2018-ЖЫЛДЫН БИРИНЧИ ЧЕЙРЕКТЕГИ ӨНДҮРҮШТҮК ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

“Centerra Gold Inc.” («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2018-жылдын биринчи чейректеги өндүрүшүн жыйынтыктады. КГКда үч айда 100 220 унция же 3117,19 килограмм алтын өндүрүлүп, 1,97 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрү которулган.


АЛТЫН ӨНДҮРҮҮ ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮ
2018-жылдын биринчи чейрегинде 100 220 унция алтын өндүрүлгөн (салыштырсак, 2017-жылы ушул мезгилдин көрсөткүчү 127400 унция).
Өндүрүштүн төмөндөшү фабрикада Сары-Төрдөн алдын ала кампага топтолгон жарды кен иштетилген, ал эми өткөн жылы ушу мезгилде фабрикага борбордук карьердин №17 участогунан келип түшкөн байыраак кен иштетилгени себеп.
2018-жылдын I чейрегинде 116 919 унция же 3,64 тонна алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2018-жылдын биринчи үч айында 153 миллион долларды түзгөн.


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КАЗЫНАСЫНА ТӨЛӨМДӨР ЖАНА БАШКА МИЛДЕТТҮҮ КОТОРУУЛАР
2018-жылдын алгачкы үч айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 1,97 миллиард сомдон ашты.

2018-ЖЫЛГА БОЖОМОЛ
“Кумтөр” ишканасында 2018-жылы алтын өндүрүүнүн көлөмү 450-500 миңдей унция же 14,15-15,55 тонна болмокчу. Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор ар бир сатылган унциясына 733-815 доллар өлчөмүндө күтүлүүдө. “Кумтөрдө” 2018-жылы жалпы капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерин кошпогондо) 63 миллион доллар өлчөмүндө пландаштырылууда. Негизги фонддорду колдоого 49 миллион доллар көлөмүндөгү чыгымдар негизинен оор тоо-кен техникасынын капиталдык оңдоо-түзөө жана алмаштыруу иштери менен байланышкан (42 миллион доллар). “Кумтөрдөгү” өнүктүрүүгө жумшоолор 2018-жылы 14 миллион доллар суммасында пландалууда жана көбүнчөсү калдыктарды сактоочу жайдын дамбасынын курулушу менен байланышкан (9 миллион доллар). 2018-жылы карьерди иштетүүдөгү кыртыш ачуу иштерине капиталдаштырылган жумшоолордун акчалай курамы 2018-жылы жалпысынан кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга бөлүнгөн 168 миллион доллардын ичинен 122 миллион доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

“ЖАРАКАТСЫЗ ИШТЕГЕНГЕ АРАКЕТ КЫЛАБЫЗ”
«Центерранын» президенти жана башкы кызмат адамы Скотт Пери 2018-жылдын биринчи чейрегинин натыйжаларына мындай комментарий берди: «Мен биздин Work Safe - Home Safe коопсуздук программасы менен компаниянын бардык өндүрүштүк бөлүмдөрү камтылганын билдирүүгө кубанычтамын жана эми биз иш орунундагы нөлдүк жаракат маселесин чечүүгө чыгабыз. Биз эмитен эле эмгектин коопсуздугу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруудан алгачкы оң натыйжаларды көрүп жатабыз: 2018-жылдын 11-апрелинде “Кумтөр” кен ишканабыз көрүнүктүү көрсөткүчкө жетишти, ал бүт жыл бою 6 миллион адам-саат убактылуу эмгекке жөндөмдүүлүктү жоготуу менен бир да жаракатсыз иштешти».


Пресс-релиз толугу менен
www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү
@kumtorgold
@KumtorKG

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 811, 18-май -24-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан