ФАБИОНУН ЭРДИГИН КИМ КАЙТАЛАЙТ?

Бүгүн 11-июнда “ЮАР-Мексика” беттеши менен ЮАРда көптөн күтүлгөн Дүйнө биринчилиги башталат. 1-июндан тарта ага жолдомо алган бактылуу 31 өлкө куду канаттуулар сыяктуу жылуу тарапка, Африканын түштүгүнө уча башташты. Бирок алардын бирөө гана бир айдан кийин жеңиш менен кайтып келет. Биз салтты бузбай, “ЮАР-2010дун” алдынан мелдешке карата даярдыктар кандай болгондугу тууралуу маалымат бермекчибиз.

КАРА КОНТИНЕНТТЕ МАЙРАМ
Ошентип, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу Африкага да жетип барды. Жердин бардык континенттерин кучагына алган мундиаль буга чейин Африкада өтө элек эле. Биринчи болуп мындай бакыт ЮАРга буюруп отурат. Эске салсак, мелдешке кожоюндук кылуу үчүн ЮАР добуш берүүдө ошол тарыхый күнү (2004-жылдын 15-майы) Египет менен Мароккону артта калтырган.

КООПСУЗДУК
Бул – мелдештеги башкы маселелерден. Анткени эл аралык бир катар террордук уюмдар мелдеш учурунда жардырууларды даярдап жаткандыктарын айтып чыгышкан. Буга жооп иретинде жакында Йоханнесбургда полиция кызматкерлери курал-жарак жана техниканы демонстрациядан өткөрүштү.
Мындай иш-чаранын башкы максаты – конокторду коопсуздукту камсыз кылууга күч жетиштүү экендигине ишендирүү. Бул максатта ЮАР чет өлкөдөн унаа, өрт өчүрүүчү жана башка көптөгөн каражаттарды сатып алды. Мелдештин тынчтыгын жалпысынан 44 миңден ашуун адам камсыз кылат.

КИМ КАНЧА СЫЙЛЫК АЛАТ?
Мелдеш алдында айрым өлкөлөр­ кокусунан жеңишке жетишип калышса, алардын канча каражат сыйлыкка ээ болору белгилүү болуп калды. Алсак, эң көп акча испаниялыктарга убада кылынууда. Испаниянын Футбол федерациясы өлкөсү чемпион болсо, ар бир оюнчуга 550 миң евро төлөп бермекчи. Ал эми аргентиналыктардын ар бирине 520 миң евро, бразилиялыктарга 500 миң, англиялыктарга 470 миңден евро убада кылынды.

БЕКХЭМ ЖАНА РОНАЛЬДИНЬОСУЗ ӨТӨТ
“ЮАР-2010дун” алдынан жаракаттын айынан бир катар атактуу футболчулар көптөн зарыгып күткөн мелдештерине катыша албай калышты. Алар – Дэвид Бекхэм (Англия), Диего (Бразилия), Микаэль Баллак (Германия), Рене Адлер (Германия), Майкл Эссьен (Гана), Рио Фердинанд (Англия), Жон Оби Микель (Нигерия), Луиш Нани (Португалия).
“ЮАР-2010дун” “курмандыктары” муну менен токтоп калбайт. “Кара тизмеде” жаракат албаса да, көрсөткөн оюну командасынын машыктыруучусуна жакпай, четтегендер да бар. Алсак, Роналдиньо менен Пато (Бразилия), Франческо Тотти (Италия), Хавьер Занетти менен Эстебан Камбьяссо (Аргентина), Ван Дер Сар менен Рууд Ван Нистелрой (Голландия), Карим Бензема менен Самир Насри (Франция), Маркос Сенна (Испания), Кевин Кураньи (Германия) машыктыруучуларды мыкты оюндары менен ишендире алышкан жок.

КИМ ЧЕМПИОН БОЛОТ?
Испания, Бразилия, Англия жана Аргентина... Дүйнөлүк абройлуу букмекердик кеңселердин божомолдору боюнча, чемпиондукка башкы талапкерлердин тизмеси дал ушундай тартипте жайгашкан. Жакында бул боюнча африкалык көзү ачыктар да өз ойлорун билдиришти. Алсак, нигериялык 78 жаштагы Жон Адатиринин божомолунда, анын өлкөсү чейрек финалга чейин жетип, Дүйнөнүн кубогу Бразилияга буюрат.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Дүйнө чемпиондугуна биринчи жолу өз алдынча мамлекет катары Словакия (Чехословакиянын курамында болгон) жана Сербия (Югославия менен Сербия жана Черногориянын курамдарында болгон) катышат.
  • Ошондой эле биринчи жолу бул чемпиондукка Кореянын 2 өлкөсү – Түндүк жана Түштүк Корея жолдомо алды.
  • Колумбиялык ырчы Шакира менен түштүк африкалык “Freshlyground” тобунун
    “Time for Africa” («Африканын мезгили») ыры “ЮАР-2010дун” расмий гимни болуп саналат.

ОЮНДАР ТУУРАЛУУ
Ар бир тайпадан баарынан эң көп упай топтогон 2 гана команда кийинки баскычка чыгып, төмөндөгү схема боюнча чемпиондук үчүн күрөшүн улантат. Тайпадан чыга албай калган командалар үйлөрүнө кайтууга аргасыз болушат.

“А” тайпасы

11-июнь, 20:00 ЮАР-Мексика
12-июнь, 00:30 Уругвай-Франция
17-июнь, 00:30 ЮАР-Уругвай
18-июнь, 00:30 Франция-Мексика
22-июнь, 20:00 Мексика-Уругвай
высывссы20:00 Франция-ЮАР

“В” тайпасы

12-июнь, 17:30 Аргентина-Нигерия
высывссы20:00 Түштүк Корея-Греция
17-июнь, 17:30 Аргентина-Түштүк Корея
высывссы20:00 Греция-Нигерия
23-июнь, 00:30 Греция-Аргентина
высывссы00:30 Нигерия-Түштүк Корея

“С” тайпасы

13-июнь, 00:30 Англия-АКШ
13-июнь, 17:30 Алжир-Словения
18-июнь, 20:00 Англия-Алжир
19-июнь, 00:30 Словения-АКШ
23-июнь, 20:00 АКШ-Алжир
высывссы20:00 Словения-Англия

“D” тайпасы

13-июнь, 20:00 Германия-Австралия
14-июнь, 00:30 Сербия-Гана
18-июнь, 17:30 Германия-Сербия
19-июнь, 20:00 Гана-Австралия
24-июнь, 00:30 Австралия-Сербия
высывссы00:30 Гана-Германия

“Е” тайпасы

14-июнь, 17:30 Голландия-Дания
высывссы20:00 Япония-Камерун
19-июнь, 17:30 Голландия-Япония
20-июнь, 00:30 Камерун-Дания
25-июнь, 00:30 Дания-Япония
высывссы00:30 Камерун-Голландия

“F” тайпасы

15-июнь, 00:30 Италия-Парагвай
15-июнь, 17:30 Жаңы Зеландия-Словакия
20-июнь, 17:30 Италия-Жаңы Зеландия
высывссы20:00 Словакия-Парагвай
24-июнь, 20:00 Парагвай-Жаңы Зеландия
высывссы20:00 Словакия-Италия

“G” тайпасы

15-июнь, 20:00 Бразилия-Түндүк Корея
16-июнь, 00:30 Кот-д,Ивуар-Португалия
21-июнь, 00:30 Бразилия- Кот-д,Ивуар
21-июнь, 17:30 Португалия-Түндүк Корея
25-июнь, 20:00 Түндүк Корея-Кот-д,Ивуар
высывссы20:00 Португалия-Бразилия

“Н” тайпасы

16-июнь, 17:30 Испания-Швейцария
высывссы20:00 Гондурас-Чили
21-июнь, 20:00 Испания-Гондурас
22-июнь, 00:30 Чили-Швейцария
26-июнь, 00:30 Швейцария-Гондурас
высывссы00:30 Чили-Испания

* – Сааттар Бишкек убактысы менен берилди.
А1 – А тайпасында биринчи орунду ээлеген команда.
В2 – В тайпасында экинчи орунду ээлеген команда.


Жергиликтүү кабарлардан

Футбол

“ЮАР-2010ДУ” КЫРГЫЗСТАНДЫК АЧАТ
ФИФА “ЮАР-2010дун” 1-тур оюндарында майданда кайсы калыстар иш алып бара тургандыгын жарыялады. Кыргызстандык Бахадыр Кочкоров өзбекстандык Равшан Ирматовдун бригадасынын курамында мелдештин ачылыш оюнунда калыстык кыла тургандыгы белгилүү болду. Мекендешибиз канаттагы калыстын милдетин аткарат. Дүйнө чемпиондугунун ачылыш оюнунда 11-июнь күнү ЮАР жана Мексика өз ара беттешет. Ушул жана калган бардык оюндарды түз эфирден Улуттук биринчи канал толук көрсөтөт.

Бильярд

КУБАНЫЧБЕК КАЙРАДАН ЧЕМПИОН
6-июнда Бишкекте өлкөбүздүн кезектеги биринчилиги жыйынтыкталды. КРнын Бильярд спорту федерациясынын машыктыруучусу Ильяз Адамовдун айтымында, мелдешке 4 спорт чебери жана 4 спорт чеберине талапкерлер катышты. Чечүүчү финалдык беттеште Кубанычбек Сагындыков Зайлан Адамовду жеңип алды. Бул Кубанычбектин биринчи жеңиши эмес. Ал буга чейин да бир нече жолу өлкө чемпиону аталган. Ал эми Каныбек Сагынбаев коло медаль менен чектелди.

Эркин күрөш

КОЖОМКУЛДУН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН МЕЛДЕШ ӨТТҮ
Өткөн дем алышта Бишкекте Кожомкул баатырдын жаркын элесине арналган салтка айланган 48-Эл аралык мелдеш аяктады. Анда биздин балбандардан тышкары Казакстан, Тажикстан, Чеченстан, Якутия жана Бурятиядан келген баш-аягы 170тен ашуун спортчулар өнөрлөрүн тартуулашты. Кызуу таймаштын жыйынтыгында өлкөбүзгө 3 балбан алтын медаль алып беришти. Алар – Михаил Захаров (55), Надырбек уулу Улан (60) жана Иннокентий Иннокентьев (66). Калган салмактарда төмөнкүлөр чемпион болушту: Нурлан Бекжанов (74, Казакстан), Жасулан Бейсенбиев (84, Казакстан) жана Аскат Кусепов (120, Казакстан).


Эл аралык кабарлардан

Теннис

НАДАЛЬ ТАККА КАЙТТЫ
Испаниялык Рафаэль Надаль күтүлгөндөй эле Франциянын ачык чемпиондугун (Ролан Гаррос) жеңип алды. Ал мелдештин башынан аягына чейин 7 оюнда атаандаштарына бир да сетти (!) алдырган эмес. Анын финалдагы “курмандыгы” швециялык Робин Содерлинг болду. Бул жеңиш испаниялык спортчунун дүйнөлүк рейтингде кайрадан 1-орунга көтөрүлүп алышына шарт түздү. Ал эми аялдар арасында чемпиондукка 17-талапкер аталган италиялык Франческа Скьявоне сенсациялуу түрдө жеңүүчү болду.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
ЛатыС?
2010-06-18 12:08:48
Оюндар тууралуу график туура эмес экен. Текшерип койгулачы. Откондо принтерден чыгарып барсам туура эмес болуп калды
0
super
2010-06-19 13:48:46
Текшерүү керек!!!
0
passionarXXI
2010-06-22 12:04:47
Айта кетчу нерсе, бул график алдын-ала жарыяланганы версиясы. Мелдештин журушундо ФИФА маанилуу оюндарды кечкиге калтырып, бул тууралуу интернет аркылуу улам жарыялоодо. А гезитке алдын ала берилген графиги чыккан. Анан дагы саатар Бишкек убактысы менен берилгендиктен, ЮАРда кечинде болгон оюн биздин саат менен тунку 00:30да болуп, автоматтык турдо кийин кундун датасы менен берилди.
0
new_hacker
2016-06-15 06:22:25
жакщы
0
№ 397, 11-17-июнь, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан