БАТКАК – ПАЙДАЛУУ ЗАТТАРДЫН КАЗЫНАСЫ

Дары баткак... Бул эл медицинадан түшүнүгү жок кезден бүгүнкү медицина гүлдөгөн убакка чейин колдонулуп келет. Мунун сыры эмнеде? Бул тууралуу Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жайгашкан Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим изилдөө институтунун баткак менен дарылоо адиси Нуржамал Турусбекова биз менен ой бөлүшөт.

КҮНҮГӨ 100 АДАМ ДАРЫЛАНАТ
– Нуржамал айым, айтсаңыз, сиздер баткакты кайдан аласыздар?
– Бизге дары баткак Сокулук районунун Камышановка деген жеринен алынып келинет. Бир алып келгенде 7-8 тонна алып келип, жер төлөдө атайын чоң идишке куюлат. Ага микробдорду өлтүрүүчү дары кошулуп, тазартуудан өткөрүлөт. Анан керегине жараша чекесинен колдонулат.
– Менин билишимче, баткак алгач ысытылып, анан колдонулат...
– Туура. Эртең менен керектүү өлчөмдөгү баткак бөлүнүп алынып, жер төлөдөгү чоң казан сыяктуу атайын аппаратта 35 градуста ысытылат. Андан соң чакаларга куюлуп, баткак менен дарылоочу бөлүмгө атайын лифт менен алынып келинет. Анан пациенттердин ооруган жерине жабылат. Мисалы, боору ооруса боор тушка, буту ооруса бутуна, моюну ооруса моюнуна. 25 мүнөттөн кийин баткак денеден алынып, пациент душка түшүп, анан барып жылуу жатат. Дарыланууда 6-8 процедура сунушталат. Биздин кызматтан күнүгө 100дөй адам пайдаланат.
– Баткак эмнеси менен баалуу?
– Анда Менделеевдин мезгилдик системасындагы заттардын көбү бар. Тактап айтканда, минералдык заттар менен кошо органикалык кошулмалардан (йод, бром, кобальт, органикалык заттар, туз, гипс, карбонат, кальций фосфаты, талаа шпаты ж.б.) турат.
Булардан тышкары баткактын курамында микроорганизмдер бар. 1 грамм баткакта орточо эсеп менен бир нече миллион көзгө көрүнбөгөн организмдерди кездештирүүгө болот. Андыктан баткак «тирүү биомасса» деп да аталат. Микроорганизмдер бөлүп чыгарган калдыктар баткактын дарылык касиетин күчөтөт.
– Дары баткактын түрлөрү барбы же бир түрлүү эле болобу?
– Баткак менен дарылоо медицинада пелоидотерапия (“пелос” – “баткак”, “терапия” – “дарылоо”) деп аталат. Бул кээде комплекстүү дарылоонун ичине камтылса, кээде өзүнчө дарылоо катары сунушталат.

Дары баткактар келип чыгышына жараша:

  • Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын калдыктарынын чөгүндүсүнөн пайда болгон баткак;
  • Чымдуу баткак;
  • Вулкандык баткак болуп бө­лүнөт.

Баткак бат жылып, бирок кеч муздаганы менен айырмаланат.

ШЫПААЛЫК КАСИЕТИ
– Дарылык касиети эмнеде?
– Баткак көптөгөн дарылык ка­сиет­ке ээ:

  • Микробго каршы таасирге ээ. Териге жапкан­да, баткак теринин бетиндеги бактерия­ларды өзүнө сиңирип алат.
  • Иммунитетти чыңдайт. Денедеги ууларды чыгарып, зат алмашууну жакшыртат. Андыктан арыктатуучу күчкө ээ.
  • Сынган жана жарака кеткен сөөктөрдүн бат өсүп, бүтөлүшүн шарт­тайт. Муундардын жакшы иш­төө­­сүнө өбөлгө түзөт.
  • Ички органдардын жана ички бездердин иштөөсүн, кан айланууну жакшыртат.
  • Ооруну сездирбөөчү, дененин шишигин таратуучу касиети бар.

Демек, булардын баары жалпы организмдин чыңдалуусуна, оорулардан айыгууга өбөлгө түзүп берет. Адам кадимкидей жашарып, бети нурданат. Иш­төө жана ойлоо жөндөмдүүлүгү, бел кубаты артат.
– Кандай ооруларда колдону­лат?
– Омуртка-бел оорулары (куяң, белдин грыжасы, остеохондроз ж.б).

  • Муун оорулары (кызыл жүгүрүк, артрит, полиартрит ж.б.).
  • Эркектердин жана аялдардын жыныстык органдарынын оорула­рын­да (простатит, эндометрит, орхит, кольпит ж.б.), тукум­суздукта.
  • Ички органдар: бөйрөк, боор, өт, ашказан, ичеги, табарсык ооруларын­да (колит, ашказан оорусу, пиелонефрит ж.б.).
  • Дем алуу жолдорунун жана өпкө ооруларында (бронхит, пневмония ж.б.).
  • Нерв ооруларында (невралгия, неврит, полиневрит ж.б.).
  • Тери ооруларында (псориаз, дерма­тит, экзема ж.б.).
  • Кулак-мурун ооруларында (гай­мо­рит, тонзиллит ж.б.) пайдаланылат.

– Кандай учурда колдонуу су­нушталбайт?
– Өнөкөт оорулар курчуп турган кезде, буттун венасынын көөп кети­шин­де (варикоз), буттун микоз оору­сунда (грибок пайда кылчу оору), рак оорусунда, жүрөктүн миокард инфарктында.

  • Аялдарда миома, полип оорусу бар болсо, кош бойлуу кезде.
  • Эркектерде урук чыктагыч бездин аденомасында.
  • Кан басым көтөрүлгөн кезде.

БАТКАК АППЛИКАЦИЯЛАРЫ
– Оорунун диагнозуна жараша баткак кандайча жабылат?
– Баткакты жабуу бизде аппликация деп аталат. Мисалы, тизе оорусунда тизе аппликациясы жабылат. Ал үчүн баткак дакинин бетине салынып, анан тизеге жабылат. Үстүнө целлофан коюлат. Моюн аппликациясы деле ушундай.
Биздин курорто­логияда дарылоо бюджеттик жана коммерциялык негизде жүргүзүлөт. Төлөп дарылана турган­дар үчүн баа өлчөмү көрсө­түлгөн. Мисалы, баткакты моюндан буттун учуна чейин 1 жолку жабуу 712 сомду түзөт. Жыныстык органдардын оорусунда баткак трусы кейпинде жабылат, баасы 178 сом. Кол ооруса баткак кол кап сындуу жабылып, 89 сомду түзөт. Дененин үстүңкү бөлүгүнө баткак жабуу «куртка жабуусу» деп аталат. Баасы 356 сом жана башка.
– Маегиңизге рахмат!

КЫЗЫКТУУ
Баткак менен эмдөө байыртадан келе жаткан дарылоо ыкмаларынын бири. Аны Байыркы Египет менен Римде, Индияда колдонушкан. Александр Македонскийдин жарадар жоокерлерин Крымдагы Чокрак көлүнүн баткагы менен дарылашкан. Ал эми Крым хандары баткакты дарылыкка гана колдонбостон, эркектик кудуретти жогорулатуу максатында да пайдаланышкан.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Adiyu
2015-09-02 10:26:05
Кантип кайрылсак болот? Толук турдо адресин, тел. номесин жазып кое аласыздарбы?
0
№ 397, 11-17-июнь, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан