмес. Тергөөдө көргөзмө берген А.Модин "Ө.Текебаев менен жолукканбыз, демек, кылмыштын орду ушул" деп көргөзгөн кабинет кимдики экени такталган жок. Сот аны тийиштүү тараптарга официалдуу тактама жиберип, аныктагандан баш тартты.
Акыры барып-келип, кандай болгон күндө да Ө.Текебаевдин, Д.Чотоновдун Л.Маевскийден же А.Модинден акча алганын же алып жатканын көргөн бир да жан жок,- дейт Кубат Оторбаев.
Акыйкатчы камактагы Текебаевдин иши боюнча президентти кечиримдүүлүккө чакырды.
– Быйыл 5-майда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынганына 25 жыл толот. Ошондой эле мындан туура 70 жыл мурда Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Адам укуктары боюнча декларация кабыл алынган. Бул эки дата адам укуктары жана эркиндиктеринин ири майрамы, чоң даталар. 114 беренеден турган Конституциябыздын 2-бөлүмү же 44 беренеси толугу менен адам укуктарына жана эркиндигине арналган. Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз мамлекетинин эң бийик асыл баалуулуктарынын катарында, ал бийликтин жана мамлекеттик органдардын ишинин маани-мазмунун аныктап турат.
Кыргыз элинде “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер”, “Оң жаакка чапканга сол жаагыңды тос”, “Азамат эрдин ичине ээр токумдуу ат батат” деген түбү мухиттей терең, философиясы бийик, ойлонгон сайын ойго бастырган, тамшанган сайын таңдай кактырган, таң калтырган, таңыркаткан, кыргыздын кыргыздыгын, анын улуулугун, айкөлдүгүн, даанышмандыгын даңазалаган, курун салып келгендин кунун кечкенин аңыздап, урматтап, эстетип турган макал-лакаптары бар. Эл ушунусу менен эл, журт ушунусу менен журт.
Өмүрбек Текебаевдин өмүрү жана анын коопсуздугу бүгүнкү тапта, каалайбызбы же жокпу, мамлекеттик маанидеги олуттуу маселеге айланды. Анын көз жаздым болуп кетишине, ачыгын айталы, айрым агымдар, башка үчүнчү күчтөр да кызыкдар болушу ыктымал. Кол салуу же башка мерт-шөрт окуялар болуп кетсе анын убал-сопкут, жоопкерчилиги азыркы бийликтин, анын туу чокусунда турган ажобуз, сиздин абийириңизде калары жашыруун эмес.
Ошондон улам Өмүрбек Текебаев ал жаткан бөлмөгө видеокамера коюлганына өзү түп насилинде каршы болуп турса да, аргасыздан макул көрүп отурат. Ким эле 24 саат бою “түз эфирде” жашагысы келсин?! Бул баарынан мурда психологиялык басым, кыйноо. Анын үстүнө өкмөт дагы, Жазаларды аткаруу кызматы дагы, "Кылмыш аткаруу" кодекси дагы, башка толгон-токой мыйзамдар, укуктук актылар ал видеону ким жаздырып, ким сонуркап карап, ырахат алып, ким кийин-соңу кандай пайдаланып, кандай ыңгайда монтаж жасап жиберерин так аныктабаптыр. Анын үстүнө Өмүрбек Текебаев ден соолугуна тынчсызданып, кадимки бийик сапаттагы кызмат көрсөтө турган ооруканалардын биринде дарыланууну суранып келатат.
Ушул айтылгандарды эске алып, урматтуу Сооронбай Шарипович, сизге Кыргыз Республикасынын Президенти катары, адам укуктары жана эркиндиктерин даңазалап, туу туткан Конституциянын кепили катары Баш мыйзамыбыздын кабыл алынганынын 25 жылдык мааракесинин урматына, адам укуктары боюнча жалпы адамзаттык декларациянын кабыл алынганынын 70 жылдык датасын утурлай Өмүрбек Текебаевге ырайым кылып, бошотууну суранам. Бул кадамыңыз Баш мыйзамдын 64-беренесинин 10-пунктунун 4-бөлүкчөсүндөгү өз укугуңузду пайдалануу гана эмес, айкөлдүктүн, даанышмандыктын салтанат курушу катары тарыхта калары бышык,- дейт башкы укукчу.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg