"АК КЕМЕ" КИНОСУ ЗАМАНБАП ТАРТЫЛАТ

Легендага айланган «Ак-Кеме» тасмасы кайра жаңыланып заманбап болуп тартыла турганы маалым болду. Тартуу иштери ушул жылдын август айларында башталат. Режиссёру Артык Сүйүндүков жаңы «Ак кеме» тасмасы тууралуу буларды билдирди:

– Бул долбоор азыр ойлонуп табыла калган нерсе эмес. Кеминде 20 жылдан бери бышырып жүргөм. Чыңгыз Төрөкулович көзү тирүүсүндө эле сүйлөшүп, тасманы жаңылап тартуу идеясын сунуштагам. Түркиядан Кара деңиздин боюнан тарталы дегенбиз. Бирок каражат маселеси чечилбей, идея артка жылган. Азыр бул маселе чечилди, тасманы "Кыргызфильм" тартат. Мазмуну, идеясы ошол боюнча калат, бирок заманбап кылып өзгөртөбүз. Жомоктун өзөгү Алтай тараптан тартылат, туман, карагай сыяктуу жерлерин Түркиядан тарталы деп жатабыз. Калган бөлүгү Кыргызстанда тартылат.

Эскерте кетсек, "Ак-Кеме" тасмасы 1976-жылы тартылган.



star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Атасынын баласы
2018-05-15 13:00:49
Ушуну жон эле койбойсуздарбы?! Ак кеме фильми жакшынакай бойдон эле эсте калсын. Бизде кобунчо артыктын арты тыртык болуп калчу эле...
+3
Kalemkash
2018-05-15 16:34:16
Атасынын баласы,Артык агай Чокморовтор менен иштеп жургон мыкты режиссер. Тартуу жагынан кам санабагыла
+1
taalay25
2018-05-15 13:07:07
Кыргызстанда баяндалган окуяга Туркиянын не тиешеси бар деймин да. Же Ысыккол соолуп калса бир жон.
+8
rafo80
2018-05-15 14:06:32
Мен Ак кемени башкача элестете албайм мисалы учун, просто бузуп салышат жаны тартабыз деп. Ал акчага башка нерсе кылса болбойбу эмне?
+3
ola
2018-05-15 22:58:57
Эски ырларды чыйпыйын чыгаргандай эми киного отуштубу
+2
monster_high_98
2018-05-16 10:32:08
Ошондо заманбап тартканда орусча аралаштырып азыркы заманбап элдерге окшоп,,кыргызча орусча чалдырашабы ,кандай болот ошондо же ортосунда реп айтабы,озу илгерки окуя болгондон кийин ошол кино боюнча эле кала берсин да,башка нерсени тарткылачы ошого окшотуп
0
Sezimim...
2018-05-18 15:21:40
Ак кеме киносу бала кезден коруп жургон эн жакшы кинолорубуздун бири.Бул кинонун башкача вариантын корсом да кабыл ала албайм.Анткени мен Ак кемени башкача элестете албайм.Ак кеме " Ак кеме" болуп ан- сезимиме балалык кезимден синип калган.Жанылап тартуусунун себебин тушунбойм.Анткени бул кино 100% толук ...тартылган .Тек койбоптур...
+1
Jeki95
2018-05-18 22:51:56
Ак кемени азыркы замандын техникасы менен тартканы жатышат окшойт. Биринчи кино чыксын анан эл озу таразалап алат.
0
Siren90
2018-05-20 17:26:06
Башка олколордо деле тартат го ремейкин, эмне экен жакшы го
0
№ 810, 11-май -17-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан