ЭГЕР АЛАР МУЛЬТФИЛЬМДЕГИ КААРМАН БОЛУШСА...

Балалыктан өткөн кезде деле жаш балдар менен талашып мультфильм көргөндөн тажабайбыз. Андагы каармандарды чыныгы турмуштагы адамдарга окшоштуруп көрдүңүз беле? Биз бул жолу атактуулардын мүнөзүн, жүрүм-турумун анимациялык тасмалардан издеп көрдүк. Албетте, тамаша иретинде.

ШРЕК ДА, КАМЧЫ ДА СҮЙҮҮГӨ ТУРУКТУУ

Өңү жүрөктү түшүрсө да, чоң-кичине дебей баарыбыз сүйгөн мультфильмдеги каарман Шректен кеп баштайлы. Ал боорукер, ак пейил, жароокер жана жөнөкөйлүгү менен сүйгөнү Фионанын жүрөгүн багынткан. Шоу дүйнөдөгүлөрдү байкап, биз ди-джей жана актёр Камчы Сарыбаевди Шрекке окшоштуруп салдык. Камчыке көлөмү эле эмес, ички сапаттары менен да Шрекке окшош экен. Шрек чоң болгону менен, кээде таарына түшөт, кээде жаш балача ойноп да кетет. Актёр байкебиз да болпоюп чоң болгону менен, бала кыял жайы бар. Бирок бала кыялданып отура бербей, үй-бүлө маселесин бир заматта жайгарып таштайт.
Жеңекебиз таттуу тамагын талбай жасап, күндө эрте келеби, кеч келеби жылмайып тосуп алганы да бекер эместир. Айта кетчү нерсе, Камчынын “бир эле юбканы жактырган” мыкты сапаты бар. Мындай жигиттерди кыздар жактырат да. Мына, Фиона деле сулуулугунан баш тартып, Шрекке окшошуп албадыбы. Айтор, окшоштук жактары көп эле окшойт.


БЕКЧОРОНУН ТҮГӨЙҮ СӨЗСҮЗ КӨЗ АЙНЕК
ЖАКТЫРЫШЫ КЕРЕКПИ?

“Муз доору” мультфильминдеги кечке эле эмендин жаңгагын кубалоо менен убара болгон Скретти билесизби? Бул каарманды биз Бекчорого окшоштурдук. Себеби ырчы жигитибиздин көз айнектерди көргөндө эки көзү төрт эмес, алты да болуп кетери айтылып эле жүрөт. Бирок көз айнектерди эле чогулта бербей, жаңы ырлардын үстүндө иштесе жакшы болор эле, шоунун шорпосуна эл менен чогуу кайнап. Ал эмес көз айнек сатып алып жүрө берип кыздарды да байкабай калып жатат окшойт. Ким билет, балким, көз айнек менен “ооруган” кызды таап алып, ошону менен жанаша басып жүргөн болбосун...


КАНАТТАЙ КАМКОР “АТА”
КӨРДҮҢӨР БЕЛЕ?

“Муз доорунун” 4-бөлүмүндө динозаврдын жумурткаларын таап алып, “бул менин балдарым, эс кимге бербейм” деп боорду эзе чулдураган Сидди баарыбыз тааныйбыз. Ал өзүнөн 10 эсе чоң болгон динозаврдын балдарын өзүмдүк кылып алган эр жүрөк, мээрман апа. Биздин арабыздан да, көрсө, Сидди элестеткен “апа” бар экен. “Ал ким?” деп турсаңыз, көп жигиттердин продюсери Канат Култаев. Анын Мирбек, Даниэль, Алиханды жел боло калса эле канатына калкалап турмай сапаты бар. Кийин үчөөнү тең бала кылып, Сиддей болуп чыныгы ата-энесине ыраа көрбөй, “балдарымды бербейм!” деп чыкпаса эле болду.


СЪЕЗДБЕК МЕНЕН ЗАМИРДИН ДОСТУГУНА
КӨЗ ТИЙБЕСИН!

“Падыша арстандагы” курт-кумурсканы бырсылдата жеп, жашоосу жашыл майсаң болгон Тимон менен Пумбаны унута элексизби? Алар сел каптап келе жатса да «Хакуна матата!» деген девиз менен жыргап-күлүп жүрө беришет. Булардын достугу кынтыксыз. Мына ушундай эле бекем достор, дайыма уурттарынан жылмаюу кетпеген ырчылар Съездбек Искеналиев менен Замир Арыкбаев. Дос деген ушул да, Съезд концерт берерде Замир буту үзүлгүдөй чуркап, кем-карчын карыздап болсо да таап берет. Ал эми Съездбек болсо, досу жөтөлүп калса балына чейин көтөрө чуркаганга маш. Эмнеси болсо да экөөнүн достугу башкаларга үлгү болуп, колтукташа басып жүрө беришсин дейбиз.


ГҮЛАНДА ЧЫН ЭЛЕ ХАНЗААДАСЫН ТАПТЫБЫ?

Кадимкидей беймаза болуп, аягына чыккыча бир дем менен көргөн “Мокочо менен сулуу кыз” мультфильмин көрбөгөн жан жок болсо керек. Мокочонун кейпин кийгени менен чыныгы ханзаадага айланган каарманга биз Айбек байкебизди окшоштуруп койдук. Бир көргөндө көп деле өзгөчөлөнбөгөн ырчыга кыздар кыркалап тийишет. Оу-у, көрсө, сырткы сулуулук эмес, ички сулуулук күч турбайбы. Байкап көрсөк, Айбек Карымовдун “тизмесиндеги” кыздардын баары эле сулуулар сынагына катышчу бийкечтер экен. Мына, Гүланданы эле алалы. Алгачкы тунук, аппак сүйүүсүн Айбек байкеден таппадыбы. Ошого айтылып жүрөт да, “сүйүү жаш-карыга карабайт” деп...


ЗОЛУШКАДАЙ БАКЫТЫН ТАПКАН КЕНЖЕ

“Золушканы” биз гана эмес, биздин чоң энелерибиз да сүйүп көрүшөт. Кээ бир селкилер өздөрүн Золушкага салыштырып, эки жакка көз чаптырбай боз атчан ханзаадасын күтүп жүрө беришет. Бирок баары бир жомоктогудай сүйүүсүнө жолугат. Мына, даана мисал, тамакты даамдуу жасаган, сахнада сынга алдырбаган Кенже эжекебиз жакында эле ханзаадасына жолугуп, учурда бактылуу күндөрдү башынан өткөрүүдө. Ий, баса, мультфильмде Золушканын өгөй энеси өтө катаал аял эмеспи. Ал эми Гүлшайыр эже анын тескериси. Бирок темирдей тартип жагынан окшоштугу бар. Эгер “Золушканы” жазган автор кыргыз аялдарынын образын же Гүлшайыр эженин образын алса, мультфильмдеги өгөй энени өтө жаман көрмөк эмеспиз.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 397, 11-17-июнь, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан