ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАЗА ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР МОЛ ТҮШҮМГӨ ӨБӨЛГӨ!

Узак жылдар бою минералдык жер семирткичтерди (мисалы, суперфосфат, азот, фосфор жана калий селитрасы, аммофос) колдонуудан айдоо аянттары арыктоодо. Алар көп колдонулуп өстүрүлгөн жашылчаларда топтолгон уулуу заттардан ден соолукка зыян келүүдө. Андыктан органикалык ("органика" – организм, тирүү жандык дегенди билдирет) жер семирткичтер менен жерди семиртип, экологиялык таза азыктарды өндүрсөк, ден соолукка зыян келбейт жана чет өлкөгө да сата алабыз.

Органикалык жер семирткичтер кайсылар?
Булар – курамында органикалык кошулмаларды камтыган, адамдын организмине зыян келтирчү уулуу заттары жок жер семирткичтер. Аларга компост (органикалык заттардын чириндиси), өсүмдүктөрдүн чириндиси, малдын жана канаттуунун кыгы, чым көң, саман, жыгач таарындысы жана башкалар кирет.


«КОМПОСТ – ӨЗҮҢ ЖАСАП АЛУУЧУ ЖЕР СЕМИРТКИЧ»
Салижан Закиров, Ноокен районунун Ноокен айылынын тургуну, багбан:
– Компост жерди күчтөндүрүп, түшүмдүүлүктү жогорулатып, борпоң тарттырат. Мен 2 күнөсканамдагы жашылчаларды жана экзотикалык өсүмдүктөрдү компост менен өстүрөм. Аны менен өсүмдүктөр жакшы өсүп, түшүмү жакшы болот. Компостту жасаганды үйрөнүп алып, там артына эккен жашылчасы үчүн колдонгондордун саны көбөйүп баратат. Ал акча коротуп сатып албай, өзүң жасап алчу жер семирткич. Компост жасоону атайын курстан окуп үйрөнүп, жасап колдонуп келе жатканыма 10 жыл болду.

КОМПОСТТУ ДАЯРДОО
– Бул үчүн чуңкур казуу (тереңдиги кийин компостту чыгарууга ылайыктуу болушу зарыл) керек. Болбосо чоң жыгач жашик, темир жашик же тегиз жер деле жарай берет. Алгач түбүнө дарак, бадалдардын ичке шак-бутактары, анан калыңдыгы 15 сантиметрдей болгон саман ташталат. Андан ары малдын, тооктун кыгы (аз кошулат), түшкөн же шактардан сыдырылып алынган жалбырактар, кашек, саман, жыгачтын таарындысы, жумурткалардын майдаланган кабыгы, жаңы чабылып соолуган чөптөр (аз кошулат, болбосо компост кычкыл болуп калат), тамак-аш таштандылары биринин үстүнө бири ташталып, эң үстүнө суу чачылат. Бети клеёнка, картон кагаз же топурак менен бекем жабылат. Үстүн ачып тамак-аш калдыктарын төгүп, кайра жаап коё берсе да болот.
Компостту убак-убагы менен аралаштырып туруу керек. Мындан араларына кычкылтек кирип, жакшы ачыйт. Күн ысык болсо 2 айда компост чирип бүтөт. Даяр болгон компост нымдалышып, өңү каралжын тартып, ичиндеги температура +60 градуска жана андан ашыкка жетип, жылуулук бөлүп чыгара баштайт. Жылуулук чыгып токтогондо колдонууга даяр. Аны жерди айдагандан кийин чачууга да, ошондой эле жакшы өспөй жаткан маданий өсүмдүктөрдүн баарына 15-20 күн сайын чачып турууга болот. Компостту жогоруда айтылгандардын баары болбосо деле, колдо болгондорунан жасай бериңиз. Компостту күздө жасап, кышы менен калтырып жазында колдонсоңуз да жакшы.

«МЫКТЫ ТҮШҮМ АЛАМ ДЕСЕҢИЗ КЫК, ЧИРИНДИ, БИОГУМУСТУ КОЛДОНУҢУЗ»
Кызайым Эргешова, Кыргыз улуттук агрардык университетинин өсүмдүктөрдү өстүрүүчүлүк жана коргоо кафедрасынын доценти, айыл чарба илимдеринин кандидаты:
– Жерди органикалык жер семирткичтер менен байытуунун төмөндөгүдөй да жолдору бар:

Өсүмдүктөр чириндиси
Огородго же талаага чоң идишти (бочка, эски ванна) коюп, ичине суу куюп, үстүнө огородду же талааны отогондо чыккан отоо чөптөрдү сала берсе, ал 7-15 күндө ачып калат. Аны чыпкалап, айдаган, эккен өсүмдүктөрдүн түптөрүнө куйсак же жөөк менен агызсак болот. Муну шартыңызга карап улам жасап чача бериңиз. Эгер ушул ачытманын 10 литрине 40 грамм кир самынды эзип кошуп жиберсек, жер семиртүү менен кошо өсүмдүк зыянкечтерин да кошо жоготкон болобуз.

Кык
Кык – жер кыртышын органикалык заттар менен байытып, андагы нымдуулуктун жана температуранын бир калыпта сакталып турушун камсыздайт. Анын курамы өсүмдүктөргө керектүү микроорганизмдерге, кобальт, азот, фосфор, калий, жез, бор сыяктуу химиялык элементтерге бай. Кыктардын көп колдонулуучу түрлөрүнө кайрылалы.

Жылкынын кыгы. Бат чирүүчү кык. Топуракты жакшы жылыта тургандыктан көчөттүн, уруктун батыраак өсүп-өнүгүшүнө шарт түзөт. Жаңы кыгы өсүп жаткан ашкабак, коон, дарбыз, патиссон, кабакча, бадыраң сабактарынын түптөрүнөн бир аз алыстыкта ташталат. Бул кошумча азыктандыруу болуп саналат.

Уйдун кыгы. Жерди жылкыныкынан бир аз начарыраак жылытат. Жашылчаларга жаңы кыгынын суудагы эритиндиси кошумча азык катары берилет. Ал үчүн 100 литр сууга 10 литр кык салынып, эритилет. Ар бир өсүмдүктүн түбүнөн 10 сантиметрдей аралыкта чуңкурча казып, ошол жерге 50 граммдан куюп, үстүн топурак менен жаап коюу керек (бууланып учуп кетпеши үчүн). Өсүмдүк аны тамыры менен соруп алып, бат өсө баштайт. Муну ар 15-20 күндө кайталай берүүгө болот.

Койдун кыгы. Өзгөчө күчтүү кык, жерди мыкты азыктандырат. Жаңысы өсүмдүктөрдүн тамырын күйгүзүп кетет.

Тооктун кыгы. Мунун күчү чачылган жерде 1,5 жылга чейин жетет. Анткени мында азот, калий, фосфор жана магний башка кыктарга караганда 3-4 эсе көп. Жаңысы өсүмдүктөрдүн түбүн күйгүзүп жиберет. Тоок кыгынын ачытмасы өсүмдүктөргө, анын ичинен жашылчаларга кошумча азык катары жүрөт. Бул үчүн 5 килограмм кыкты чоң идиштеги 100 литр сууга салып, 7-10 күн ачытып коюу керек. Бети бекем жабылат. Анан жашылчанын сабагынан 10 сантиметр жерден чуңкурча казып, ошол жерге 50 граммдан куюп, бетине топурак шилеп коюу зарыл. Муну ар 20 күндө кайталоого болот.
Жер айдоо алдында 1 гектар жерге жердин арык-семизине жараша чириген кыктардан жылкыныкы 50-60 тонна, уйдуку 20-60, койдуку 5-20, тооктуку 1-5 тоннага чейин чачылат.

АРАЛАШМА КЫК
Уй, жылкы, кой, тооктунбу, айтор, колдо бар чириген кыктарды аралаштырып мүшөккө салып, капты сугарылып жаткан жөөктөрдүн баштарына таштап коюу кажет. Суу менен эрип жана агып жашылчаларды, же башка маданий өсүмдүктөрдү азыктандыра берет. Эгер жер арык болуп өсүмдүк начар өсүп жатса, муну 15-20 күндө кайталай бериңиз.

БИОГУМУС
Биогумус – бул айыл чарбасынын органикалык калдыктарын сөөлжан аркылуу кайра иштетүү менен алынган жер семирткич. Түшүмдүүлүктү 15-20 пайызга жогорулатат. Биогумусту ар ким өзү сөөлжандарды сатып алуу менен багып көбөйтүп жасап алса болот. Болбосо даярын сатып алууга да мүмкүн. Биогумусту мен өзүм колдонуп, жашылчаларды өстүрүп жүрөм. Помидор, жүгөрү, бадыраң дегендер абдан көп баш байласа, картошканын 1 түбүнөн бир чакага чейин аласың. Көчөт отургузууда жана урук себүүдө чуңкурчаларга алар менен кошо 150 граммдан салынат. Кошумча азык катары жөөктөргө 1-2 сантиметр калыңдыкта чачылат. Муну өсүмдүк өсүп жаткан кезде деле кайталаса болот. Топурактын асылдуулугун жогорулатуу үчүн 1 чарчы метр айдоо жерге 1-2 литр биогумустун эритмеси (биогумусту сууга кошуп) чачылат. Биогумус берилген жашылчалар башка жашылчаларга караганда 2 аптадай эрте бышат.
Жогоруда айтылган жер семирткичтерден тышкары Кыргызстанда биологиялык суюк жана упа түрүндөгү каражаттар да бар. Алар жер кыртышындагы пайдалуу микроорганизмдерди көбөйтүп, өсүмдүктөрдүн бат өсүшүн камсыз кылат. Аларды базарлардан сатып алууга болот.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Jin1209
2018-05-15 11:41:44
Рахмааат супер инфо мага аябай керек болуп атты эле
+1
№ 810, 11-май -17-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан