СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Алар кайрадан жолугуп калышты. Бул жолу да капыстан... Автобус толо жүргүнчүлөрдүн арасынан бирин-бири жазбай таанышты. Экөө жолуккан кечтен бери бул кыз улам эсине түшүп жаткан. Өзүнөн-өзү жылмайып алды.
– Салам!- деди жүргүнчүлөрдөн араң өтүп, жанына келген соң.
– Саламатсыз...
Эмнегедир кыздын апакай жүзү нурданып кетти.
– Дайым ушул автобуска түшөсүңбү?
– Жок, бүгүн таекемдикинен келаткам.
– А мен дайым ушул автобус менен каттайм.
Кыз башын ийкеп койду. Жанында турган Рустамга кыздын жыпар жыты жагып турду. “Жаңы төрөлгөн наристедей жыты бар экен” деп койду. “Эмнеге сүйлөбөйт?” деп кыжалаттанды. Рустам өзүнө суктана караган көздөргө, кыздардын кыя карап тийишкенине көнүп калгандыктан, кыздын унчукпай турушу ого бетер табышмактуу сезилди. Бирок келбети келишкен бул жигиттен Айдана эмнегедир сүрдөп турду. Алтургай жүзүнө тик багып карай албады. Куду жүрөгүнүн катуу кагып жатканын бирөө угуп койчудай апкаарып жатты.
– Айдана, кайсы жерден түшөсүң?
– Кийинкиден.
– Мен дагы кийинкиден түшөм,- деп Рустам жылмайып койду. Ушул жолугуудан баштап экөөнүн тең жүрөгү бири-бирине жипсиз байланды. Чындыгында, экөөнү байланыштырган көп нерсе бар болчу. Экөө тең атанын мээримин көрбөй чоңоюп, жүрөктөрү жаралуу эле. Айдананын атасы эки жашында автокырсыктан каза болуп калган экен. Эки баласын бооруна кыскан апасы кайрадан турмуш жаңыртып, Айдананы таенеси багыптыр. Анан да экөөнү бириктирген улуу нерсе бул –музыкага болгон сүйүү.
Уулундагы бул өзгөрүүнү биринчи байкаган Айша болду.
– Балам, сага эмне болду?
– Эч нерсе, апа.
– Өңүң купкуу болуп тургандыктан, ооруп калдыңбы десем, андай эместей... Маанайың ачык го, уулум.
– Апа, сизге өзүм эле айтайын деп жаткам... Мен бир кызды жактырып калдым.
Айша жылмайып алды.
«Чоңоюп калдың, уулум. Эми өз жашооң башталат. Кыз сүйүп... Кантсе да жолуң байсалдуу болсо экен...»
– Апа, ал башкача кыз. Билбейм, эмнегедир аны мен өмүр бою билгендеймин. Ушундай сезим да болобу, апа? Азыр эле аны узатып келдим. Бирок кайра көргүм келип...
– Кулунчагым десе.
– Апа, ал сизди өзүнүн апасындай көрөт.
– Анысы го, жакшы. А Айнура бул тууралуу билеби?
Рустамдын азыр эле жаркып турган жүзү бүркөлө түштү. Апасынын бул суроосу анын талуу жерине тийди. Чын эле Айнура кантет? Көп жылдан бери кыз-жигит экени жалганбы? Оо, экөөнүн тааныштыгы тээ бала кезден башталбады беле. Апасынан жүзүн буруп кетти.
– Кызык, мен бул тууралуу таптакыр ойлонбопмун. Айнура анын үстүнө азыр шаарда эмес.
– Балам, ойлонушуң керек. Бирин үмүткөр кылып, экинчисин ээрчитпей тезирээк чечим кабыл ал. Баса, мен дагы сени менен ачык сүйлөшөйүн деп жүрдүм эле.
– Эмне тууралуу?
– Атаң жөнүндө.
– Ал менин атам эмес!
– Балам, ал жалгыз калды. Анын жашында жалгыз жашоо – тирүүлөй кордук. Аны жалгыз калтыра албайм!
– Апа, сиз эмне, аны менен жашайын деп жатасызбы?!
Рустам апасына тигиле карады. Айша карбаластап, көзүн ала кача стулга отура кетти.
– Эмне, бул үйгө алып келесизби?! Аныңызды көрөйүн деген көзүм жок!
– А менин көргүм келип жатсачы?! Мен тууралуу бир жолу ойлонуп койдуңбу?! Өмүр бою эңсеп келген бактымды Кудайым жашым мынчага келгенде берди. Мунусуна да шүгүр!
– Апа, жашоомдо сизден башка эмнем бар?! Мени жалгыз таштап кетесизби?! Ошого күчүңүз жетеби?!
– Ал ооруканада жатат, абалы оор. Врачтар “бир адам дайым жанында болушу керек” деп жатышат. Эми мен ага сенден да көбүрөөк керекмин. Сени эрезеге жеткирдим, чоңойттум, мындан аркы жашооңо өзүң жооптуу болушуң керек, балам. Мен экөөңдүн ортоңдо кыйналып кеттим. Акыры ушундай болгону туура деп чечтим. Мына үйүң, мына жайың. Өмүр бою тапкан-ташыганымдын баары сеники. Болгону, мен анын жанында болушум керек.
– Да-а, Ромео менен Жульеттабыз деңизчи?!
– Качандыр бир кезде мени түшүнөсүң.
Айша жалооруй карап, уулунун чачынан сыламакчы болду. Бирок башын ала качкан Рустам терезеге тигиле берди. Көзүнөн жаш айланып баратканын жашырса да болбой, эки тоголок тамчы жаш жүзүнөн агылып кетти. “Баары бир кетет экен да. Мейли, кетсе. Менден артык болсо, ошонусу менен кете берсин!..” деп жатты ызалуу көкүрөгү.
Кийинки күнү кечинде келген Рустам үй бек экенин көрүп, шаабайы сууй түштү. Кантсе да апасынын кетип каларына ишенбей жаткан. “Кетиптир!” деп алды ичи аңтарылып. Ээн үйдө эмне кыларын билбей, апасынын бөлмөсүнө кирди. Бардык буюмдары ордунда, бир гана апасы жок. Текчедеги китептерин көңүлсүз барактап жатып, ичиндеги саргарган баракка көзү түштү. Апасынын кол жазмасы менен жазылган каттын мазмуну төмөндөгүдөй эле.
“Сени эч качан эсимден чыгарбаганыма таң калам. Экөөбүз башка жолдор менен кетип, турмушубуз башка болгону менен, эсимден эч чыкпадың. Бүгүн сени менен жолугам. Ысык, мээримдүү колдоруң чачымдан сылап, саал күлүмсүрөгөн көзүң менен эркелете карайсың. Мен ошол ысык мээримдин алдында көшүлүп, ысык кучагыңдан эч чыккым келбейт. Сен мени дайым ушинтип эркелетчүсүң. Тумандаган көз карашың алыстарга кадалат. Ушул учурда эмнени ойлоп турдуң экен? Сен дагы мендей болуп бакытты сезет болдуң бекен? Муздак турмушума, кыш түнөгөн жүрөгүмө жаз ыроологонун билет болдуң бекен? Мага деген жакшылыктын үрөнү үзүлбөгөн экен. Бир китептен “азаптан бакыт жаралат” дегенди окуп, таң калгам. Демек, мен сага кайра жолугуш үчүн, сени менен бактылуу болуш үчүн, ошол азаптуу жолду басып өтүшүм керек болгон окшойт. Кечир! Сени танганымды, сендей адам бар экенин танганымды кечир! Асылым ай, аялуу да, армандуу да караган бир көз карашың жанымды бырча-бырча кескилеп жатты. Алсырап турганда жаныңда болуп, сенин бактылуу көздөрүңдү көрүү – мен үчүн бакыт”.
Рустам колундагы бир үзүм катты тиктеп көпкө отурду. Апасынын жүрөгүнө таң калды. «Байкушум ай, сеники кандай жүрөк эле? Кандай мээримдүү, кандай асыл адамсың! Бирок мен сендей эмесмин, кечир, апа! Мен аны кечире албайм! Дүйнөдөгү асылым деп эсептеген сен үчүн да кечире албайм!» Рустам ошол түндү уктабай өткөрдү.
Ошол кечте көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жарыгы өчпөй турду. Иман жаңы эле ооруканадан чыгып, үйүнө келген эле. Ээн үйдө сырдашканы да, сүйлөшкөнү да эски кара пианиносу болчу. Жүрөктү сыздаткан музыка ээн үйгө толуп, куду ээсинин көөдөнүндөгү арманды сезгендей сыздап жатты. Бул учурда Айша дарегин таап келе жаткан болчу. Эшиктин туткасын кармап, коңгуроосун басмакчы болгондо эшик жеңил ачылып кетти. Иман ойноп жаткан экен. Бул обонду Айша мурун эле билчү. Имандын элге өзгөчө сиңген, атагын арттырган ушул обон эле. Бирок мурун жүрөктү эргитип, жаштык кумар, улуу махабат кайрыктарында толсо, азыр ындыны өчүп, кайрылгыс учуп кеткен бакытын таппаган адамдай сыздап жатты. Башын көтөрө берген Иман бир оокумда гана босогого башын жөлөп, өзүн тиктеп турган Айшаны көрдү. Көргөн көзүнө ишене албай, ордунан тура калды.
– Сен келдиңби?! Кайрылып өзүмө келдиңби?!
– Ооба, Иман, келдим.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 397, 11-17-июнь, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан