ГАЙМОРИТ ЭМНЕДЕН КЕЛИП ЧЫГАТ?
Жогорку дем алуу жолдору мурундун чел кабыкчасын жана мурун жанындагы көңдөйлөрдү жууп-тазалап туруучу былжырды иштеп чыгарып турат. Суукка урунганда мурун чел кабыгы көөп, кан тамырлар ичкерет. Былжыр болсо кан тамырлар ичкерген жерден нары өтпөй калат да, мурун жанындагы көңдөйлөргө топтолот. Топтолгон массада микробдор көбөйөт да, бир караганда «күнөөсүз» болуп эсептелген мурун бүтүү, гайморитке айланат.
Эгер мурун бүтүү, сасык тумоо эки аптадан ашык созулуп, мурундан сүйлөө пайда болсо, жөтөлгөндө мурундун эки тарабында тең оорутуу байкалса, чимкирик жабышкак (илээшме) болсо, анда көңдөйлөр толуп, сезгенүү башталды дей бериңиз.
Гайморит сасык тумоодон сырткары кызамыктын жана башка жугуштуу оорулардын өтүшүп кетишинен да келип чыгат.
Гайморит илимий түрдө «ириңдүү синусит» деп аталат.
АЗУУ ТИШТЕРДИН ООРУСУ ДА ГАЙМОРИТТИ ЖАРАТАТ
Гаймориттин келип чыгышына үстүңкү акыркы төрт азуу тиштин тамырынын ооруганы да себепчи болот. Анткени, мурун көңдөйлөрү азуу тиштердин түбүнө жакын жайгашкандыктан, тиштердин түбү ооруга чалдыкканда микробдор көңдөйлөргө өтүп кетет да, гаймориттик сезгенүүнү жаратат. Андыктан, азуу тиштерди жулууда стоматологдор абайлоолору зарыл.
ООРУ ЭМНЕСИ МЕНЕН КОРКУНУЧТУУ?
ГАЙМОРИТТИН БЕЛГИЛЕРИ
Оорутуу мурундун көңдөйлөрүн, маңдайды, кээде беттин жарымын камтыйт. Мурундан дем алуу кыйындайт, мурундан жыты жагымсыз суюктук бөлүнүп чыгат, көздөн жаш агат, жыт билүү төмөндөйт. Кээде ооруга чалдыккан көңдөйлөр тарап шишийт, калтыроо пайда болушу мүмкүн. Дененин табы курч кармаган гайморитте 38 градуска жетет же андан да жогору болот.
ДИАГНОЗДУ ТАКТОО ҮЧҮН…
Алгач ооруга чалдыккан адамдын ооруга кантип чалдыгып калгандыгынын себеби такталат. Диагнозду так билүү үчүн мурундун жанындагы көңдөйлөрдү рентгенге тарттыруу сунушталат. Үстүңкү жаактагы гаймор көңдөйлөрүнө атайын ийне менен тешүү (пункция) жүргүзүлөт. Анализге деп сордурулуп алынган суюктук текшерүүдөн өткөрүлөт.
ДАРЫЛОО
Дарылоонун ыкмалары бир топ:
а) Оорунун оор же жеңил түрүнө карап, антибиотиктерди вена кан тамырына саюу жүргүзүлүп, ооруну басаңдатуучу дары каражаттары сунушталат.
б) «ЯМИК» синус-кататери колдонулат. Бул аспаптын жардамы менен бир учурда эле бир нече көңдөйлөрдөгү ириңдерди сордуруп алууга болот.
в) Мурун көңдөйлөрүнөн суюктуктар (ириң) сордурулуп алынгандан кийин көңдөйлөргө шприц аркылуу антибиотиктер куюлуп жуулат.
г) Физиотерапевттик процедуралар сунушталат.
д) Оору оор түрдө болсо, анда операция жасалат.
Эскертүүлөр!
Мурунга тамчылатуучу дарыларды туура колдон!
Даярдаган Канымжан Усупбекова