Альбина Имашова, актриса: «АТАЛАР КЕРЭЭЗИ» ТАСМАСЫНДА МЕНИН РОЛУМДУ БАШКАГА БЕРИП САЛЫШЫП, ДЕПРЕССИЯГА КАБЫЛГАМ»

– Альбина, саламатсызбы? Актрисалык жөндөмүңүз бар экенин кайдан, качан байкадыңыз?
– Мектепте окуп жүргөндө математика, физика сабактарына жакын элем. Актриса болом деген ой үч уктасам түшүмө кирген эмес. Актан Арым Кубат Тоң районундагы мен жашаган Карл Маркс айылына барып, 7-8-класстын окуучулары үчүн кастинг кылды. «Беш кемпир» тасмасына Айнура деген кыздын ролуна ырдап берип өтүп кеттим.
Классыбыздын эң узуну мен болчумун. Балдар, кыздар тизилгенде башым чыгып калчу. Боюмдун узундугунан уялып, бүкүрөйүп «мен деле эмнеге кичинекей жаралган жокмун?» деп жүргөн кезим эле. Камеранын алдында аябай сүрдөгөм. Ал кезде кинолор борбордо кинотеатрда көрсөтүлчү, кандай тартылганымды көргөн жокмун. Азыркы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине тапшырарда агайлар «бул «Беш кемпирге» тартылган кыз турбайбы» дешсе, «мени деле адамдар көрүшкөн турбайбы» деп сүйүнгөм.

– Окуучу кезде боюңуздан уялып бүкүрөйүп жүрсөңүз, качан түзөлдүңүз?
– Бойдун узундугу сулуулукту толуктаарын студент болгондо түшүндүм. Агайлар да «бойду ар кимге эле бере бербейт» деп көп айтышты. Тилим да начар эле, бат-баттан сүйлөп, аягын жеп койчумун. Кыскасы, студенттик күндөр мени көп нерсеге тарбиялады. Ал кезде жыл сайын «Студенттик кечтер» деп иш-чара уюштурчубуз. Кыргыз драма театрынын сахнасында даярданып, мен массовкада ойноп калдым. Ошондо улуу артисттер байкап калышса керек, 2-курска көчүп калганда Айжан Акылбекова экөөбүздү театрга жумушка чакырышты. Ошол жылдары жолдошум Арнис менен да тааныштым.

– Жолдошуңуз экөөңөрдү эмне бириктирди?
– Экөөбүзгө тең жаккан тема таптык окшойт, жактырышып кеттик. Үйлөнгөнүбүз да кызык болду. Арнис мен окуган окуу жайда 2 курс төмөн окучу. Үйлөнөрдө тайпалаштарыбызга дасторкон даярдап, жаштардан бата алдык. Анан менин курбумду ээрчитип алып автобекетке барып, маршруттук такси менен Түп районундагы Долон айылына жөнөдүк. Канчалык эрте чыкпайлы, январь айы болгондуктан кеч кирип кетти. Долон айылы чоң трассадан 13 километр алыста экен, өзүнчө машина жалдашыбыз керек эле. Биздин машина чоң трассага эле бармак. Түнкү саат 1-2 болуп кеткен, Арнис айдоочудан «байке, биз үйлөнүп айылга бара жаттык эле, үйүбүзгө жеткирип коёсузбу, бул жерде көчөдө калсак болбойт го» деди. Айдоочу жүргүнчүлөрдөн сураса баары макул болушту. Ошол жүргүнчүлөргө ыраазыбыз.

– Актёрлор арасында атаандаштык тымызын да, ачык да болуп келген дешет, байкаган учуруңуз болдубу?
– Билип-билбей, мүмкүн, бут тосуп алгандырмын. Бирок мага бут тоскон адамды байкай элекмин. Мурун актёрлор театрда гана эмгектенишип, роль талашып калган учурлар көп болгон. Азыр театрда, кинодо иштейбиз, окуу жайларда сабак беребиз, кечинде тойго чыгабыз. Кыскасы, «эмнеге тиги менин ролумду алып алды?» деп ойлонгонго убакыт жок. Бирок кинодо болушу мүмкүн. Менин турмушумда бир окуя болгон. Нурбек Эген тарткан «Аталар керээзи» тасмасына барып, бир келиндин ролуна кастингден өткөм. Режиссёр менен макулдашып үйгө кетсем, менин ордума башка актрисаны бекитишиптир. Аны да мага башка бир актриса айтты. Ошондо катуу депрессияга кабылгам.

– Режиссёрго барып, «сиз мына мени издеп жатасыз. Бул ролду мен ойной алам» деп айта аласызбы?
– Театрда ошентип айтууга болот. Бирок кинодо анте албайм. Сценарийди окуп турсаң да кандай чыгарарыңды элестете албайсың.

– Кесибиңиз үчүн курмандыкка барган учур болду беле?
– Жумуш деп, улам бир спектакль бүтсүн деп жүрө берип 2 кызымдын ортосу 8 жаш болуп калды. Кечээ жакында эле Улуу Британиядан келген режиссёр айым Сара Берджер Шекспирдин «Макбет» спектаклин койду. Башкы каарман Макбеттин жубайынын ролун ойнодум. Ал аңгыча Сүйүн Откеев «Мегатой» тасмасынын экинчисин тартам деп калды. Өзүңөр билгендей, ал тасмада жеңенин ролун ойнободум беле. Бирок экинчисин түнү тартат экен. Күндүз спектаклде иштесем, түнү менен киного тартылсам ден соолугумду курмандыкка чалчудаймын. Андан көрө бирин эле мыктылап иштейин деп, ичим күйүп жатса да баш тартууга туура келди.

– Акыркы учурда Умай эне болуп тойлордо кызмат кылып жүрөсүз, Умай эненин образын улгайып калгандар ойногонуна көзүбүз көнүп калыптыр.
– Тойлордо Умай эне болуума өкүл энем Калича Сейдалиева түрткү болду. Эже бир жолу буюртма алып койгон тоюна жетишпей калып, мени барып кел деди. Мен башында "жаш болуп калам го" деп уялдым. «Умай эненин жашын ким билип коюптур? Умай эне дегенде адамдар сулуулукту, улуулукту элестетишет. Элге батаң тийсе болду. Жаштын тилегин берет» деп болбой көндүрдү.

– Ставкаңыз канча?
– Бекерден 100 долларга чейин. Той ээлери канча берейин десе ала берем, соодалашып көргөн эмесмин.

– Эркектерге аялынын атактуу болуп кетиши жакпайт дешет, силерде ошол нерсе байкалабы?
– Арнис андай нерсесин көрсөтпөйт. Сыйлык жагынан меники көп го. Кандай сыйлык албайын Арнис өзү алгандай сүйүнөт. Үйдө тынчтык, колдоо болбосо эркектен озунуп эч качан чыга албайсың. Ушул сыйлыктар экөөбүздүн сыйлыгыбыз. Арнис дайыма «аял киши алсыз болот. Аял кишини түртмөлөп туруш керек. Мен сыйлыкты башыма үйүп алып эмне кылам?» деген сөздөрдү көп айтат. Атаандашуу болсо акырын эле «экинчи кызың алтыга чыгып калды, отур, төрө» деп отургузуп коймок да.

– Кыздарыңыз актриса болушу мүмкүнбү?
– Улуусу Мадалена да, кичүүсү Арууке да чыгармачылыкка жакын. Бирок алардын бул оюн колдобойт элек. Анткени түйшүктүү жумуш.

– Улуу кызыңыздын аты өзгөчө экен, сиздики да кыргыздардыкына окшобойт. Атыңызды ким койгон?
"Альбина деп орус ырчысынын атынан койгом" деп атам айтып калат. Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулгам. Апам ошол жерде китепканачы, атам мугалим болуп иштечү. 6-7 жашка чыкканда ошол эле райондогу Карл Маркс айылына ата-энемдин жумушуна байланыштуу көчүп келдик. Ошол жерде балалыгым өттү. Мал кайтарганды, кезүүдөн келгенде жем-чөп бергенди жакшы көрчү элем.

– Рахмат маегиңизге.

"Арнис экөөбүздүн ортобузда атаандашуу жок. Үйдө тынчтык, колдоо болбосо эркектен озунуп эч качан чыга албайсың".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Актриса Альбина Имашова: “Театрда жолдошум менен эне-баланын ролун ойногонбуз”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
vikidiki
2018-05-15 19:13:17
Озунчо эле "ходячий"позитив да. Мага аябай жагат.
+5
Beknur10
2018-05-15 21:57:33
Ээээ кодойбочу деген жери зор ла
+5
nureles70
2018-05-15 22:30:03
Ишинизге ийгилик таланттуу жакшы актриса.
+5
jdn11
2018-05-16 07:49:02
мен суйгон актриса. акыркы кезде ушул актрисаны абдан сыйлап журом
+5
monster_high_98
2018-05-16 10:37:36
Кыргызстандагы эн мыкты актрисалардын бири аябай жагат, ушул эжеде чыныгы талант бар!Башка эптемей актрисаларга караганда!Ишинизге ийгилиик!!
+6
kanu
2018-05-17 03:40:28
Сонун эже бактылуу болсун,супсулуу го табигий сулуулук,актриса деп ушул эжени айтыш кк.
+3
RICH.
2018-05-17 03:41:25
Бул эже озу канчанчы жылкы?
-1
Gena1
2018-05-17 12:51:59
Буга чейин мунозун башкача элестетип келгем. Корсо такыр мактанбаган, созду орду менен суйлогон, ойсондобогон татынакай эже экен. Азыркы маегинен кийин дагын-дагы сыйлап калдым. Азаматсыз эже!
+5
Kara-kulzha
2018-05-17 13:47:36
Өтө жогорку денгээлде ойнойт. Мегатойдо кинонун көркүн ачкан.
+4
jaskaaa
2018-05-17 15:50:57
Профессор Жоомартгоо. Ишинизге ийгилик
0
Birimdik5555
2018-05-19 23:16:52
jaskaaa,
0
Farhat25
2018-05-17 23:43:09
Заманыбыздын мыкты актрисасы десем жанылбайм. Биз кыргыздар таланттарыбызды сыйлаганды уйронуп бараткан окшойбуз.Ал эми талантты жок Анжелика манжеликалар симулянттар
+6
Alin16
2018-05-18 16:50:08
Таланттуу актриса, жолдошу Арнис "ДЭМ" театрда жалан кыздардын ролун сооонун аткарат)))), "ДЭМ" театрынын концеттерин кутуп журуп барабыз. Ийгилик силерге!!!
+3
milashka_moia
2018-05-20 15:59:02
Соонун эже ачык айрым суйлогон. Аябай сыйлайм, ишинизге ийгилик каалайм. Дагы да кооп коп тасмалардан кутуп калабыз. Уй-булоолук бакыт каалайм.
+2
Nazyk
2018-05-21 08:51:26
Сулуу эже экен,ишинизге ийгилик.
+2
mamatkerim
2018-05-22 16:57:37
Дерзкая жене-азамат. Сонун актриса.
0
№ 810, 11-май -17-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан