УЛУТТУК ВАЛЮТА – УЛУТ СЫЙМЫГЫ

Адам баласы жарык дүйнөгө келгенде эне сүтү менен оозанат. Ошол эне сүтү менен баланын жан дүйнөсүнө, кан-жанына «улут, «эне тил» сыяктуу адамдан ажырагыс улуу түшүнүктөр да кошо таркайт. Адам айбанаттардан, жан-жаныбарлардан акылы, ой-мүдөөсү менен айырмаланса, башка элден улуту, дини, тили, улуттук валютасы жана башка улуттук символикалары менен айырмаланат. Мына ушул улуттук валюта – сом жүгүртүүгө чыгарылгандыгына 25 жыл толуп, ушул мезгил аралыгында өз тарыхын түптөп, улам өркүндөтүлүп, улам жаңыланып, бүтүндөй бир элдин сыймыгына айланып, улуттун жүзү болуп келет.

УЛУТТУК ВАЛЮТАНЫН ЖАРАЛУУ ТАРЫХЫ
СССРдин тарашы жана анын курамындагы мамлекеттердин өз алдынча экономикалык саясат жүргүзүшү, бирок финансылык жана экономикалык турукташууга жете албашы улуттук валютанын киргизилишине себеп болгон.

Ошентип, 1993-жылдын 10-майында Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен (Орусиядан кийинки) биринчилерден болуп улуттук валютасын – сомду киргизген. Өлкө аймагында жүгүртүүдөгү орус рубли сомго алмаштырылган. Бул жылдары банкнотту өтө кыска аралыкта жана аз каражат сарптоо менен чыгаруу талап кылынган. Ал кезде алгачкы банкноттор 1, 10, 50 тыйын жана 1, 5, 20 сом үлгүсүндө чыгарылган.

Булар «өткөөл мезгилдин акчалары» деп аталган. Каражаттын жана убакыттын чектелүүсүнөн улам булардын сапаты анчалык эмес, дээрлик кагаз жүзүндө болгон. 1994-жылдан тартып II сериядагы 1, 5, 10, 20, 50 жана 100 сомдук банкноттор чыгарылып, булардын сапаты кыйла жогору болгон. Ал эми 1997-жылдан 2002-жылга чейин экинчи чыгарылыштагы банкнотторго алмаштырылган.

Жүгүртүүдөгү акчадан тышкары 200, 500 жана 1000 сомдук банкноттор чыгарылып, кийинчерээк 20, 50, 100, 200, 500 жана 1000 сомдуктар жаңыланган. Улам кийинки чыгарылыштагы банкноттор жаңы коргоо белгилерине ээ болуп, көлөмү кичирейтилип, оригиналдуу жасалгада чыгарыла баштаган.

Банкноттор менен катар эле 1, 10, 50 тыйын, 1, 3, 5 жана 10 сомдук монеталар да жүгүртүүгө чыгарылган. 1000 сом номиналындагы банкнот банк технологиясы боюнча эксперттердин баа берүүсүнө ылайык, 50 АКШ долларына, 50 евро жана 2010-жылдагы жаңы 1000 орус рублине салыштырмалуу экинчи орунду ээлесе, 2009-жылы чыгарылган 5000 сом наркындагы банкнот «2009-жылдын банкноттору» деп аталган эл аралык сынакта жеңүүчү аталып, улуттун сыймыгына айланган. Ал күмүш түстөгү коргоо белгилеринин сапаты, банкноттун оптималдуу өлчөмү, голографиялык элементтеринин категориялары боюнча эң мыкты деп таанылган. Ал эми 2017-жылдын 17-ноябрынан тартып 2000 сом номиналында чыгарылган улуттук валютанын алгачкы нумизматикалык эстелик банкноту өзүнчө кеп кылууга татыйт.

Эстелик банкнот, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан мамлекеттин тарыхында басып өткөн жолундагы маанилүү эки учурду: Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүккө ээ болушунун 25 жылдыгына жана улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгына карата чыгарылган. Эстелик банкнот, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалынын түптөлүшүнүн: байыркыдан бүгүнкү күнгө чейинки калыптануу жолун чагылдырган жана заманбап коргоо элементтерин камтыган, өзгөчөлөнгөн дизайнга ээ.

СОМДО ЧАГЫЛДЫРЫЛГАН УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАР
Банкнот – өлкөнүн маданий мурасын жана улуттук салт-санаасын чагылдырган визиттик карточкасы болуп саналат. Алгачкы чыгарылган банкноттордо кыргыз элинин көз карандысыздыгынын жана эркиндигинин символу катары «Манас» эпосунун башкы каарманы Манас атабыздын эстелиги чагылдырылган. Андан соң банкнот беттеринде тарыхый-маданий маанилүү фактыларды чагылдыруу концепциясы кабыл алынып, маданияттын жана искусствонун А.Малдыбаев (1 сом), Б.Бейшеналиева (5 сом), К.Тыныстанов (10 сом), Т.Молдо (20 сом), Курманжан датка (50 сом), Т.Сатылганов (100 сом), А.Осмонов (200 сом), С.Каралаев (500 сом), Ж.Баласагын (1000 сом), С.Чокморов (5000 сом) сыяктуу залкар өкүлдөрүнүн элестери түшүрүлсө, арткы бетинен кыргыздын тарыхый эстеликтерин, ажайып кооз жерлерин көрүүгө болот.

Улуттук валютанын Кыргызстанда эсептешүүлөр менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө колдонуудан тышкары тарбиялык мааниси да зор. Учурда жаштарыбыздын китепкана эмне экенин билбей, китепти барактагандан эригишип, көркөм сөз өнөрүнөн, адабий дүйнөдөн ат чабым алыс калып, Айтматовдун дүйнөнү дүңгүрөткөн чыгармалары менен мектеп программасынан гана таанышып, Пушкинди кой, өз акыныбыз Алыкулдун ким экенин билбей калуу коркунучу колдон-буттан алып тургандай. Улуттук валютада улуу инсандардын, тарыхый эстеликтердин чагылдырылышынын максаты да ушунда. Кыргыз элинин гомери С.Каралаев, «Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй» деп таанылган, кыргыз киносунун жылдызы С.Чокморов, кыргыздын алгачкы балеринасы Б.Бейшеналиева, аялдан чыккан алгачкы саясатчы, Алай ханышасы деп аталган Курманжан датка энебиздин жана аттары тарыхта алтын тамга менен жазылып калган башка улуу инсандарыбыздын жаркын элестеринин валютага түшүрүлүшү улуу мурасты улаганыбыз деп түшүнөм.

Учурда Кыргызстандын улуттук валютасы 25 жылдык мааракесин белгилегени турат. Ушул 25 жыл аралыгында ал бир нече өзгөрүүлөргө дуушар болуп, экономиканын өйдө-төмөнүнө, өткөөл мезгилге туруштук бере алды. Ал тургай КМШ өлкөлөрүнүн ичинде туруктуу акча бирдиги катары таанылды.

ЭСТЕН КЕТКИС ЭСТЕЛИК МОНЕТАЛАР
Улуттук банк улуттук валюта менен кошо коллекциялык монеталарды да чыгарууда. Жалпысынан алтын, күмүш, жез-никель, мельхиор монеталарынын 67 түрү чыгарылган. Кыргызстандын коллекциялык монеталары сувенир же нумизматикалык баалуулук гана болуп эсептелбестен, маалымат булагы болуп да саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө байланыштуу маданий эстеликтер, маанилүү даталарды даңазалоо, маданият жана спорт жаатында жетишкендиктерди, улуттук үрп-адаттарды жана оюндарды кайра жандандыруу, Кыргызстанда жок болуп бара жаткан флора жана фауналардын түрлөрүн жайылтуу максатын көздөйт.

Улуттук банк чыгарып жаткан коллекциялык монеталардын тематикасы Кыргызстандын кооздугун, кайталангыс өзгөчөлүгүн даңазалоого багытталган. Буга чейин: «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы», «Тарыхый окуялар», «Кыргыз мамлекеттүүлүгү», «Кыргыз каганатынын доору», «Эл аралык тоолор жылы», «Кыргызстан Улуу Жибек жолунда», «Чыңгыз Aйтматовдун чыгармалары», «Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери», «Улуттук спорт жана элдик оюндардын түрлөрү», «Улуттук музыкалык аспаптар» «Кыргызстандын Кызыл китеби» серияларына арналган монеталар чыгарылган. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук банктарынын баалуу металлдан жасалган коллекциялык монеталарды чыгаруу боюнча эл аралык программасынын алкагында Улуттук банк тарабынан: «ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн борборлору», «ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн жаныбарлар дүйнөсү», «ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн элдеринин жөрөлгөлөрү жана салт-санаалары», «ЕврАзЭСке 10 жыл», «Аруулук уялаган балдар дүйнөсү», «Улуу Жибек Жолу» серияларындагы күмүш монеталары чыгарылган. 2015-жылы монеталык программанын алкагында Улуттук банк тарабынан Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мамлекеттеринин борбордук (улуттук) банктары тарабынан күмүштөн жасалган «Евразия экономикалык союзу» монетасы чыгарылган.

Биздин монеталар Казакстандын, Словакиянын, Литванын, Санкт-Петербургдун, Польшанын зерканаларында жана Улуу Британиянын "Побджой Минт" ишканасында жасалган.

Учурда нумизматтар арасында улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган монеталар чоң кызыгуу жаратууда. Жазуучунун «Жамийла», «Саманчынын жолу», «Ак кеме», «Жаныбарым Гүлсары» жана «Биринчи мугалим» повесттеринин мазмуну боюнча 925-үлгүдөгү күмүштөн 6 монета чыгарылган.

Коллекциялык монеталарыбыз эл аралык сынактардан ийгиликтерге жетишүүдө. Мисалы, Ч.Айтматовдун чыгармаларына арналган монеталар сериясы 2010-жылы Санкт-Петербург шаарында өткөн эстелик монеталардын эл аралык төртүнчү сынагында «Библио-Глобус» соода үйүнүн ардак дипломун алса, «Улуу Жибек Жолу» сериясындагы монеталар 2013-жылы Берлин шаарында «Kraus Publication» басмасы тарабынан өткөрүлгөн «Жылдын монетасы» сынагынын жеңүүчүсү болгон. Ал эми «Кыргызстандын тарыхый эстеликтери жана архитектурасы» сериясынын «Саймалуу таш» коллекциялык монетасы «Монеталар даражасы-2014» эл аралык сынагында 3-орунга татыктуу болгон.

Кыргызстандын коллекциялык монеталарына болгон кызыгуу жыл сайын артып келет. Бүгүнкү күндө аларды кесипкөй-коллекционерлер гана сатып албастан, жөнөкөй жарандардын да кызыгуусу артып, инвестиция катары сатып алып жатышат.

25 жыл толгондугун белгилеп жаткан улуттук валютабыздын өмүрү узун болуп, калк арасында жөн гана төлөм каражаты статусуна ээ болуп тим болбостон, бүтүндөй республиканын экономикасынын гүлдөп-өнүгүшүнүн маанилүү инструменти болуп, калайык-калктын жыргалчылыгынын, байгерчиликтин, токчулуктун себепкери болсун.


Байгулова Назира Аманкуловна
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен
иш алып баруу бөлүмүнүн башкы адиси.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
AzKumFerDan
2018-05-10 08:14:46
Сом чынында кооз чыгарылган.С
0
rtuiop
2020-03-17 08:22:56
200сом 200 еврого окшош, 500сом дагы 500еврого окшош) Бул дегендик озундо идея жок дегендик
0
№ 809, 4-май -10-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан