2012-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи быйыл 7-жолу өткөрүлдү. Бул салтанат сыйлык тапшыруудан сырткары да кызыктуу окуялар менен коштолду. Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматованын алаканынын жана бутунун изи "Манас" кинотеатрынын алдындагы "Атактуулар аянтчасына" түшүрүлүп, "Улуттук кино тармагына кошкон салымы үчүн" атайын "Ак илбирс" статуэткасы ыйгарылды. Буга чейин "Атактуулар аянтчасына" Болот Шамшиевдин, Геннадий Базаровдун, Мар Байжиевдин да алакандарынын изи түшүрүлгөн.
Кеп нугун сыйлык тапшыруу аземине бурсак, "Апамды издеп", "Саякбай", “Кентавр” тасмаларынын ичинен Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы "Мыкты тасма" аталды. "Эркектин мыкты ролу" наамына Азамат Уланов "Апамды издеп" тасмасындагы ролу үчүн ээ болду.
"Элибиздин атактуу актёрлору менен бул номинацияга көрсөтүлгөнүм эле чоң жетишкендик. Номинанттардын тизмесин көрүп, сыйлыкка ээ болом деп ойлогон эмесмин",- деди жашыган Азамат Уланов. Ал эми "Аялдын мыкты ролу" наамын "Кентавр" тасмасындагы ролу үчүн Таалайкан Абазова алды. Андан сырткары кино тартуу майданындагы ар бир иштин мыктылары табылып, чет элден келген конокторго да атайын сыйлыктар ыйгарылды.